Деген аталыш “Эки жүрөк” аттуу акындын ырынын саптарынан, жолдошу Мамат Сабыровго арналган ырынан алынган. Ал ырды толугу менен маектин ичинен окуй аласыздар. Динара Бейшеналиева да, жолдошу да белгилүү журналист. Динара айым акын болсо, Мамат Сабыров жазуучу.
Динара айымдын жакында эле кезектеги “Алтын таажы” аттуу жаңы китеби жарык көрдү. Буга чейин “Турна бийи”, “Кызыл алма”, “Өлүп тирилген кыз” жана башка ыр, проза жыйнактары чыккан. Акын айым ар бир суроого башкача бир оригиналдуу жооп берди.
— Динара айым, “Алтын таажы” аттуу жаңы көлөмдүү ырлар жыйнагыңыз чыгып, баш сөзүн Кыргыз эл жазуучу Султан Раев жазган турбайбы. Китебиңизден кеп салсаңыз?
— Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн, баш сөздөн кичине үзүндү келтирүүнү туура көрүп турам. “…Бу дүйнөдөн ажырым ойду көрсөм, жаңы планетти ачкандай болом…Өзүм үчүн.. Чын. Чын эле?!… Бу кептин баарын, бу ойдун баарын бороондой ала сапырган Динара Бейшеналиеванын ыры болду. Ырдын кудуретин билээр элек. Алптын далайын окудук. Бизди таң калтырыштын өзү да машакат белем?.. Машакат чыгаар… Машакатты биздин башыбызга “үйүп” салган бул ыр түрмөктү окуп жатып сездик. Адамдын чыныдай дүйнөсүнө чыркыраган бу ааламдын чындыгы кантип батты?.. Аны түшүндүрүү бизге кыйын. Динара бу арада эмне себеп, эсепсиз ойдун эсеңгиреткен ойлору менен алышып калды. Бу туюмбу? Бу сезимби? Бу аянбы?.. Дүйнөнүн чындыгы адамдын тамыры аркылуу келет… адамдын жаны жүрөктө эмес, ошо дене-бой чачырап кеткен тамырда жашайт. Динара бу аалам сырларын жантамыры аркылуу кабылдап, мөндүрдүн көзүндөй чындык жандүйнөбүзгө суроо салып отурат. Суроо көп дүйнөдө жооп издөө кыйын. Динара бу — туюмдун акыны, сезимдин акыны, өзгөчө бир галактиканын акыны. Жанындабыз… байкабайбыз… Ырлары мени аргасыздан ушул ойлорго түртүп салды… Жаныңдагы кубулушту түшүнмөйүн дүйнөлүк кубулушту түшүнбөйсүң. Адамдын дүйнө таануу мейкиндиги да суроодон жаралган. Биз да Жараткандын суроосуна жооп издеп келебиз… Ошо жооп издеген аракетибизде дүйнөгө кайдыгер эмес көз караш жашайт. Ошол көз карашты Динаранын ырларынан сездим-туйдум. Анткени жандүйнөбүздүн Одасын ырга салып отурат. Ал Ода Сизге, мага баарыбызга кайрылган чулу чындык. Ошо чындыкты Динара издеп келет. Чак түштө… Көкүрөк чырагы менен…”,- деп жазган Султан Раев. (Күлүп) Өтө мактап салыптырбы?
— “Алтын таажы” поэмаңыздын жаралышына токтоло кетсеңиз? Окурмандардан кандай сөз угуудасыз?
— Бул ыр жыйнагымдын жарык көргөнүнө бир ай боло элек. Окурмандар тарабынан жылуу пикирлерди жаратып жатат. Бул поэмамды жазып жатканымда чарчаганымды сезбей, күндөп-түндөп иштедим. Ырларым көкүрөгүмдөн толуп, ашып-төгүлүп, таң агара электе кайра эле ыр үстөлүмдө отуруп калам. Жүрөгүмдүн кубанганынан, толкуганынан учуп калгансыйм. “Эмнеге?” деп өзүмө өзүм суроо салсам, бу дүйнөнү сынак, оо дүйнөнү түбөлүк кылып, адал ишиңдин сообун алаар, сарам ишиңдин жазасын тарта тургандай дүйнө жараткан Даанышмандын ыр саптарымда жашап жатканында экен. Анын баардыгы үчүн каламым тең салмактуулугун жоготпой, адамзатты, сүйүүнү, акыйкатты, ак-караны, түбөлүктүүлүктү ырдагансыдым…
— Китебиңиз Өмүр, Өлүм, Кудай жөнүндө деп атасыз. Эмнеге бул темага токтолдуңуз?
— “Өмүрдү кубаныч, өлүмдү караңгылык” деп тааныйт пенде көзү. Кудай эч убакта алуучу эмес, берүүчү. Баш сөөктүн ичиндеги 10 граммдык эт менен дүйнө сулуулугун көрүп, көөдөнүңдөгү 100 граммдык дүкүлдөп, күн-түнү токтобогон муштумдай эт менен улуулукту сезип, ичип, жеп, кубанып жашап жатабыз. Дагы бакыт сурайбыз, байлык сурайбыз, дөөлөт сурайбыз. Ага да жетебиз. Эгер бербесе андан жакшысын берет. Айталык, орто, жетишпей жашайсың. Күркүрөп, байыгың келет, бирок аны Кудайдан канча сурасаң да аткарылган жок. Ойлоп көрсөң, көздү май бастырган байлыктан миң эсе артык көкүрөгүңө көздү берген болот. “Өмүр – өлүмдүн эгин талаасы” деп айтылат. “Жакшы сөз айтып кал, жакшылык кылып кал, бала өстүр, бак тигип кал. Бирөөнүн назарынан калба!”,- деген ата-бабабыз. Ал “бирөөнүн көңүлүн сындырба, оорутпа” дегени. Түбөлүктүүлүк дал ошол көңүлдөн, көкүрөктүн жарыгынан, жакшылыктан куралат экен. Сынак дүйнөнүн кулатпай, жетээр жерге жеткирип койчу көпүрөсү ушул көңүл тура. Жаныңды карарткан оорунун өзөгүндө жарыкты таануу бар, өлүмдүн ичинде өлбөстүк бар. Өлүм-өмүрдүн башталышы…
— Адам өз жолун өзү табыш керек экен — бул турмушта. Сиз таба алдыңызбы?
— Ушундай сулуу дүйнөнү ак-карасы, ачуу-таттуусу менен тааныдым. Анын ичинде өзүмдү тааныдым. Алп, кыйма-чийме, миң-миңдеген ала-салдырып, баш айланткан жолдор бар. Жол издеп көп убараландым, кай жакка гана талпынган жокмун, жер тиктедим, көк тиктедим. Бир күнү карасам, мен басаар жол бут алдымда эле жатыптыр. Бала болуп басып келе жаткан жолум экен. Бир таман, ипичке, боз жол. Бир таман ушул чаң жолум менин түбөлүккө алып баруучу жол экен. Калганы кандай барам, кантип барам ал менин өзүмдө.
— Кудайга ишенимиңиз кандай? Орозо кармайсызбы?
— Курсагың ток болсо пендесиң да. Эртең Кудайдын алдына бараарыңды унутуп коёсуң. Өлүмдү унуткан киши майдаланат, пастыктарга барат экен. Өзү да билбестен көп жаман иштерди жасап коёт. Курсагың куркурап ачка болсо, Кудай жүрөгүңдө болот экен. “Мен ким элем, мен ким болдум?” деп суроо берем өзүмө… Кай жагынан алып караганда да мен дайыма орозо кармап жүргөнгө милдеттүү экенимди көрдүм… Албетте, Даанышманга орозомдун, намазымдын кыпынчалык кереги жок. Бирок, ал мен үчүн керек. Менин ага орозодон башка бере турганым жок экен… “Орозомду кабыл ала көр” деп ичимен суранам…
— Сиздин жолдошуңуз, белгилүү журналист, жазуучу Мамат Сабыровдун намазга жыгыларын билебиз. А сиз намазга жыгылып жатасызбы? Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
— Жолдошум жакшы киши. “Сен минт, ант” деп балдарын да, мени да уруша бербейт. Өзүнүн турган турпаты менен үй-бүлөсүнө үлгү. Учурунда Ак үй, Көк үйдө деле иштеп жүрдү, бирок бирөөнүн ырыскысын тартып алган эмес эч убакта. Жолдон акча таап алса да, үйгө алып келбей, бей-бечерага берип келчү. Ошентип маңдай тер менен тапкан акчасы менен балдарын багып келет. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, балдардын баары кара кылды как жарган калыс , чынчыл чыкты. Ойноп дагы калп айтышпайт, эч нерсеге жулкунушпайт. Чоң уулум Кытайдан кытай тилин окуп келип, иштеп жатат. Андан кийинки кызым ырчы, Улуттук Консерваторияны бүтүргөн.
— Жолдошуңуз жазуучу, сиз акын. Балдарыңардан ыр жазганы барбы?
— Баардыгы эле чыгармачылыкка жакын, орусча ыр жазышат. “Ырыңарды жазгыла, уланткыла!” деп айтпайм. Себеби, ырдын жолу оор экенин билем. Эгерде “жок, жазабыз” дешсе, анда өз эрки, кой дебейм.
— Жолдошуңузга арнап ыр жаздыңыз беле?
— Албетте. Китепте бар, ал 6 бөлүктөн турат:
Ыркайрык, Үчкайрык, Гүлкайрык, Күүкайрык, Балакайрык, Жанкайрык болуп.
Гүлкайрыкта жолдошума арноо ырлары бар.
Эки жүрөк (жолдошум Мамат Сабыровго)
Комуз болсом — үнүм чыкты,
Топо болсом — гүлүм чыкты.
Жүрөк болсом — жарык болдуң,
Агым болсом — арык болдуң.
Орошон, терең , ташкын,
Обон, күүмдүн — падышасы.
Шамал болсом — талаа болдуң,
Мен дем алган аба болдуң,
Эмне болсоң — маган болдуң.
Так кетирип, чаңым үйлөп,
Тагдыр жазган — калам болдуң,
Таалай, бактым анан болдуң.
Эки сөздү айтпай койсом,
Эки дүйнө өнбөгөнүм.
Сен ырымда болбогонуң,
Жаз, жай күнүн көрбөгөнүм.
Эки жүрөк издешкени –
Менин эч бир өлбөгөнүм…
Жети нурдай көрүнбөсүм,
Жер чайпалса төгүлбөсүм.
Абага окшош — билинбесим,
Ааламга окшош жүгүрбөсүм.
Ак ыргытат ташка дагы,
Адамдардан түңүлбөсүм…
Жети нурдай көрүнбөсүм,
Жер чайпалса –төгүлбөсүм.
— Абдан жакшы жазылыптыр. Соңку суроо. Жаңы чыккан китебиңизди окурмандар кайдан таба алат жана баасы канча?
— Китептин баасын коюу кыйын болду, чынында. Китепти пайда табайын деп жазбайт экенсиң да. Эгер бекер берсең үйүнө алып барып ыргытып салышат. Андагы кээ бир саптарды ыйлап отуруп жазган болосуң да, жүрөгүң ооруган болот. Анан эле бирөөнүн алып барып ыргытып салганы туура эмес көрүнүш болуп калат. Анын үстүнө Жараткандын аттары жазылган. Ошон үчүн чоңдор үчүн — 400 сом, студенттер үчүн — 200 сом дедим. Каалагандар болсо, 0770 06 25 06 телефонуна чалып, алышса болот.
Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА