Азыр динди түшүнүп, түшүнбөй, баш-оту менен ар кайсы агымга кирип, өтө аша чаап, балдарын мектепке жибербей, эс тарта элек балдарын динге тартып жаткандардын саны көбөйүп барат. Дал ушул көйгөйлүү маселе боюнча Азамат Азимканов аттуу жигит аркылуу даярдалган нерсени Гүлзат Аалиева Фейсбукка жарыялады. Ал төмөндөгүдөй.
“Жүрөктү ооруткан орчундуу көйгөй менен бөлүшкүм келет. Кезинде тарых сабагынан бешке окуган досум бүгүн ошол тарых жөнүндө маалыматты унута элек. Өкүнүчтүүсү, мектеп босогосун аттагандан бүткөнгө чейинки кызыгып окуп, «келечекте тарыхчы болгум келет» деген досум бүгүнкү күндө ошол тарыхты айтмак турсун, бирөө айтса, уккусу келбеген акыбалда.
Себебине кызыгып көрсөм, бар жашоосун толугу менен динге байланышкан темага коюп алган экен. Балдарын мектепке жөнөтпөй, мечитте окутканга бел байлап жүргөн учуру. Сөзүн угуп олтурсам, «ыймандуу болуп чоңойсо болду, калганын Аллах берет»,- дейт.
Балдарды карап олтуруп, аяп кеттим. Досума катуу айткым келди, бирок, көңүлүн ооруткум келбеди. Байкуштар тизилип олтуруп алып, арап китептеринен көзүн албай, кобуранып окуп, бир нерсе билүүгө аракеттенишет.
«Мектебиңердин сабагына да жетишесиңерби?»,- деп сурасам, «атам ал китептерде (мектептен берилген китептер) силерге керектүү эч нерсе жок деди го» деп үн катышат, жадыраган балалык көздөрү менен ойлуу карап. «Алдагы китептен эмнелерди үйрөнүп жатасыңар?»,- десем, «тамганы, анан окуганды, анан ыйманды, ии, анан Куран китепти» дешип жарышып жооп берип жатышты.
«Кыргызча окуганды билесиңерби?»,- десем, «ооба» деп, кыргызча текстти окуп беришкенде, абдан өкүндүм. Тилдеринде арабча чалган абдан чоң акцент бар, окуганынын 70-80%ын түшүнбөйт экен. Арапча окугандарын 99%ын түшүнүшпөйт. Кыргызча да, арапча да шар окуй алышпаганынан, балдардын окууга болгон шыктануусуна туура эмес багыт берилип жаткандыгын көрүп, жүрөгүм ооруду. Эмнеге? Себеби, улуулары 6-класс болсо, кичүүсү мектеп босогосун аттаган, ортодогулар төртүнчү, экинчи класстын окуучулары. Аттиң!..
Келечектин заманын ойлонуп, кез келген жакка бой уруп өсүп жаткан муундарыбыздын бир өлкөдө камыр-жумур болуп жашоосуна чоң тоскоолдуктарды улуу муун болгон биз түзүп берип жаткандыгыбызды ойлонуп, жүрөгүм көөдөнгө турбай өйдөлөп, оюн салып, кыйнап жиберет.
Ушундан улам суроо артынан суроолор пайда болот. Бир убакта кыргыздын жана дүйнөнүн тарыхын мыкты окуган замандаштарыбыздын бүгүнкү акыбалы ушул болсо, китеп бетин карабай, сабатсыздыгы жоюлбай эле мектепти бүтүп кеткен замандаштарымдын балдары кантип атат болду экен? Жарым жан болуп турган өлкөбүздүн эртеңине биротоло майып деңгээлге түшүрө турган муундардын келип калышынын алдын алсак деген ойду айткым келди.
Сураныч: балп эткизбей, бараандуу айта турган оюңуздар болсо, ортого салсаңыздар”,-дейт автор.
Азамат Азимканов тарабынан даярдалды