Белгилүү акын Гүлмира Рысбаева эжебиз менен эзил кайран СССРди эстеп, артта калган жаштык, балалыкка сарасеп салдык.
-Эже, сиз үчүн бүгүнкү күн кандай күн?
— Алгач бардык кыргызстандыктарды бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Ар бир күнү ушундай майрам болсун, үйү шаңга толсун! Мен үчүн бүгүнкү күн: өткөн балалык, жаштык, студенттик күндөрдү эске салуучу күндөрдүн бири. Себеби, Союз убагында ушул күндү чоң даярдык менен өзгөчө күтөөр элек. Балалыгым бактылуу өттү. Мектепте алдыңкы окуучу, студенттик күндөрдө жакшы студент, активдүү жаш кадр болдум. 1-май майрамынын иш чараларын даярдап, алып барчумун.
— Параддан өтчүсүздөр да, качкан күндөр болду беле?
— Ооба, параддан өтчүбүз, качкан жокмун. Борбордук аянтта, студенттик жылдарда, беш жыл параддан өттүм. Сонун кез эле, өзгөчө шаңдуу майрам болчу.
— Союз убагын сагынбайсызбы?
— Ошол кездерди сагынам жана сагындым… Союздун “балдар, кыздарыбыз” да. Агезде тартип катуу болчу. Жаман иш кылуу, жаман жакка басуу деген болгон эмес. Беш жыл жатаканада жашап, окудум. Ошол кездеги курсташтар бир атанын балдарындай ынтымактуу окуп, окууну ийгиликтүү бүтүп кеттик. Биздин жаштык биз үчүн өтө кызыктуу, маанилүү өткөн. Баарыбыз дипломду колго алып, университетти бүтүп, турмуш жолубузду таап кеткенбиз. Ошол кезде почта аябай жакшы иштечү. Почточуну аябай күтчүбүз. Чынында күткөнүбүз кат эле.
— Сүйүү катын күтсөңүздөр керек?
-Мен бактымды ошол почтадагы каттан тапкам. Ошол тууралуу жазган бир ырым бар. “Ошол каттар” деп аталат. 1987-жылы августта жазгам.
Ошол каттар
Сен экөөбүз алыс жүрүп,табышпай,
Бар болгону кыйышпаган тааныштай.
Өзүмдөгү кымбат баалуу сезимди,
Белек кылып бералбадым аттиң ай.
Өтсө күндөр кусалыгым артылып,
Өксүйт өмүр мен өзүңө тартылып.
Сенден башка көрүнбөдү эч бир жан,
Сени эстеп, сени гана сагынып.
Сен да мени сагынганың чын белем,
Каттарыңды окуганда сезчү элем.
Жүзүн жарк деп, көз алдыма тартылып,
Жалбырттаган жалын болуп кетчү элең.
Ошол каттар дале турат эсимде,
Сенин сулуу тамгаларын көзүмдө.
Катың эмес жүрөгүмдөй сезчү элем,
Каттарыңды кармап турган кезимде.
Сен алыста, а мен окуп катыңды.
Сезилчү эмес жердин алыс жакыны.
Ошол каттар жүрөктөрдү сооротуп,
Ошол каттар табыштырды акыры.
— Эсиңизден эч кетпеген кайсы күн?
— Пионерге өткөн күнүм али да эсимден кетпейт. Ант берүүнү уктабай жаттап, экзаменге киргендей сүрдөп, ант бергеним эсимде. Комсомолго өткөм. Ошонун баары эстен кетпейт. Көрсө, октябрят, пионер, комсомол болуу — абдан чоң тарбия экен. Бүгүнкү күндө балдарыбызга ошондой тарбия жетпей жаткандай…
— Ошол кезде эмнеге өкүнгөнсүз?
— Коммунисттик партиянын катарына өтүүгө даярданып жатканда, союз урап калды. Ошого аябай өкүнгөм.
Маектешкен Нази БАЯН кызы