Эсен болуп, эстей жүр!
Белгилүү, мыкты котормочу, журналист, акын Эрнис Асек уулунан ажыраганыбызга бир жыл болду. Былтыр, 29-январда ооруканадан жүрөгү (обширный инфаркт) кармап көз жумган. Капысынан жолдошунан ажырап калган жубайы, журналист Назира Саалиева бир жыл жоктоп, армандуу эскерүүлөрдү жазып, жүрөгүбүздү оорутту… Эжебиздин ар бир сөзүнөн, жазганынан жолдошуна болгон сый-урматы, катуу сүйгөнү билинип турат. Атын укканда эле ыйлап жиберет. Мындай сүйүү сейрек гана кездешет эмеспи…
Экөө баш кошкон жылы кубанып, Назира эжеге чалып, куттуктап, «Бишкек таймс» гезитиндеги «Экөө» аттуу рубрикага далай атактуу адамдардын үй-бүлөсүн чыгардыӊыз эле. Эми минтип өзүӊүздүн башыӊыз экөө болуп, үй-бүлө курдуӊуз. Экөөӊөр менен маек куралы» десем, баш тартып койду эле. Эми минтип армандуу маек болуп отурат. Эжем жакшы күнүн эстегенде күлүп, жаман күндү эстегенде ыйлап маек куруп берди.
— Назира эже, маегибизди баш кошкон күнүӊүздөрдөн баштасак…
— Эрнисим тирүү болгондо ушул жылы, мартта баш кошконубузга 8 жыл болмок экен. Капысынан эле баш кошуп калып, капысынан байымдан ажырап калдым. Эрнис кино, концерт, кафелерге чакырып жүрдү, бирок, бир дагы жолу мага сүйүүсүн арнаган эмес. Бир күнү капысынан эле эжелери менен тааныштырып, «эртеӊ үйлөнөм» деп салды. «Кызык го, мага бир дагы жолу сүйүүсүн арнаган эмес. «Мага турмушка чыгасыӊбы?» деп сураган эмес. Менин макулдугумду албай туруп, эмнеге антти?»,- деп ичимден сүйлөнүп отурдум. Бир чети сүйүндүм, анткени, аны аябай жакшы көрчүмүн. Тагдырдын тамашасын карабайсыӊбы, Кызыл-Аскердеги «Арал» кафесинен турмушка узагам. Ал кафенин так маӊдайындагы үйдө балалык кези өтүптүр. Мен бир жарым саат кечигип келгем. Ошончо саат ошол үйдү айланчыктап, ары-бери басып, ата-энесин, чоӊ апасын, Мелис байкени эстеп көзүнө жаш алганын кийин айтып бергенде ага аябай боорум ооруган… Эрнисим аябай тамашөкөй болчу. Мен Арал айылынанмын да, бирөөлөргө жөн тааныштырчу эмес, «Аралдын маралы» дечү. Экөөбүздин алгачкы жолугушуубуз ЦУМдун алдындагы курант болгон. Телефон чалсам, ал даректи да табышмактатып айтып жатпайбы, «Чүй боорундагы чыкылдактын түбүндө, турам күтүп тыпылдакты» деп. Күн мурун айтылуу акыныбыз Байдылда Сарногоевдин кызы Карлыгач эже үйүнө чакырган эле. Жолугушуумду айтсам, «экөөӊөр келгиле» деген. Бардык. Байдылда атабызды, Мелис байкени эскердик. Аягында Зина эже: «Эрнис, сен бактылуу жигит экенсиӊ. Жакшы кызды алып жатасыӊ. Өмүр бою кол кармашып, бактылуу болгула. Теӊ карыгыла!»,- деп батасын берип, Эрнистин башына калпак кийгизип, мага жоолук салып, колума алтын шакек тагып жатпайбы. Эми толкундаганыбызды айтпа, ушундай атактуу адамдын жубайынын батасын алып, белек алдык да… Чыгаарыбыз менен Эрнис «Бата жана бакыт кушу» деп 4 сапты айтып жатпайбы:
«Жамандарды жолуктурсам күйүнөм,
Жакшылардын сөзүн уксам сүйүнөм…
Бакыт кушу консун бизге, Назира,
Бата алдык Байдылданын үйүнөн!»
Мен көп жылдан бери Карлыгач эжелер менен катташам, ошон үчүн алар мага бир тууганымдай эле болуп калган. Италиядагы Гүлсана эжем да, көӊүл айтып, «29-январда күйөө баланын жылдыгы. Коронавирустун азабынан Кыргызстанга бара албай жатам. Эрниске куран окутуу парзын аткара албай жатам. Алтын күйөө балабызга куран окутуп кой» деп акча салып жиберди. Ушунчалык ыраазы болуп калдым. «Көӊүл деген гүл. Көӊүл калуу өлүмдөн да күчтүүрөөк» деп Эрнис айтып калчу эле. Карачы, сөздүн күчүн, бул чындык экен… Гүлсана эжемдей болуп көӊүлүмдү гүл кылгандар да болду, оозуна алы келбей, өйдө-ылдый жазып, сүйлөп көӊүлүмдү калтырган пенделер да болду… Эрнисимди көрө албай, тилине алы жетпей ушактап жүргөндөрдү (болгондо да эркектер) китепке жаздым.
— «Эрнис Асек уулу» аттуу китеп жазып жатам дедиӊиз эле. Бүтүп калдыӊызбы?
— Буйруса, аяктап калдым. Ашы күзүндө өтөт. Ошого чейин, Кудай буйруса, ден соолук берсе, бул китепти да, котормолорун да, ыр китебин да чыгарам. Кан басымым ойноктоп жатпайбы: бир жогору, бир ылдый болуп… Көтөрүлсө 200гө чейин барат десеӊ… Алдыда көп пландар бар. Аманчылык болсо, акырындап четинен ишке ашырам.
— Байкенин кайсы сапатын жактырдыӊыз эле?
— Жөнөкөйлүүгүн, адамгерчилигин, акылдуу, билимдүүлүгүн жактыргам. Байлык, бийликке кызыкчу эмес. «Байлыгым — балдарым, ырларым» дечү. Эки жүздүү эмес эле. Жасалмалуулук, кошоматчылык, бой көтөрүү деген жок болчу. Мага жазган акыркы катында өзү тууралуу, мен тууралуу жазганы бар. Анын аягын да куудулданып, «Былчыгыӊ» деп бүтүрүптүр. Мен эч качан «Былчыгым» деп айтчу эмесмин, бир жолу кыргыздын «былчылдаган, калчылдаган» сындуу сөздөрүнүн орусчага которулушу боюнча сүйлөшүп калганыбыз эсимде, ошол эсине түшкөнбү кайдан…
Айтор, өлөөрүн билгендей эле күндөлүк жаза бериптир. Баласына калтырган керээз каты, кайын эжелериме, мага жазган каты, аткарылбай калган аманаты бар. Аманатын окуп алып, аткарылбай калды деп боздодум…
— Кечиресиз, эмне болгон аманат, билсек болобу?
— Кайын эжелериме кат жазып, аягына: «Мен сиздерден бир эле нерсе суранам, менин сөөгүмдү Байтикке койгула»,- деп бүтүрүптүр. Мен ал катын эки айдан кийин көрүп жатпаймынбы… (Үнү каргылданып, ыйлап калды.. ). Байтикте тууганыбыз деле жок. Мен өзүм эле жооруп жатам. Менин ушинтип боздоп, сыздап калаарымды билип, бейитиме бат-бат барып, боз топуракты көрүп көксөөсү сууп, акыры түӊүлөт деп ойлогонбу деп коем. Себеби, мен аны катуу сүйөөрүмдү билчү.
— Сизге жазган акыркы катында сизге арнаган ыры бар бекен?
— Анда жок. Буга чейин жазганы бар. 2013-жылы баш кошконбуз. Ошол жылы, 1-майда, туулган күнүмө карата мага арнап Акроыр жазыптыр. Аны да убагында айткан эмес, бир жылдан кийин, капысынан өзүм компьютеринен көрүп калгам. Ошол бойдон унутуп коюпмун. Каза болгондон кийин, окуп алып ыйладым.
Назик дүйнөм, бийик дүйнөм, берекем,
Ар-намысың жалгыз мага тең экен…
Заман аңтар-теңтер болуп турса да,
Иритпеген, кирдетпеген «жеңекем»,
Рахат эмес, сүйүүм болуп ааламда,
Айланайын, жүрө берчи сен эсен!..
Сүйүүм менин чымчык эмес учкан бир,
Үмүтүмсүң кирдүйнөмдү агарткан.
Йод сүйкөп салышсынчы жарама,
Өзү болот керек болсо багы арткан.
Мээримиңди билсин жалгыз Жараткан!
Сенин дүйнөң назик дагы, коогалуу,
Есениндей сүйөм сүйүү бардыгын.
Не дегенде? Не бир оюм өзгөрүп,
Ителгидей илдим дүйнө тардыгын.
«Келди» дедим, «таптым – дедим, — Сүйүүнү.
Есениндей ырды эми курабайм.
Чындыгында чылымымды тиштеп алып чычайта,
Илгеркини пайгамбардан сурабайм.
Рахмат айтып Теңириме турамын,
«Газдүйнөнүн» бурамасын бурабайм.
Илегилек учсун жаман түштөрдө,
Назигимди өрт дүйнөдөн курабайм.
Болду, болду, бар дүйнөгө ырахмат,
Алсыз күйөөң жазат экен тырактат.
Раазылыктан кетип калам сырактап..
Барым дагы, жогум дагы сенсиңби?
Оодарылган байкуш өзүң менсиңби?
Лаззатымдын туу чокусу дейсиңби?
Тирүүлүктө түгөй табыш кыйын да,
Ирип калган сүттүн өзү тыйын да.
Рай балам орусчалап айтканда,
«Если знаешь…» орусчага сыйын да.
Гүүлдөгөн ушул заман шарында,
Илгери бир тайгак салттын каарында,
Мен айталам: «Жалгыз менин жарым да!»
! — илеп белги калсын азыр барымда!
Маектешкен Чынайым КУТМАНАЛИЕВА,
«Факты.kg», «Майдан» гезити