Эсен болуп, эстей жүр!
Мыкты котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ, гений байым Эрнис АСЕК уулунун дүйнө салып кеткенине 1 жыл 4 ай 15 күн болду.
Артына калтырып кеткен эмгегин, ырларын элге жеткирип, атын өчүрбөйбүз! Жаркын элеси түбөлүк сакталат!
“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө… Эки гений ага-ининин эмгегин, жакшылыгын унутпай эстеп, эскерип, куран окутуп келаткан жакшы адамдарга өзүмдүн, үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирем!
Жакшы адамдардын бири — Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, мыкты акын Нурлан Калыбеков. Ал байымдын көзүнүн тирүүсүндө эле эмгегин барктап, баалап, «Гений» деп поэзия кечесин өткөрүп, ыр китебин чыгарууга аракет кылды. Азыр да кайда барбасын Эрнисти оозунан түшүрбөй, чыгармачылыгын даӊктап, «Мастер менен Маргарита» котормосун, дегеле китептеринин чыгышына далалат жасап келе жатат. 25-апрелдеги эскерүү кечесинин алдында да «Маданият», ЭлТР телеканалдарына эскерүү уюштуруп берди. Эскерүү кечесинде Эрнистин аманатын аткарып, байымдын «Сен» деген ырын окуду…
Сен
Сен эне сүтүн ичпестен, эчки сүтүн ичип жүрүп чоңойдуң,
Сен аңтарылгыр атаңдын асты-башын көрүп жүрүп чоңойдуң.
Сен чоң энеңдин чолпон сөзүн угуп жүрүп чоңойдуң,
Сен кинодогу кейипкердин кейпин кийип жүрүп чоңойдуң.
Сен чын эле чоңойдуңбу,
Сен кышында кыйналдыңбы жөнү жок.
Сен жазында жашыдыңбы эби жок,
Сен жайында жайнадыңбы чеги жок.
Сен күзүндө күйүктүңбү теги жок,
Жок жок жок.
Канат турса кайкып эч бир уча албай,
Канат сынса учпай дагы тура албай,
Өзгөлөргө өчөштүңбү жөнү жок,
Өз дүйнөңдү өзүң такыр куралбай?
Каалгамдын сыртына нени жазып кеттиң Сен
А короомдун бурчунан нени казып кеттиң Сен
Киргизбедим капкараңгы бөлмөмө
Таарындың да, менден качып кеттиң Сен
Тизелген чүкө турат алдыңда, а колуңда сака Жок
Суу алганы бардың окшойт булакка, а колуңда чака Жок
Үйгө келсең эркелетчү апа Жок
Үйгө келсең акыл айтчу ата Жок
Айта турган сөзүң Жок
Көрө турган көзүң Жок
Өз денеңде өзүң Жок
ким күнөөлүү
кирпигиңди бирден жулуп кеткендер
кийимиңди барча-барча кескендер
кийинкиңди аргамжыдай эшкендер
күнөөлүү эмес алар
төрөлүүнүн төрү болот ар качан
а өмүрдүн өртү болот ар качан
а өлүмдүн өзөгү жок эч качан
ким айтты аны сага
таңдай болуп аткандар
күндөй болуп баткандар
көрдү казып жаткандар
шылдыраган булак ким Сен
шыбыр уккан кулак ким Сен
так секирген улак ким Сен
ташыркап бүткөн туяк ким Сен
чатырыңан «чып» дей түшкөн тамчы Жок
балтырыңа «чак» дей түшкөн камчы Жок
Сенде Сенде
баары бар да
баары жок
жок жок жок
Эрнис АСЕК уулу, 1991-жыл
Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Эрнис улуу, залкар талант болчу»
— Эрнис Асек уулу улуу, залкар талант болчу. Ал генийлик стихиясы менен чоӊ эмгек жаратып, таштап кетти. Конфуцийдин котормосу тууралуу ал өзүнчө чоӊ сөз. Ал эми Булгаковдун 20-кылымдагы эӊ чоӊ гениалдуу, сырдуу, табышмактуу, коркунучтуу, мистикалык «Мастер менен Маргарита» романын которуш, ага даап кирип барыш — бул чоӊ дүйнө. Эки дүйнөнүн: периште, Кудай, шайтандардын дүйнөсү менен теӊ ата сүйлөшкөн киши болуш керек, ошого Эрнистин духу жетти.
Архивден…
«Азыр биздин муундун окуганы да, изденгени да Эрнис Асек.…»
— Азыр баары эле акын болуп кетти. Окубай, изденбей туруп эле анча-мынча техниканы үйрөнүп алышып, жамактай башташты. Окуганы бир жалгыз Алыкул, аны да мектеп программасы боюнча окушкан. Салижан агай айткандай, китеп жазсам эле тарыхта калам дейт окшойт… Анын үстүнө өпкөлөрдүн өпкөлөнмөй заманы… Искусствонун же адабияттын кайсы түрүн караба, бирдемелерди жаратып алып мактанганга өтүштү. Жарнамасына караганда мыкты окшойт деп карасаң баягы эле…
Биздин муундагы китепти окумак тургай жеп койгондордон ушул жигитти билем. Оң сүйлөгөндөргө тетири сүйлөп, тетири сүйлөгөндөргө оң сүйлөп, асманды айткандарга жерди айтып, жерди айткандарга асманды айтып, акындык натурасы менен стихиясынан чыкпай жашайт, чыга да албайт. “Ыр китебиңди чыгар” десем чыгарбайт, “Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясын” чыгарганы жатам, ырларыңды бер” десем, “коллективге кошулбайм” дейт. Жазат, жазганына ыраазы болбойт, издейт, издегенин бирде табат, бирде таппайт… Азыр биздин муундун окуганы да, изденгени да Эрнис Асек.
Күтүү
Наполеондой боюңа
батпай турат ички отуң.
Жаныңды азыктандырып
окуй бербей тытынып,
орозо тут бир азга.
-Китеп өлүк,
тирүү болчу жаткан кезде жазылып –
деди мага бир дервиш…
Генийлердин жандары
кирип алып дүйнөңө,
кете көрбө жарылып.
Сен керексиң антиподу Мелистин*.
Эс алсаңчы, Гималайга кетсеңчи,
убактылуу кечил болуп алсаңчы
(Убактылуу эмес, эмес түбөлүк…).
Кет чокуга,
Кум-шагылдын арасында кор болдуң.
Күн бетине ыр түшүр,
жылдыздарды сүйлөм кылып сүйлөтүп,
көк асманды ойготчу…
(Талкан куюп алгансып унчукпайт да, бул неси?)
Күтөм сенден жарылуу,
дөдөйлөрдүн айынан
кетти менин мээм ачып.
Ар бир тыбыш, тамгасы ырдаган ыр таап кел.
Ал, Кыдыр – ыр сага гана жолугат.
Нурлан КАЛЫБЕКОВ,
“Ирмемдер” китеби, 2015-жыл
Алп акын Нурлан Калыбеков тууралуу кенен маалымат окуйм десеӊиз, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз.
Назира СААЛИЕВА