Кечээги Курултайда кабыл алынган резолюция
Кечээ, 15-октябрда Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Курултай болуп өттү. Ага бир топ саясатчылар, коомдук ишмерлер, журналист, блогерлер, активист жарандар катышып, резолюция кабыл алышты. Бул тууралуу Айбек Мырза (Бузурманкулов) билдирди. Анын айтымында, курултай жогорку деңгээлде уюштурулган. Ал Курултайда сүйлөп, ноябрда Бийликтин курултайына альтернативдүү коомдук Элдик Курултай болоорун кабарлап, күн тартибинде карала турган маселелерди токтолгон: 1) КР Президентинин 2 жылдык иши боюнча отчетун угуу, 2) Чек ара(Баткен, Кемпир-Абад, ж.б.) боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын отчетун угуу, 3) Кумтөр жана (Жерүй, Чаткал ж.б. кен-байлыктар)боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын отчетун угуу, 4) Саясий куугунтуктар, сөз эркиндиги ж.б. баяндамаларды угуу, 5) КР Президентинин 2 жылдык ишине «канаттандырарлык» же «канаттандырарлык эмес» деген баа берүү.
Ошондой эле, Айбек Мырза кечээги Курултайда кабыл алынган резолюцияда эмнелер камтылганын билдирди. Айтымында, анда чек араларды делимитация жана демаркация маселелери боюнча протоколдорду инвентаризациялап, элге жарыялоо, 36, 39, 42-протоколдорду жокко чыгаруу, Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылышта келтирилген чыгымды калыбына келтирүү үчүн комиссия түзүү, Баткенди өнүктүрүү программасынын аткарылышын көзөмөлдөө, саясий куугунтукту токтотуу талаптары жазылган.
Бул Курултайга мурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаров да катышып, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен макулдашкан документке президентти кол койбоого чакырган. Анын элге, президентке кайрылуусунун толугун 15-октябрда Айбек Мырза редакцияга жөнөткөн. Ал төмөндө.
Азимбек БЕКНАЗАРОВ: «Ушундай учурда унчукпай коюуга укугум жок»
Урматтуу Мекендештер! Урматтуу Президент!
Тээ байыркы замандан бери ата- бабаларыбыз жалпы улутка тиешеси бар олуттуу маселелер келип чыкканда « Кеңешип кескен бармак оорубайт» дешип, «ийри олтуруп түз кеңешип» бардык маселе ЧЕЧ ДӨБӨЛӨРДӨ өткөн Элдик Курултайларда чечилип келген. Моюнга алуу керек, башкасын айтпаганда да, түштүктөгү чек-ара маселесине жана кен- байлыктарыбызга, айрыкча Кумтөр алтын кенине байланыштуу маселе бүгүнкү күндө курч мүнөзгө айланып, кайчы пикирлер жаралып, элдин бийликке болгон ишенимине шектенүүнү жаратууда. Ушундай жагдайда чындык менен акыйкатты издеп, ата- салты канында бар , эл тагдыры менен мекен тагдырына кайдыгер карабаган инсандар тарабынан нукура Элдик Курултай өткөрүү, маселени маңдай- тескей олтуруп чечүү чакырыктары туш тараптан чыга баштады. Эгерде мындан мурун Президентибиз тарабынан Элдик Курултай ушул жылдын ноябрь айына чакырылса, ага учкай эле Президенттин « Курултайына» альтернатива катары Коомдук башталгычтагы Элдик Курултай өткөрүлөрү да айтылган. Эми болсо Кемпир- Абад маселеси боюнча демилгечи топ 2022- жылдын 15- октябрына Өзгөндө өтө турган чукул Элдик Курултайга жалпы элди чакырууга аргасыз болуп олтурат. Мунун баары «бийлик талашкандардын» же «бузукулардын» эле иши болбосо керек. Канында эркиндиктин гени бар, жамандык менен жакшылыкта бириге калмай адаты бар, киндик каны тамган жерин эч кимге сатпаган салты бар КЫРГЫЗ бекеринен толкубай жатса керек! Ушундай жагдайда адатымча УНЧУКПАЙ КОЮУГА УКУГУМ ЖОК принцибимди туу тутунуп, нукура Коомдук башталгычтагы Элдик Курултай уюштуруу үчүн ыктыярдуу түзүлгөн ДЕМИЛГЕЧИ ТОПТУН атынан кайрылуудамын:
Урматтуу президент!
1.Илгертеден жалпы элге, жерге байланыштуу маселелер, Элдик Курултайда кеңешилип консенсуска келгенде анан чечилген.
2.Элдик Курултай- бийликке- (ажого, каганга, ханга, президентке) баш ийбеген, бардык бийликтен бийик турган нукура улуттук демократия!Бийлик ээси болгон адам-элге Элдик Курултайда отчет берүүгө милдеттүү болгон!
3.Элдик Курултай- негизинен илгертеден эл тарабынан демилгеленип, Курултайга шайланып келген делегаттар ийри олтуруп, түз кеңешип , маселенин аркы- беркисин бийликтен ачык сурап, анан бийликтин иш аракеттерине баа берилип, кайсы бир маселени жалпы элдин кызыкчылыгында кандай чечүү, аткаруу багыттары берилип келген жана азыр да берилиши керек деп ойлойм!
4.Ушундай принциптер менен азыркы мамлекеттик бийлик ээси- Президентибиздин эки жылдык ишине бейтарап, калыс саясый- коомдук баа берүү үчүн Көзкарандысыз Коомдук башталгычтагы Элдик Курултай уюштуруу үчүн демилгечи төп түзүлдү. Элдик Курултайда делегаттарга бейтарап калыс маалымат берүү үчүн негизги маселелерге: 1).Түштүктөгү чек- ара маселесине байланыштуу окуялардын себептерин, «талаш» делинген участоктордун чечилиши боюнча;, 2).Кумтөр алтын кенине байланыштуу маселелерди бейтарап иликтөө үчүн атайын ыктыярдуу Коомдук Комиссиялар түзүлгөндүгүн расмий жарыялайбыз!
5. Демилгечи топтун мүчөлөрү бийлик тарабынан : «бийлик талашкандар» же « бузукулар», « коррупционер» же « диний экстремист», « тополоңчу» же кайсы бир ойлонулуп табылган кылмыш менен «кылмышкер» катары куугунтукка алынбашы үчүн, Урматтуу президент сизге Демилгечи топтун, жана негизги маселелер боюнча түзүлгөн Коомдук Комиссия мүчөлөрүнүн тизмесин Расмий жиберебиз ( Тиркелет) жана сизди алардын Конституциялык укугунун бузулбашынын кепили болот жана негизсиз куугунтуктоого жол бербейт деп үмүттөнөбүз!
6. Демилгечи топ Элдик Курултай уюштуруунун жана өткөрүүнүн Мыйзамы кабыл алынбагандыгына байланыштуу өздөрү чакырып жаткан Элдик Курултайды Конституциябызда бекитилген ченемдердин жана жарандардын укуктарынын чектеринде жана Убактылуу Жобо менен ишке ашырат.
Ал Жобого ылайык:
1) Коомдук башталгычтагы Элдик Курултай 2022- жылдын ноябрь айына чакырылат. Орду жана конкреттүү датасы Демилгечи Топ тарабынан Курултайга 10 кун калганда кошумча жарыяланат!
2).Күн тартибине негизинен
-Кыргызстандын түштүгүндөгү чек ара маселеси, ( Кыргызстан- Өзбекстан жана Кыргызстан -Таджикстан ) жана аларга байланыштуу окуялар:,
-Кумтөр алтын кенине байланыштуу маселелер;,
-Дуйнөлүк Улуу Державалардын жүргүзүп жаткан « Чоң оюнунда» Кыргызстандын орду, эртеңкиси жана Улуттук идеологиясы жөнүндө;,
-Элибиздин турмушуна байланыштуу жүргүзүлүп жаткан, экономикалык, социалдык жана кымбатчылыктын алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан Өкмөттүк саясаттар боюнча эксперттик анализ;
—Бийликтин «Кустурбайчылык» же Коррупция менен күрөшүү саясатына укуктук анализ;,
-Кадр саясаты;,
-Жарандардын саясий жана сөз эркиндигинин сакталышынын абалы ж. б. көйгөйлүү маселелер коюлат;
ЭСКЕРТҮҮ: Кыргызстандын түштүгүндөгү чек ара маселелерине жана Кумтөр алтын кенине байланыштуу маселелер боюнча атайын түзүлгөн Коомдук Комиссиялардын тыянактары Курултайда негизги доклад ал эми калган маселелер боюнча кошумча доклад түрүндө баяндалат.
7.Элдик Курултайга күн тартиби боюнча КР нын Президенти, КР ЖК нын депутаттары, Оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрү расмий чакырылат жана сөз берилет.
8.Элдик Курултайга делегат катары Өлкөбүздүн бүтүндүгүнө, элибиздин биримдигине, Кыргызстандын эртеңкисине кайдигер карабаган, өзүн «Кыргызстандын атуулумун, эгемендиктин, жердин, кендин ээси, бийликтин бирден- бир булагымын,деп сезген атуулдар, Кыргызстандагы бардык жарандык, маданий-этникалык, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, айыл жамааттарынын шайланган делегаттары, Кыргыз улутун түзгөн үч канаттын ( он, сол жана ичкилик) алардын чон урууларынын өкүлдөрү жана чет өлкөлөрдөгү боордошторубуздун өкүлдөрү делегат боло алышат.
ЭСКЕРТҮҮ: «Бийликтин» Курултайына талапкер катары көрсөтүлүп, бирок кайсы бир себептер менен делегат болбой калгандарга, биз мүмкүнчүлүк беребиз!
9. Коомдук башталгычтагы Элдик Курултайдын максаты жогоруда аталган коомчулукта талаш жаратып жаткан маселелерди ар тараптуу ачык талкуулап, бир пикирге келүү үчүн бейтарап коомдук аянтча түзүү! Алдын ала чечим долбоорлору даярдалбайт! Чечимди делегаттар ачык добуш менен кабыл алышат. Бийликке, оппозициялык күчтөргө, Коомдук Комиссияга бирдей мүмкүнчүлүк берилет.
Урматым менен, Азимбек БЕКНАЗАРОВ
P.S. Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек ара, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берип жатып талаш жерлердин 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.
Анын эртеси, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселени жабык эшик артында жыйын өткөргөн. Депутаттар эки тараптуу келишимдин долбоорун жактырганы белгилүү болгон. Ал документке эки өлкөнүн президенттери кол койгон соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек.
Дал ушул күнү Азимбек Бекназаров «тарыхый жоопкерчилик сиздерде» деп депутаттарга кайрылуу жасаган. Ал бу ШИЛТЕМЕде.