Ат-Башыдагы кластердик кадамдар…

Ат-Башыдагы кластердик кадамдар…

Кластер… Инвестиция… Ишкер…

Ат-Башы районундагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасына ылайык жүрүп жаткан иштер туурасында тааныштыруу маалымат жыйыны жакында эле Экономика жана коммерция министрлигинде болуп өттγ. Жыйынга Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искендербек Маматов, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров жана Ат-Башы районундагы ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Сталбек Нарындыков катышты.

Эмилбек Абдыкадыров алгач Ат-Башы району жана аймакта жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат берди: “Район 1930-жылы уюштурулган. Деңиз деңгээлинен 2050-3500 метр бийиктикте жайгашкан. Калкы — 67,770. Аянты — 18,9 миң чарчы метрди түзөт. 1 млн.гектар жайыт жери, 11,717 кожолук жери бар. Мурда бул райондо 11 айыл аймак бар эле,  кийин кыскартып, ирилештирүүдөн улам беш Айыл аймак катталды. 19 айылда эл жашап, эмгектенип жатат”.

Андан соң Социалдык-экономикалык Өнүктүрүү Программасын ишке ашыруунун жол-жобосуна токтолду. Ал мамлекеттик администрациясынын (2022-жылдын 22-ноябрында, 198-б буйругу менен) Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн, Ат-Башы районунун СЭӨП боюнча координациялык кеңешинин уюштуруп, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы (2022-жылдын 1-ноябрында, 247-б буйругу менен) бекиткен жобого ылайык иш башталганын, түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен координациялык кеңешке жарандык коомдун өкүлдөрү, ишкерлер,бизнесмендер ассоциациянын өкүлдөрү, дыйкан-фермерлер жана коомдук катмарлардын өкүлдөрү тартылганын билдирди.

— СЭӨПнын иштеп чыгууда координациялык кеңештин иш-аракети мындайча башталды. Учурда Ат-Башы районунун өнүгүү жолу кластердик кадамдар менен ишке ашырылып жатат. Райондун экономикалык абалына жараша 7 кластердик кадамдар жасалды.

Мал чарбасы. Алгач эт кластерине басым жасалып, чоң маани берилди. «Ат-Башы эт комбинаты» ачылып, 17 жараныбыз туруктуу иш менен камсыздалды. Эми пельмен чыгаруучу цех ишке кирсе, дагы кошумча жумуш орундар болот. Эт кластери боюнча жакында Кара-Булак участогуна эт комбинаты курулуп, ишке берилмекчи.

Эт комбинатында күнүнө 50 баш бодо мал, 150 баш майда жандык кой, эчки союлат. Коргоо Министрлиги менен келишим тγзгөнбγз, анын негизинде аларга ай сайын 60 миң (түнке) консерваланган эт азыктары жөнөтγлөт.

Сүт азыгы. ‘Дүйнөлүк банктын «Сүттү комплекстүү өнүктүрүү»долбоору натыйжалуу ишке ашууда. «Ак-Каймак «ишканасынын кубаттуулугу менен күнүнө 1 тонна сүттү иштетүүгө жетишип жатат. Бул үчүн 1,5 млн.сомдук инвестиция тартылды. Мындан тышкары, «Ат-Башы Сүт «ЖЧК чарбасы 104 саан уй алып, асыл тукум үй чарбасын түптөп алышты. П.Кемелова үй шартында сүт азыктарын, сары май, сүзмө, курут өндүрγп, сатыкка чыгарууда.

Бал. “Ат-Башы — ак балы» ассоциациясынын 88 мүчөсү бар, ишкерлер ынтымактуу иш жүргүзүп келет. Бал өндүрүүчүлөр 214,7 тонна таза бал өндүрγп, сатыкка чыгарып жатышат. Чет өлкөлөргө экспорттоо үчүн заманбап үлгүдөгү идиштерге куюп, даярдоочу логистикалык борборунун долбоорун даярдап коюшту. Буга чейин (2024-жылы) 20 тонна балды АКШга, 3 тонна балды Кытайга, 5 тонна балды Араб Эмиратына, 1 тоннаны Японияга сатышкан. Балды экспорттоо жакшы жолдо десек болот.

Балык. Учурда тоолордон агып түшкөн тунук сууларыбызда балык өстγргөн 10 чарбакер бар. Калинин айылында балыкты консервалоочу, экспортко чыгаруучу жана тоңдуруп сатыкка чыгарган атайын ишкана курулууда. Бул курулуш ишке берилсе, бир канча жумушчу орундар пайда болот. Ат-Башы өрөөнүнүн тарыхында пайда болгон балык чарбачылыгы, ири ийгиликтерди жаратарында шек жок. Мисалы, былтыр (2024-жылы) балык чарбалардан 52 тонна балык даярдалып, анын 50 тоннасы экспортко чыккан.

Чычырканак. Жапайы жаратылыш ар кандай өсүмдүктөргө бай келет. Экономикабызды көтөрүүдө багбанчылыкты өркүндөтүүнү максат кылгандар арбын. Биздин дыйкан-фермерлерге көлдүк туугандар чычырканактын тикенеги жок түрγн өстүрүүгө сунуш кылышты. Бул дарылык касиети зор бадал өсүмдүгγн Алтайдан алып келишкендиктен — биздин өрөөнгө жаңылык болуп жатат. Жергебизде өскөн чычырканактын тикендери мөмөсүн жыйноодо бир топ түйшүк жаратчу… өстүрүү менен түшүмүн таза жыйнап алууга болот. Тикенсиз чычырканактын көчөтү 1,27га жерге отургузулган болсо, быйыл 8,72 га.жерге көчөт отургузулуп атат. Келечекте 115 гектарда чычырканак плантациясы болмокчу. Япондук инвесторлор менен болгон макулдашууга ылайык жүз гектар жерге чычырканак жана он гектар жерге карагат көчөттөрү отургузулмакчы.

Ат-Башынын ажайып кооз өрөөнүндө миң түркүн өсγмдγктөр өсүп, элдик медицинанада эле эмес, заманбап медицинада дагы колдонулуп келет. Жанга кубат, дартка шыпаа болчу дарылык касиети мол өсүмдүктөрдү жыйнап, кургатып, аны сатып пайда табышат. Дары өсүмдүктөрдү сарамжал пайдалануу менен финансылык, экономикалык абалыбызды бир топ жогорулатууга жол ачылды.

Аймакта «Дордой-Дары” ишканасы ачылып, эфир майын чыгаруу боюнча долбоор иштелип, айылдарда топтор түзүлүп, дары чөптөрдү өстүрүү жагын колго алышты. Жыйналган дары чөптөрдү өлкөбүзгө белгилүү «Неман-Фарм»ишканасына өткөрүштү. Адамдардын ден соолугуна мыкты шыпаа берүүчү дары чөптөрдөн 250,000 сомдук өнүм жыйналып 5 миң кутучага салынып, ишканага тапшырылган

2025-жылы Ферула дары өсүмдүктөрү сынамык катары 5 гектар жерге өстүрүлмөкчү.

Эч кандай кошумча эмгек, күтүм талап кылбаган дарылык касиети арбын өсүмдγктөр бар. Болгону айылдаштары кызыксыз тебелеп, казып тамырына зыян келтирип кордобой жыйнап алса дейбиз.

Туризм. Ат-Башы аймагы тарыхый сырлар катылган керемет жерлери бар аймак. Кооз жаратылыштан тышкары кыргыз тарыхында орчундуу орду бар аймактарды көрүү үчүн миңдеген чет өлкөлүктөр тартылып турат. Андыктан биз туризм кластерин да киргиздик. Айылдарда атайын конок тосууга үйлөрүн ыңгайлаштырып, тейлөө маданиятын өздөштүруп алгандар арбын. Үй кызматындагы айымдарыбыз атайын семинар-тренингтерге катышып, тамак-аш даярдоо ыкмасы өздөштүрөт. Чет тилдерин үйрөнүп алышкан. Тактап айта кетсек, 2024-жылы 30455 турист келсе, анын 24409 адамы ички өзүбүздүн кыргызстандыктар болду. Ал эми 6046 адам сырттан келген жаран.

Дагы бир мактаныч менен айта кетчү нерсе, «Кел-Суу керемети» кышкы этно-фестивалы жайкысын Босого жайлоосунда «Кыргыз-Көчү», «Кыргыз-Даамы» этно-фестивалдары өткөрүлөт. Мындай фестивалдарга кошуна өлкөлөрдөн да коноктор келип катышты. 2024-жылы γч туристик жай ачылган, быйыл беш туристтик жай ишке берилмекчи

Мына, ушундай алгылыктуу иштерди аткарууга дем-күч берген Социалдык-экономикалык Өнүгүү Программасынын түзүлүшү болду. Ар кандай ишти баштоого каражат маселеси келип чыгат. Мындай маселеге мамлекеттик колдоо жетишсиз болгондуктан, жергиликтүү райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүргөнгө жетиштик.

Баса белгилеп айта кетчү жагдай, биздин район Улуу Жибек-Жолунун боюнда тургандыгы. Торугарт-Бишкек жолу бизден өтөт. Биз, мына, ушундан пайдаландык. Элет жерин социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө инвесторлорду тартуу — эң чоң талаптардын бири.

Андан кийин райондо 1 млн гектар жайыт жерибиз бар, тоо-кен тармагында да жылыштар бар. Негизи районубуз экономикалык жактан чоң секирик жасоого бара алат.

Иштин көзүн таба билген иштермандар…

Кайсы жерде болбосун өз ишинин устаты, күйөрманы, демилгечиси болот.Ошол сыңары, Ат-Башы өрөөнүндө иштин көзүн таба билген иштермандар бар. Элет жеринде өз алдынча ишти өркүндөтүп кетүү кыйын эмеспи. Мына ушундай ишкерлердин сөзүн угуп, алардын көйгөйлөрүн жеңилдетүүдө райондо түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы чоң өбөлгө боло алды.

Ар кимиси өз алдынча жүргөн ишкерлер топко биригип, райондук ишкерлер ассоциациясын түзүп, анын төрагалыгына демилгелүү, жогорку билимдүү Сталбек Нарындыковду шайлап алышты. Ал 1984-жылы туулган. Он жыл Россияда иштеп келген. Юрист. Билимин, күч-кубатын өз мекенине арнап, иштеп жаткан кези. Чет өлкөдө он жыл иштеп келген жаш адис бул ишти илгиртпей алып кетти. Алгач ал ар бир багыттагы ишкерлер менен таанышып, алардын мүмкүнчүлүктөрүн, көйгөйлөрүн укту. «Бүгүнкү аракет — эртеңки келечек» аталышта чоң инвест форум өткөрдү. Иш акырындап жөнгө салына баштады. Дыйкан-фермерлер үчүн мөмө-жемиштерди кандай өстүрсө болот, кантип сатыкка даярдоо керектигин окуткан семинар-тренинг өткөрүлдү. Айыл чарбасында агро-форум жогорку деңгээлде өтүп, дыйкандарга бир канча күч-кубат болду. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен ишкерлердин жолугушуулары уюштурулган. Бул ишкерлердин келечектүү максаттарын ишке ашырууга жол ачып берди. Өздөрү өндүргөн өнүмдөрүн сатыкка чыгарып кирешеге жетүүнү эңсебеген ишкер болбойт. Ошентип Ат-Башы өндүрүшчүлөрγ соода өнөр-жай палатасына активдүү мүчөсү болуп калды.

Мол киреше табуунун жолдорун тереңирээк өздөштүрүүнү каалагандарга Кыргыз Республикасынын мөмө-жемиштерди өстүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Ат-Башынын климатына ыңгайлуу кайсы мөмө-жемиштерди өстүрүү пайдалуу деген суроого жооп издешти.

Мөмө -жемиштерди өстүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев менен бирге Ысык -Көлдүк адистер менен кеңири маектешүү учурунда дыйкан-фермерлерге тикенеги жок чычырканак менен карагат өстүрүү пайдалуу деген жыйынтыкка келишти. Баш-Кайынды айылында Ильич мырза 1,5га.жерге тикенеги жок чычырканак көчөттөрүн отургузуу менен алектенип жатат.

Ат-Башылык ишкерлердин баары эле дыйканчылык, мал чарбасы менен алектенбей колунан көөрү төгүлгөн чебер усталардын да катарында турат. Ошондон улам, ишкерлер ассоциациясынын төрагасы менен бирге Стамбулда өткөн текстил, форумуна да эки ишкер барып келди. Жеңил өнөр жай тармагында дагы иштиктүү аракеттер болорунан кабар берет. Россиянын шаарларында эмгектенип жүргөн мекендештер бир топ. Ал жерде «Ат-Башы» биримдиги уюштурулган бул топко быйыл беш жыл болуптур. Алар менен да кызматташуу колго алынды. Алардын беш жылдык мааракесине катышып келишти. Алыста жүргөн мекендештер да кичи мекенинде болуп жаткан жакшы иштерге кубанып, колдоо көрсөтүп, каржылык жардам берүүгө макулдашты.

Жергиликтүү ишкерлер менен баарлашып турууга диалог аянтчасы түзүлгөн мамлекеттик администрация жетекчилиги менен тез -тез жолугуп, көйгөйлөрдү талкуулап, маселени чечип алууга мүмкүнчүлүк бар..

Ар кандай ишкерликти өнүктүрүү багытында арналган форум, конференция, семинар, тегерек столдор уюштурулуп турат. Натыйжада, райондук өнүктүрүү фондунан 2024-жылы 2,7млн.сомдук, 2025-жылы 15,0 млн.сомдук долбоор жактырылды. Ал эми облустук өнүктүрүү фондунан 83,7млн.сомдук долбоор колдоо таптык.

“Санарип Аймак”

Ат-Башы районунда мындай алгылыктуу иштердин жүрүшүнө чоң өбөлгө болгон СЭӨП (Социалдык-экономикалык Өнүгүү Программасы) дешет, ал туурасында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искендербек Маматов айтып берет.

Искендербек мырза 2025–2030-жылдары региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын Министрлер Кабинети бекиткенин, бул документ аймактык саясатты системдүү негизде жүргүзүүгө, экономикалык жана социалдык теңсиздиктерди жоюуга, туруктуу өнүгүү борборлорун түзүүгө шарт түзөрγн баса белгилеп, программанын максаты, багытына токтолду: “Программанын максаты — аймактардын инфраструктурасын жаңылап, жашоо сапатын жогорулатуу жана элдин чечим кабыл алууга катышуусун кеңейтүү. Программада индустриализация, санариптештирүү, айыл чарба, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо жана мейкиндиктик пландаштыруу сыяктуу тармактарды камтыган 14 багытта иш алып баруу каралган”. Ошондой эле ал негизги өзгөчөлүктөрдүн бири — комплекстүү мейкиндиктик пландаштырууга өтүү экендигин, региондор маалыматтык базага таянып, өнүгүү сценарийлерин түзүп, аймакты башкаруу боюнча так инструменттерге ээ болушарын, «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалымат системасы менен интеграция, санариптик карталар, бюджеттер аралык пландаштыруу модулдары ушул максатка кызмат кыларын билдирди. Ошондой эле негизги жоопкерчиликти айтып өттγ. “Жергиликтүү бийлик органдары программаны ишке ашыруунун негизги жоопкерлери, алар 2025–2030-жылдарга карата өздөрүнүн өнүгүү программаларын, иш-чара планын иштеп чыгууга тийиш. Бул документтер улуттук стратегиялар менен шайкеш келип, ар бир аймактын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша түзүлөт.Программадагы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын негизинде, ошондой эле өнүктүрүү фонддору менен эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу аркылуу каржыланат. Аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү Президенттин Администрациясы ишке ашырат. Программа расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөн соң күчүнө кирет«.

Нуржамал КУРМАНКУЛОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.