Москвада жашаган кыргыз жазуучусу Муса Мураталиевдин Фейсбуктагы баракчасынан 1-ноябрь күнү орус жазуучусу Владимир Маканиндин каза болгонун окуп, көкүрөгүм “тыз” дей түштү…
17 жашымда эң алгач “Голоса” деген повестин окуп алып, толкунданганым эсимде. Эркиндик паркындагы олтургучтардын биринде окуган элем. Эртең мененки саат ондордо олтуруп, кечки сегизде окуп бүткөм. Жай эле. Мектепти бүтүп, окууга өтпөй калып, күчүмдүн баарын китептерден чыгарып жаткан кез…
Башкы каарман – майып баланын кыркылдаган үнү ошондо айланамды жаңыртты эле… Маканиндин бай тили, кээде өтө кыска жазган, өтө баео сүйлөмдөрү, кээде токтоно албай, чубалжып кете берген аңгүдүк аткан ойлору өзгөчө жазуучу экенин көрсөтүп койгон. Тилекке каршы, Советтер Союзу калчылдап, мына урайын деп турган кез. Москвадан китептер келбей калды. Мен абдан жактырып калган Маканиндин китептерин таба албай калдым…
Кийин “Один и Одна” деген романы колума тийди. Грузин досум Зураб айткандай “Вай, вай, шедевр однако!” экен. Кийин “Безотцовщина”, “Отдушина”, “Антилидер”, “Река с быстрым течением”, “Отставший”, “Кавказский пленный” аттуу повесттерин, “Предтеча”, “Портрет и вокруг” “Светик-роман”, “Андеграунд, или Герой нашего времени” деген романдарын интернеттен гана окуп калдым. Чеченстандагы согуш жөнүндө жазган, аябай чуу жараткан “Асан” романын окуй элекмин. Мындан тышкары толтура романдары, повесттери, аңгемелери, пьесалары бар. Анын чыгармалары боюнча 5 көркөм тасма тартылган. Көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси. Дүйнөнүн 30дан ашык тилине которулган. Италиялык адабий сыйлыкка да ээ болсо керек эле…
Ачыгын айтыш керек, Маканинди казып, кууп окуй алган жокмун. Атүгүл кээ бир чыгармалары бүдөмүк гана эсимде. Бирок тили, форма, подачасы өзгөчө. Айыл жерин мыкты бергени менен, Маканиндей шаар психологиясын берген жазуучу жоктой. Шаар жазуучусу десем да жаңылышпайм. Бир чети көркөм сөздүн чебери болсо, бир чети жандүйнөнү аңтарган психолог. Өзү математика факультетинде окугандыктанбы, чыгармачылында дал ошондой салкын кандуу эсеп-кысап бар сыяктуу…
Соңку жылдары Ростов-на Дону шаарынын четиндеги Красный айылында жашады. Эмгекчилдигине таң берем. Жылына бирден роман жазып келди. Менимче, ХХ кылымдын аягындагы орус адабиятында чоң жаңылыктарды жараткан төрт жазуучу бар: Валентин Распутин, Андрей Платонов, Анатолий Ким жана Владмимир Маканин. Ойлонбой туруп, орустун дөө-шаа жазуучуларынын катарына кошом…
Бир күнү Кубат аке Жусубалиевден сурап калдым: “Маканинди окудуңуз беле?” деп. Кубат аке күлүп: “Ал экөөбүз Москвада Высший сценарный курстарда чогуу окуганбыз. Көп сүйлөшчү эмеспиз, бир университетте мугалим эле. Бирок курсубузда мыкты жазган, калыптанган жазуучу дал ушул Маканин болчу. Негизи бизде мыкты жазуучу, сценаристтер окушту. Эң чабалы эле мен болчумун” деген…
Маканиндин бир эле интервьюсун окуп калдым эле. Журналисттин “Жашоонун маңызы эмнеде?” деген суроосуна: “Ачыгын айтсам, эң кызыгы, менин чыгармалырымдан аны таппайсыңар. Андай максат койгон да эмесмин. Мен өмүрдүн түркүн-түсүн, түрдүү жытын, чымын-куюн ой толгоолорун гана берип келем. А маңызы менин көкүрөгүмдө. Мындай улуу табышмактар ачык айтылбайт экен” деп гана жооп бергени мага аябай жакты эле…
Эрнис АСЕК уулу