25 жаштагы Медициналык академиянын бүтүрүүчүсү Айдай Субанованын кылмыш иши Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда каралып, ал 16 жылга кесилди.
Эскерте кетсек, 2015-жылы, августта Бишкектеги ар кайсы таштандыдан 30-35 жаштагы адамдын дене мүчөлөрү табылган. Мындай кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Айдай Субанова аттуу айым кармалып, ал киши колдуу болгон Эрлан Оркошевдин аялы болуп чыккан. Ал милицияларга жолдошунун ур-токмокко алынганы үчүн ушундай ишке барганын айтып, баарын мойнуна алган. Ага Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча айып тагылып, кылмыш иши сотко өткөн. Бүгүн өкүм чыгып, ал 16 жылдык мөөнөтүн Чүй облусундагы Степной айылындагы абакта өтөйт.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы