Түрктөрдүн «Даңазалуу доор» телесериалы Хюрремдин ролун аткарган актриса Мерьем Узерли жакында Кыргызстанга келери белгилүү болду. Азырынча датасы тактала элек.
Улуту – түрк-немис
Актриса, фотомодель Мерьем Сахра Узерли 34 жашта. Ал 1983-жылы 12-августта Германияда төрөлгөн. Төрт бир туугандын кичүүсү. Атасы Хуссейн – түрк, апасы Урсула – немис. Узерли түрк бизнесмени Жан Атешке турмушка чыгып, 2013-жылы ажырашып кеткен. 2014-жылы 10-февралда көз жарып, Лара аттуу кыздуу болот.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы