Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарындагы капчыгайында кар көчкү жүрүп, кызды басып калып, каза тапканы тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, «Каприз» эс алуу борборуна Орусиядан келген үй-бүлө эс алууга барышкан. Бүгүн ал жерден 4-5 км алыстыкта, саат 17:00до кар көчкү жүрүп, 9 жаштагы кызды басып калган. Кыздын ата-энеси менен эс алуу борборунун куткаруучулары кар катмарында калган кыздын жансыз денесин табышкан.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы