Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Темир Болотбек аттуу мугалимине «улут аралык кастыкты козуткан» деген негизде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди. Мугалим социалдык түйүндөргө башка улут өкүлдөрүн кемсинткен комментарийлерди жазган, ошондон улам ага январь айында иш козголгон. Учурда териштирүү иши жүрүүдө.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы