Ак жеринен абакта жаткан “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Энелерди эртеңки майрамы менен куттуктады. Алгач куттуктоосун берип, артынан 6 жыл мурун апасы жөнүндө айтканын бердик. Анда эмесе, куттуктоодон баштасак, ал төмөндөгүдөй:
-Кымбаттуу энелер, асыл апалар! Урматтуу мекендештер!
Май айынын үчүнчү жекшембиси Кыргызстан эли Энелер күнүн белгилейт. Бул майрам кыргызстандыктар үчүн жагымдуу майрамдардын бирине айланды. Мээримдүүлүктү, аруулукту даңазалаган бул майрам быйыл ыйык Орозо айына туура келип отурат. Эне күнү үйдүн куту болгон энелердин ыйыктыгын, асылдыгын жана эне мээримин дагы бир ирет даңазалап, өзгөчө жылуу сөздөрдү арноого мүмкүндүк түзөт.
“Бейиш – эненин таман алдында” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Чындыгында, эненин ыйыктыгы айтып бүткүс чоң тема…
Сүйүктүү энелер, апалар!
Сиздер, бир гана майрам күндөрү гана эмес, өмүр бою кадырлоого татыктуусуздар. Сиздер биздин сыймыгыбыз, дөөлөтүбүз, үйүбүздүн, төрүбүздүн кутусуздар. Биз үчүн канчалаган кыйынчылыктарды көргөнүңүздөрдү биз ар дайым билүүгө жана ал мээнетиңиздерди актоого, акыбетин кайтарууга милдеттүүбүз.
Майрамыңыздар менен куттуктап жатып, мен Сиздерге жакшылыктарды, бактылуу күндөрдү каалайм! Ден соолугуңуздар чың болуп, бакубат жашоо кечириңиздер!
«Кичүү кызыма апамдын Айсара ысымын бердик”
2012-жылы, 24-майда, “Де-факто” гезитине андагы ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев апасы боюнча айтканын чыгардык эле. Агезде апасы 80де болсо, азыр 86 жашта. 6 жыл мурун, Энелер майрамынын алдында апасы жөнүндө айтканын кайрадан кайталап, алдыңыздарга берип турубуз.
— Апамдын аты — Тилла, жакында, буюрса, 80ге чыгат. 1933-жылы төрөлгөн. Агезде документтер болбогондуктан, «өрүк гүлдөгөн маалда төрөлгөм» деп калат. Ошол себептен, апамдын туулган күнүн жаз айында белгилейбиз. «Тилла» — бул биздин региондун диалектисинде «алтындын» синоними. Балдарымдын бирине атамдын, кыздарымдын бирине апамдын ысымын берейин деп жүргөн элем. Бирок атамдын ысымын коюуга апам да көнбөй, аялым да: «Мен аны кантип чакырам» деп болбой койгон. Кичүү кызым төрөлгөндө апамдын атын коем деп калдым. Апам өзү да бул ойду жактырбады. Бирок, баары бир оюмдан кайтпай, Айсара ысымын бердик. «Сара» иран тилинде «алтындай», еврей тилинде «кубаттуу ханыша, кожейке» дегенди билдирет экен.
Атам да эрте жетим калып, апам да жетим чоңойгон. Апам Сузактын Кара-Дарыя айылынан, атам Базар-Коргондон. Автобус жүрбөгөн, жол жок убакта экөө кантип табышып калганын билбейм. Алар үйлөнгөндө апам 18де экен, балким, андан да жаш болгон болсо керек. Анткени, атамдын достору: «Чиркеш, сен жаш кызга үйлөнүп алдың, Совет өкмөтү сени бул үчүн камап коет» деп тамашалашчу экен. Ошондон улам, атам өзүнөн үч жаш гана кичирейтип, апамдын жылын 1930-жыл деп жаздырыптыр. Апам пенсияга чыкканда атам: «Көрдүңбү, ошондо мен көрөгөчтүк кылган экенмин, пенсияга үч жыл эрте чыктың» деп тамашалап калчу. Апамдын жаш кезин элестетсем, көз алдыма башынан кыргыз келининин классикалык тагдырын өткөргөн, үйдө аз сүйлөгөн, уяң мүнөз, өтө байкалбаган, бирок колхоздун да, үйдүн да жүгүн көтөргөн айым тартылат. Апам Социалисттик эмгектин ударниги болгон. Нормаларды ашыра аткарчу, өзгөчө күзүндө атаандаштык күч алат эле. Колхоздун радио түйүнүнөн пахта теримдин күнүмдүк жыйынтыгын чыгарып, айтып турушчу. Атам баш болуп ошону угуу үчүн түнкү саат 12лерге чейин уктабай сводканы күтүп отурчубуз. «1-бригададагы Текебаева Тилла 140-150», кээде «200 килого чейин пахта терди» деп колхоз боюнча биринчи же экинчи орунду ээлегенин айтат эле. Аны угуп, биз апабыз менен сыймыктанчубуз. Ошол сыймыктуу сезим ал кезди эстегенде азыр да дал ошол калыбында менде пайда боло түшөт. Апамдагы намыскөйлүк, өжөрлүк, мээнеткечтик, үй-бүлөнүн кадыр-баркын сактоо үчүн жанын үрөгөн сапаттар, азыр ойлоп көрсөм, бардык эле кыргыз аялдарына таандык экен.
2012-жыл, 24-май, «Де-факто» гезити. Назира Саалиева