Бүгүн, 3-октябрда, Мамлекеттик салык кызматынын сайты 1-октябрга чейин декларация тапшырбагандардын тизмесин жарыялады. Алар:
- Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев;
- Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов;
- Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Алиясбек Алымкулов;
- Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева;
- КР президентинин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү Нурбек Касымбеков;
- Аламүдүн районунун сотунун төрагасы Азамат Узакбаев;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова;
Булардан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 1754ү киреше жана чыгашалары тууралуу декларация тапшырган эмес.
- Биринчи орунда Мэрия, айыл өкмөттөрү жана жергиликтүү кенештер турат — 537;
- Кийинки орунда ИИМ ээлептир, алардан — 470;
- Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитети – 86;
- Жаза аткаруу кызматы – 63;
- Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук – 38;
- Улуттук гвардия – 33;
- Жогорку сот – 32;
- Мамлекеттик салык кызматы – 32;
- Мамлекеттик чек ара кызматы – 29;
- Мамлекеттик каттоо кызматы – 25;
- Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги – 25;
- Тышкы иштер министрлиги – 24;
- Башкы прокуратура – 21;
- Айыл чарба жана мелиорация министрлиги – 19;
- Жогорку Кеңеш – 18;
- Билим берүү жана илим министрлиги – 16.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы