44 жаштагы Даир Кенекеев Мамлекеттик «Учкун» акционердик коомунун жетекчиси болду. Ал бул кызматка чейин жогорку кызматтарды (Талас облусунун губернатору, вице-премьер-министрликти) аркалап келди.
Жаңы эле бул кызматка отурган Д.Кенекеев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы бир саат мурун ыраазычылык жазып, сүрөттөрдү жайгаштырды.
Ал мындай деп жазды:
“Урматтуу мекендештер!
Кудай буйруса, Мамлекеттик «Учкун» акционердик коомунун келечегине жакшы жаңылыктарды жаратабыз. Ишеним көрсөтүп, колдоп жүргөн адамдарга ыраазычылык билдирем!”.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы