Экс-депутат Аида Салянова кыргыз элин бүгүнкү Нооруз майрамы менен куттуктады.
—Ардактуу мекендештер!
Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бул улуу майрам менен кошо үйүңүздөргө ырыскы менен кут кирсин! Жакындарыбыз аман болуп, жүрөгүңүздөрдө аруу тилектер, жылуу сезимдер, өчпөс үмүттөр орун алсын!