Мамлекеттик “Учкун” акционердик коомунун жетекчиси Даир Кенекеев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
—Урматтуу калайык калкым! Урматтуу агайын-туугандар!
Сиздердин бардыгыңыздарды жадыраган жаздын, көктөмдүн, аруулуктун жана тазалыктын символу болгон Чыгыш элинин жаңы жылы – Нооруз майрамыңыздар менен ак дилимден куттуктаймын!
Нооруз — фарс тилинен алганда «Ноу»-жаңы, «руз»-күн — деп айтылат. Ошондуктан кыргыз эли бул майрамды жаңы күн, жаңы жыл майрамы деп майрамдап келишет. Бул майрам күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, түн кыскарарын белгилейт. Илгертен ата-бабаларыбыз караңгы түндү жарык жеңет деп бул күндү жаркын маанай менен тосуп алышкан. Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап келишкен.
“Нооруз” жаңы башаттардын башталышы. Анткени жазда өрүкзар гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр ачат. Баарыбыздын алдыга койгон ой-максаттарыбыз орундалып, ишибизди ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн.
Ар бириңиздердин үйүңүздөрдү бакыт кушу уялап, жаш бөбөктөрдүн күлкүсү жаңырып, ырыс-кешикке толуп, жакшылык жылоолоп турсун.
Сиздердин ар бириңиздерге бакубат жашоо каалаймын!
Нооруз майрамыңыздар менен урматтуу замандаштарым!”