«Супер инфо» гезитинин негиздөөчүсү, мурдагы элчи Кылычбек Султан кечээ, 2-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө түзүлгөн “Элдик штабга” барып, Атамбаевге жолуккан. Аны көргөн экс-президент маңдайы жарыла сүйүнгөнүн жашырган эмес.
Бүгүн, 3-июлда эртең менен УКМКнын оперкызматкерлери Кылычбек Султандын үйүнө барып, суракка чакыруу кагазын тапшырып кеткенин super.kg жазып чыкты.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы