Депутат Зарылбек Рысалиев президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго жагынайын дедиби, айтор, ал 21-октябрдагы парламент жыйынында мындай деп кайрылды: «Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиздин кичи мекениңиз — Ысык-Көл. Ысык-Көлдө кыргыздын түбүн түптөп кеткен атуул болгон. Кыргыздын «Басмайылдын жакшысын ээси билбей, ат билет, эр жигиттин мыктысын эли билбей, жат билет» деген сөзү бар. Жусуп Абдрахмановду айткым келет. Сиз Абдрахмановдой мыкты жигит болуңуз».
Анан депутат Жанар Акаевден: «Сиз Манас атаңызды алмаштырдыңызбы?!», — деген сөз угуп кагуу жеди.
«Сооронбай Шарипович, Кыргызстанда Манас атанын ордуна Манассыз!»
Эсиңиздерде болсо керек, Зарылбек Рысалиев 25-июнда парламент трибунасында агездеги президент Сооронбай Жээнбековду Манас атага теңеген. Анда ал: «Сиз, Сооронбай Шарипович, Кыргызстанда Манас атанын ордуна Манассыз!» деп айткан.
Тарыхка кылчайсак…
Мамлекеттик ишмер, тарыхый инсан Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ак-Суу районундагы Чиркей айылында туулган. Орус-тузем мектебинин 3-классын Сазановка (Ананьево) айылынан бүтүргөн. Бул мектепте К.Тыныстанов, А.Жээнбаев, Т.Забировдор окушкан.
1914-жылы Караколдогу баштапкы окуу жайда окуп, 1916-жылы Үркүндүн айынан окубай калган. Үркүндө 7 бир тууганы, ата-энеси каза болот.
1917-жылы Кытайдан келип, ар кимге жалданып иштеген.
1919-жылы Кызыл гвардиянын катарына өтөт.
1919-жылы декабрь айында оорусуна байланыштуу аскер кызматынан бошоп калат.
1919-жылы Түркстан комсомолунун Президиумунун мүчөсү.
1920-жылы РКСМдин III съездинин делегаты.
1920-жылы Пишпек уездик комитетинин уюштуруу бөлүм башчысы.
1924-жылы 24-мартта Түркстан ЦИКтин жооптуу секретары.
1924-жылы ноябрь Облпартбюронун экинчи секретары.
1925-жылы Москвада (ЦК РКП) инструктор.
1927-жылы облаткомдун орун басары.
1927-1933-жылдары облсовнарком, председатель.
1933-жылы сентябрда ЦК РКП (б) бюросунда иштен бошотулат.
1933-жылы октябрда партиянын катарынан чыгарылат.
1934-жылы 4-апрелде камакка алынат.
Коюлган күнөө: Совет өкмөтүнө чыккынчылык менен бөлүп-жаруу иштерин уюштурган; «Социал-Туран» партиясына катышкан; Совет өкмөтүн кулатуу жана Кыргызстанды союздан бөлүп чыгып, улутчул-буржуазиялык бийликти орнотуу менен Англия мамлекетине жармакташууну көздөгөн.
1938-жылы 5-ноябрда атылган.
1956-жылы СССРдин Жогорку Сотунун согуш коллегиясынын чечими менен акталган.
Артында калган кыздары…
«Контрреволюциячыл жана улутчул” деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, 1938-жылы атылып кеткен тарыхый инсандын артында Ленина, Аида аттуу эки кызы калган. Ленина аттуу кызы 81 жашында 2017-жылы каза болду. Анын акыркы жашоосундагы аянычтуу тагдырын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы