Бүгүн, 15-ноябрда, Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү «1-декабрдан баштап пенсия 65 пайызга көтөрүлөт» деген маалыматты четке кагып төгүндөдү.
Алардын айтымында, мындай маалымат жалган, чындыкка дал келбейт. Социалдык фонд пенсияны 7 пайызга көтөрүүнү пландап жатат. Ал үчүн бюджеттен 3 миллиард сом өлчөмүндө каражат талап кылынат.
Эске сала кетсек, кечээ, 14-ноябрда «Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 2020-жылдын 1-декабрынан тартып пенсияны 65 пайызга — 5723 сомдон 9 443 сомго көтөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койду» деген маалымат Интернетке тарап кеткен жана дале бөлүшүп таркатылып жатат.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы