“Ата Мекен” партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаровдун “Мегаком” чырындагы айыптоосуна “Азаттык» аркылуу жооп берди.
— Биринчиден, Жапаров өзүнүн деңгээлин көрсөттү. Экинчиден, сотко түздөн-түз көрсөтмө берди. Анын достору мамлекетти, парламентти, күч түзүмдөрүн башкарып турушат. Биздин соттор көз карандысыз боло элек. Аларга бул түздөн-түз көрсөтмө. Атамбаевден да өткөн басмачылык саясатты улантып жатат.
Садыр ЖАПАРОВ: «Текебаев Маевскийден 1 млн доллар алганы анык, мен аны тастыктап берем»
Жогоруда аты аталган экс-премьер-министр Феликс Куловдун жообун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.
Эске сала кетсек, 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген жалган көрсөтмөнүн, андагы ажо Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген. 2019-жылы Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, үй камагына чыгарган. Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралууда…
Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда кайтарып алган. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, ордун бошотуп берген. Ал боюнча БШКга арыз жазып, ал канааттандырылган.
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат»
Кечээ, 23-ноябрда Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгарды. Тагырагы, акын, президенттикке талапкер Темирлан Ормуковдун арызын сот канааттандырды.
Соттун мындай чечимин Өмүрбек Текебаев тастыктап: «Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат», — деп билдирген.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы