Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-ноябрда, саат 11:59да, Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Базар-Коргон районунун Арсланбаб айылында 3 баллга чейин, Жай-Терек, Оогон-Талаа, Гүмкана айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
ӨКМ Басма сөз кызматы