1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду. Ал бүгүн, 3-февралда, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен премьер-министр болуп дайындалып, парламентте президенттин, депутаттардын алдында ант берди…
Ошентип, 36-премьер-министрлүү болдук…
Бул кызматта 2-5 күн отургандар ким эле?..
Өлкөбүз эгемен болгондон бери 30дан ашык Өкмөт башчылуу болуптурбуз. Өзгөчө Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин бийлигинде бир жылда эле кадр алмашуу аябай болуптур. Алардын ичинде 2 күн, 5 күн премьер болуп кеткендери да бар. Аларды төмөнкү тизмеден караңыз.
- Жумагулов Апас Жумагулович (1991-ж.ж.);
- Исанов Насирдин (1991-ж. 21- январдан 29-ноябрга чейин);
- Иордан Андрей (1991-1992 –ж.ж. премьер-министр милдетин аткарган);
- Чынгышев Турсунбек (1992 -1993-ж.ж.);
- Матубраимов Алманбет (1993 –ж. премьер-министр милдетин аткарган);
- Жумагулов Апас (1993 –1998-ж.ж.);
- Жумалиев Кубанычбек (1998-ж. 14-марттан 23-декабрга чейин);
- Силаев Борис (1998-ж. 23-25-декабрга чейин премьер-министр милдетин аткарган);
- Ибраимов Жумабек (1998-1999-ж.ж.)
- Силаев Борис (1999-жыл);
- Муралиев Амангелди (1999-жылдын 12-21-апрелге чейин премьер-министрдин милдетин аткарган)
- Курманбек Бакиев (1999- 2000-ж.ж.);
- Танаев Николай (2000-2002-ж.ж.);
- Бакиев Курманбек (2002-2005-ж.ж.);
- Кулов Феликс (2005-2006-ж.ж.);
- Исабеков Азим (2006-2007-ж.ж.;)
- Атамбаев Алмазбек (2007-ж. 29-мартка чейин);
- Айдаралиев Искендербек (2007-жылы 29-ноябрдан 24-декабрга чейин);
- Чудинов Игорь (2007-2009-ж.ж.);
- Үсөнов Данияр (2009-2010-ж.ж.);
- Отунбаева Роза (2010-жылдын 7-апрелинен 17-декабрга чейин Убактылуу Өкмөт төрайымы);
- Алмазбек Атамбаев (2010-2011-ж.ж.);
- Бабанов Өмүрбек (2011-ж. 4-сентябрынан 14-ноябрга чейин премьер-министр милдетин аткарган);
- Бабанов Өмүрбек (2011-2012-ж.ж.);
- Карашев Аалы (2012-ж. 1-сентябрынан 5-сентябрына чейин премьер-министр милдетин аткарган);
- Сатыбалдиев Жантөрө (2012-2014-ж.ж.);
- Оторбаев Жоомарт(2014-2015-ж.ж.);
- Сариев Темир (2015-2016-ж.ж.);
- Жээнбеков Сооронбай (2016-ж. 13-апрелинен 2017-ж. 22-августуна чейин);
- Мухаммедкалый Абылгазиев (2017-ж. 22-августунан 25-августка чейин премьер-министр милдетин аткарган);
- Сапар Исаков (2017-2018-ж.ж.);
- Мухаммедкалый Абылгазиев (2018 — 2020-ж.ж.);
- Кубатбек Боронов (2020-жылдын 16-июнунан 6-октябрына чейин);
- Садыр Жапаров (2020-жыл, 10-октябрь…)
- Артём Новиков (2020-жыл, 15-ноябрда баштап премьер-министрдин милдетин аткарган)
- Улукбек Марипов (2021-жыл, 3-февраль)
Ой, ким бул ой?
41 жаштагы Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн. Ал мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын отличниги.
Эмгек жолу:
1997-2001 — «Кызыл Кетмен» дыйкан чарбасынын жетекчиси.
2001-2002 — КР Каржы министрлигинде жетектөөчү адис.
2002-2003 — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы.
2003-2005 — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы.
2005-2006 — Жогорку Кенештеги депутаттын консультанты.
2006-2008 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө эксперти.
2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор.
2010-жыл — КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси.2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – КР өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор.
2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин КР президентинин жардамчысы.
2015-жылы КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары.
2016-жылдан бери Эсептөөө палатасынын төрагасы.
ПыСы. Жаштар, жаштар деп жаттык эле… жаштардын дүбүртүн тыӊшап көрөлү эми…
2 thoughts on “Кааласак, каалабасак да, Улукбек Марипов 36-премьер-министр болду. (Тизме)”