Президент Садыр Жапаров премьер-министр кызматы жоюлаарын «Telegram» каналы аркылуу бүгүн, 4-февралда, билдирди.
Айтымында, жаңы дайындалган өкмөт элге ишин көрсөткүчө алты ай талап кылынат; ал арада жаңы даярдалган Конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынат; алардын негизинде жаңы реформалар, өзгөрүүлөр болот; бири-бирин кайталаган мекемелер жок болот; премьер-министр кызматы жоюлат. Бул процесстерди басып өтүү үчүн убакыт талап кылынат…
Эми, бара көрөрбүз дейт го элибиз… Андыктан жакшы тыянактан үмүт кылабыз…
Эске сала кетсек, кечээ, 3-февралда, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен премьер-министр болуп Улукбек Марипов дайындалып, жаңы өкмөт курамы түзүлдү. Алар кечээ парламентте ант берип, иш башташты…
Айтмакчы, Конституциянын жаңы долбоору парламентке 2-февралда жиберилгени айтылды. Эми ал парламенттин үч окуусунан өтүшү керек. Конституциянын бул жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Ага ылайык, премьер-министрлик кызмат жоюлат. Тагырагы, эки чылбыр, бир тизгин бир адамдын колуна өтөт…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы