«Бешинчи каналга» тарыхчы Ташмамбет Кененсариев, манас таануучу, филология илимдеринин доктору Жылдыз Орозобекова, доктор Мээрим Көлбаева, жазуучу Абдымамбет Сариев чакырылып, манасчы Жусуп Мамайдын вариантындагы алешемдиктерди талкуулашты. Анда Жылдыз айым: «Манас» эпосунун салттык традициясында эпостун калыптанган өзөктүк формасын бузганга эч бир манасчынын акысы жок! Кыргыздын тарыхын чагылдырган окуяларда ата-тектин таралышын бузганга эч кимдин акысы жок. Жусуп Мамайдын «Манас» эпосу боюнча жазган вариантын Суслова которду. Анда: «Кыргызды кулдан тараган, эшектин этин жеген» деп жазылып жатат. Биз Жусуп Мамайдын кыргыз элинин тарыхын бурмалаган вариантын жайылтууга болбойт! Каршыбыз. Биз Сагымбай менен Саякбай атанын Манасын гана тааныйбыз«,- деп күйүп-бышып жатат.
Төмөндөгү видеону аягына чейин көрүп, жыйынтык чыгарып, үн кошуӊуздар!
P.S. «Жусуп Мамайдын манасчылык мурасын көз карегиндей сактоо зарыл» деп тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин «Азаттыкка» былтыр жазып чыккан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуӊуздар.