Бүгүн, 25-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Алар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, миграциялык чөйрөлөрдөгү кыргыз-орус кызматташтыгы, эл аралык, регионалдык жана интеграциялык уюмдар алкагындагы көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуугун талкуулашып, бир катар документтерге кол коюшту.
Төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргызстан өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандагы идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо системасын түзүү максатта, Орусия тарабынан Кыргызстанга кайтарылгыс техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
- Эки мамлекеттин Коргоо министрликтеринин макулдашуусу менен Кыргызстандын аймагында пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча протокол;
- КР менен РФтин 2021-2025-жылдарга карата коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосундагы аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;
- КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен РФ Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба продукциясын жеткирүү жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы