ВИДЕО — МОМБЕКОВ: «Жапаровду суракка чакырабыз деп мени адашып чакырып алышты окшойт»

ВИДЕО — МОМБЕКОВ: «Жапаровду суракка чакырабыз деп мени адашып чакырып алышты окшойт»

Бүгүн, 1-июнда, Жогорку Кеңеш депутаты Рыскелди Момбеков УКМКга сурак бергени чакырылды. Ал себебин сураган «Спутниктин» журналистине мындай деп жооп берген: «Мени адашып чакырып алышты окшойт, Акылбек Жапаровду чакырабыз деп, мени чакырып алышты окшойт. Айтышты, «Кумтөр ишине» байланыштуу күбө катары деп. Күнөө бар жерде күбө болот, бирок, бул жакка келгенде күбөдөн күнөө кылып коюп жатпайбы«.

ВИДЕО

Экс-депутат Максат Сабиров да чакырылды…

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Сабиров да Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) «Кумтөр иши» боюнча сурак берип чыкты. Ал 2012-жылы түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү болгонун, күбө катары сурак бергенин билдирди.

Белгилей кетсек, УКМК «Кумтөр ишине» байланыштуу мурдагы, азыркы бир нече аткаминерге айып коюп, суракка чакырууда. Кечээ, 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров УКМКга суракка чакырылып, эки айга камакка алынса, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка камалышкан. Мурдагы өкмөт башчылары Темир Сариев менен Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан эле.

Акылбек Жапаров айтымында…

Эске сала кетсек, быйыл, 17-февралда, «Кумтөр» алтын кениндеги “Центерра голд” компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча 12 адамдан турган депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Анын төрагасы болуп депутат Акылбек Жапаров шайланган эле. Комиссия чыгарган бүтүмдөрдү парламенттин 17-майдагы кезексиз жыйынында окуп тааныштырып жатып, Темир Сариевдин атын атап, бир катар сындарды айтканы эсибизде.

Акылбек Жапаровдун буга чейин да: «Канадалык компания менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы шарттарды макулдашкан адамдарды, өлкөнүн мурдагы жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо керек!» деп демилге көтөрүп чыкканы бар. Андай жоопкерчилик үчүн Аскар Акаевден тартып айтып чыкканда, ал айыптоолорго тунгуч президентибиз «Кумтөр» боюнча эң одоно мыйзам бузуунун башында Акылбек Жапаров турат» деп жооп кайтарган эле…

Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү…

УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев болсо, «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу кылмыш иштеринде аты аталган аткаминерлер суракка чакырыларын эскертип билдирген эле… Андыктан, эгер Темир Сариевдин чакырылганы чын болсо, «Кумтөр» маселесине кыйыр да, түз да катышы барлар бир топ экенин эске алганда, канча бир чиновник, чиновник эмеси да жакын арада УКМК босогосун атташары турган иш…

Сырдуу, табышмактуу «Кумтөр» алтын кениндеги келишим…

Чубактын кунундай чубалган «Кумтөр» алтын кенинин чыры да, “ыры” да азайбай, келишпестик маселелери улам көйгөй катары көтөрүлүп чечилбей келатканы келаткан. Анын башы «Кумтөр» алтын кени ачылып иштей баштаган тээ Аскар Акаевдин бийлигинен башталып, уланып келатат. Кыргызстанда «Кумтөрдү» иштеткен “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр оперейтинг компани” ишканаларына байланыштуу соттук териштирүүлөр 2012-2013-жылдары эле башталган. Экотехинспекция 4 доо менен: “кенден чыккан калдыктар муздун үстүнө ташталган”; “жер катмары бузулган”; “эсепке алынбаган уу заттар калдык сактоочу жайларга төгүлгөн” жана “суу үчүн акы төлөнгөн эмес” деп сотко кайрылган. Сот да улам жылып отуруп, 2016-жылдын май, июнь айларында Бишкектин райондук соту бул өтүнүчтөрдү канааттандырган. “Центерра” «кыргыз өкмөтүнүн дооматтарын негизсиз» деп, Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын жарыялаган эле. Бирок 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлгандан бери “Центерра” да эл аралык арбитраждагы териштирүүнү улам кийинкиге жылдырып келаткан…

А чындыгында «Центерра Голд» компаниясы кайсы Өкмөт келбесин, тез тил табышып келишимди өз ченем-кызыкчылыктарына карап узартып келатышканы ачуу чындык. Тилекке каршы, бир дагы премьер-министр же президент муну ачык айткан эмес жана айтпайт деле…

Жеңиш СЕЙДАЛИЕВ: «Кумтөр» кайсы убакка чейин иштей турганы белгисиз»

Былтыр, 16-декабрда, «Кыргызалтындын» Тышкы экономикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Сейдалиев «Кумтөр» боюнча «Азаттыкка» мындай деп маалымат берген: «Кумтөр» кайсы убакка чейин иштей турганы белгисиз. Ал боюнча «Центерра» менен «Кумтөр Голд» менен да сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Алар чалгындоо иштерин жүргүзүп жатышат. 2026-жылга чейин иштеп турса, балким анын иш мөөнөтү 2030-2031-жылга чейин узарышы ыктымал. Ага биз аракет кылып жатабыз».

Ал эми «Центерра Голд Инк» компаниясынын айтымында алар 2026-жылга чейин алтын казууну токтотпойт болчу. Алар бул тууралуу расмий сайтына да жайгаштырган эле. Анда «Кумтөр Голд Компани» 2021-жылы 515 миң унций, 2022-жылы 605 миң унций, 2023-жылы 375 миң унций, 2024-жылы 200 миң унций, 2025-жылы 105 миң унций жана 2026-жылы 85 миң унций алтын өндүрүүнү пландаганы жазылган. Кыскасы, 6 жылда 1 млн. 885 миң унций (53 тонна алтын) алышмакчы болушкан…

Садыр ЖАПАРОВ: «Кумтөрдө» алтын түгөнүп калган»

Мындай маалыматты президент Садыр Жапаров, болжолдошубузда, бийликке келгенче билбесе керек. Себеби, ал бийликке келгенче «Кумтөрдү» толугу менен мамлекетке өткөрүүнү талап кылып келаткан болчу. Анан ал 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялардан кийинки бийлик алмашууда премьер-министр, кийин президенттин милдетин да кошо аткарып калды. Журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөндө, кесиптештерибиз дагы, ага чейин андагы ЖК депутаты, азыркы спикер Талантбек Мамытов да «Кумтөр» тууралуу сурашканда, ал «Кумтөрдө» алтын дээрлик түгөнүп калганын, аны мамлекетке кайтарып алуунун зарылдыгы жок экенин айткан эле…

Балким, айрымдар белгилегендей, ал билдирүү ошол учурдагы мамлекеттин кызыкчылыгына керек кандайдыр зарылчылык болгон…

Деген менен, Кыргызстандагы алтын кендеринин эң ириси – «Кумтөр». Ал Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан. Анда учурунда алтындын 396 тоннадай кору бар деп эсептелген. 1997-жылдан 2018-жылга чейин 345 тоннадай, 2019-жылы, бир жыл ичинде 534,563 унций же 16 тоннадай алтын казылганы айтылган.

«Кумтөр» алтын кенинен кийинки сапта «Макмал», «Жерүй», «Талды-Булак», «Иштанберди», «Солтон-Сары» турат. Мындан башка дагы кендерибиз бар. Бирок, бардыгын чет өлкөлүк компаниялар иштетет… Ошондон, анык кожоюндары көп ачыкка чыкпай, лицензия алуу, берүү, кендердин туура иштетилиши, бизге пайданын чегерелиши ж.б. көйгөйлөр дале көмүскөдө калып келет… Балким ачыкка чыгабы? Бул чоӊ суроо. Себеби, буга чейин деле канча деген комиссия түзүлгөн, эч кимиси кыйратып жиберген деле эмес. Эми болсо «жоопкерчилигин карамай, текшермей, аныктамай» сындуу иштер орун алууда… Бир караганда убагында табакташ болуп «жеп-ичкендер» күнөөлүү эмес, күбө катары чакырылымыш болуп бири-бирине шылтап жатышкандай туюлат…

Эл деген бар, эмне болуп кетээрин убакыт көрсөтөр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.