Эсен болуп, эстей жүр!
1996-жыл, 16-июнь. Аска-зоо атабыздан ажыраган күн. Мен 26 жашта, кичүү иним Анарбек 1-классты аяктап, 7 жаштагы бала эле. Андан улуусу 11 жаштагы иним Эрлан дал ошол күнү атам менен талаага мал жайып кеткен экен… Атабыздын өнөкөт ашказан оорусу бар эле, акыркы күндөрү ошол оорусу күчөп, жарасы ачылып кыйналса да, ат үстүнөн түшкөн жок, акыркы сапарга да ат үстүндө узады…
Ошол биздин үйгө жаман кабарды угузушкан күндөн бери 25 жыл өттү… Атабыз ар бирибиздин эсибизде эӊ сонун ата катары калды. Атам колунда эмнеси бар, эмнеси жоктугуна карабай берешен болчу. Улакчылык да жайы бар эле. Колхоздун бардык жумушун иштеди, бир жылдары биздин айылга апийим айдалып, апийим тилип да калыптыр. Анан талаа-түз, тоо-кырда апам экөө кой багышты. Ортодо эки жылдай тракторист да болуптур. Кийин бир канча жыл катары менен азаптын азабы болгон тамеки багып, үзүп, тизип иштеп калышты. Биздин баарыбыздын эсибизде калганы, көкөйүбүзгө тийгени да ушул тамеки болгон. Анткени кол-аякка жарап калганыбызда таӊ атпай парниктен алып барып көчөттөрүн отургузушуп, жөөктөрүн чаап, үйүшүп, кийин үзүшүп, тизишип калдык…
Атабыз талаада ат үстүндө үзүлгөндө жанында болгон 11 жашар иним атабыздын акыркы мүнөттөрүн эстеп бир канча жыл ыйлап жүрдү. Атабыз ою менен болгон эӊ кичүү иним, «топурак салсын» деп ала кетишкен экен, атабызды жайына коюп кайтып келишкенде, «Атамды топурак менен көөмп салышты» деп көзү жашылданып айтып келип баарыбызды ыйлаткан…
Ошол эки иним бүгүн зыйкыйган жигиттер болду, бири -архитектор, бири — дизайнер. Атабыз ушул эки кичүү баласын өзгөчө жакшы көрчү эле…
Бүгүн биз атабызды эстеп, куран окудук. Атабыздан ажыраганыбызга 25 жыл болуптур…
Жолдо келатып атамды эстедим. Мен чоӊ энемдин колунда эрке өскөндүктөн атамды байке деп чоӊойдум. Менин АТА деген сөзүмдү укпай кетти. Боз үйдө отурганда ата же байке дей албай кыйналдым. Сөөгүн алып чыгып жатканда, чоӊ апам «бетин ачып көрсөк болобу, балдарына жүзүн акыркы жолу көрсөтүп кой» молдодон уруксат сураганда, кирип атабыздын уктап жаткандай суналып жатканын көрүп коштошконбуз. Атамдын апасы – чоӊ апам «мени узатсаӊ болмок да, балам» деп уулунун чекесинен сылап, ыйлап 3 жолу «Ыраазымын» деп айтты эле…
Кийин да, эсимде, чоӊ апам: «Балам аппак болуп, нур төгүлүп жатат, балакетиӊди алайыным» деп атабыздан жаш калган бизге кайрат айтканы менен окуп жаткан курандын аягына чейин чыга албай, «Бейишке чык, балам. Мага топурак салсаӊ кана» деп ыйлап калчу. Баласынан ажырап калган эне күйүтүн ошондо түшүндүм. Бизге сыр бербегени менен ичинен сызып эле жүрдү. Кайрат айтып, атамдын кыркылыгы өткөнчө жаныбызда жүрдү. Атамдын билимин айтып жүрдү. «Кичинесинен эле эсепти кыйын билчү, кол жазмасы сулуу болчу. Китеп окуп берчү. Биз согуш учурунда талаада иштедик. Ошондо эмчектеги иниси Абайды жонуна көтөрүп алып мага эмизгени талаага алып келип жүрдү, балакетиӊди алайыным. Үйдөгү оокаттын баарын кылчу, камыр жууруп, нан жапчу, инилерин бакчу. Кара жумушка бышык эле. Ошол баламды айылдын эле бир баласы машина менен коюп кетип, бир өлүмдөн калды эле. Атаӊардай таза, ак жашады! 26 жаштасыӊ, турмушка эрте эле чыксаӊ го күйөө баласын көрүп кетмек экен. Эми мен көрөмбү?» деп шаштырчу дайыма. «Апа, эч кимди сүйбөйм да» десем, «Турмушка чыксаӊ сүйүү анан келет. Биз деле ошентип жашап кеткенбиз. Азыр турмуш куруп алсаӊ, жаш калган бир туугандарына ата болот эле да. Баары бир жер күтүп турат сени. Күйөөӊдү сыйла. Эрин сыйлаган эшикте калбайт. Мына тапкан апаӊ дагы атаӊа өйдө караган жок, аябай сыйлады. Апаӊдан үлгү ал. Апаӊарды жакшы карагыла!» деп кеп-кеӊешин дайыма айтып отурчу.
А чынында алтын апабыз атабызды аябай сыйлады. Бир жаман айтканын көргөн жокпуз. Атабыз аябай таза киши эле. Бут кийимдердин чачылып турганын жаман көрчү. Кечке чачылып жатып, атам келатканда бут кийимди тизип, эшиктин алдын сапырып шыпыраар элек…
Ошол алтын атам күйөө бала көрбөй, куда күтпөй 54 жашында кетти. Чоӊ энем да күйөө баласын зарыгып күтүп жүрүп өттү. Чоӊ энемден ажыраганда жер астын-үстүн болду го, чиркин. Жоктоо дарты менен көп жыл оорудум. Чоӊ энем түшүмө кирип, «Ыйлаба, кызым, өзүӊдүн апаӊды кара, карачы арыктап кетти» деди. Чын эле арыктап кетиптир, көрсө, баарын эне көтөрөт тура. Ошондон кийин өзүмдү колго алгам..
Кийин кечигип бактымды таптым. Кечиккен махабатым Эрнис экен. 2013-жылы 23-мартта баш коштук. Мени узатышканда, атамдын агасы Жакып атам: «Ушул кубанычты атаӊ менен чоӊ апаӊ көргөндө эмне? Экөө теӊ зарыгып күттү эле го. Аттиӊ ай, аттиӊ» деп мени кучактап алып аябай ыйлады. Араӊ турган жаным мен да ыйладым… Бул кубанычтын көз жашы эле.
Ошол кубаныч 7 жыл гана болду. Алтындай болгон 83 жаштагы Жакып атам кемпири Оӊдобү апам экөө кычыраган кышта, алыстагы айылыбыздан таяктарын таянып Бишкекке куран окутууга келип кетишти. Анда да араӊ турган жаным, «Ата, атоо» деп кучактап жыгылдым. «Арга жок, айла жок, кызым, белиӊди бекем буу. Оорубасам Ат-Башыга барып, күйөө балама топурак салмакмын. Бара албай калдым, кечир, кызым» деп чекемден өөп, саамайымдан сылап жатты…
Мен бүгүн көзү өткөн асыл адамдарымды — өз атамды, чоӊ апамды, Эрнисимди эске түшүрүп, көп нерсени эстедим…
Көпкө зарыгып күткөн күйөө баласы Эрнисимди чоӊ энем менен атам тосуп алып, таанышып алышкандыр дедим өзүмдү жооткотуп…
Апа, ата, Эрнис, жаткан жериӊер жайлуу, топурагыӊар торколуу болсун!
Назира СААЛИЕВА