31-август Эгемендүүлүктүн 30 жылдык маарекесин утурлай, “Данакер лингво” маданий-илимий коомдук бирикмеси “Эгемендик элибиздин байрагы” аттуу сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган бирикменин жетекчиси Кундуз Исмаилова билдирди.
Укпадым дебеӊиз, чамдаӊыз!
Сынактын жол-жобосу:
- Сынак улут тандабайт (бардык улуттун өкүлдөрү катыша алат);
- Жашына карабайт (улуу, кичүү муундагы калемгерлер катыша алат);
- Калемгерлер сынакка мурда эч жерге жарыяланбаган ырлары менен катыша алат.
Байгелер:
Баш байге — «Алтын калем» төш белгиси
1-орун — «Мыкты калемгер» төш белгиси
2-орун — 1-даражадагы Диплом
3-орун — Диплом
4-орун — Ардак грамота
Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар да бар.
Мөөнөтү:
20-июндан 25-августка чейин кабыл алынат. Сыйлыктар комиссия мүчөлөрүнүн чечими менен салтанаттуу түрдө тапшырылат.
Эскертүү: сынакка катышчу чыгармаларды «СЫНАККА» деп баш жагына жазып, «Фейсбукта» Кундуз Исмаилова, Нуржамал Султанбекова менен бөлүшүү зарыл.
Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Султанбекова (0709 85 17 71)
Сурап билүү телефону: (0509) 24 04 19