Бүгүн, 22-июнда, Таласта милиция «Өспүрүм — эмгек» аттуу алдын алуу иш-чарасын жүргүздү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Анын алкагында ар кандай иштерде иштеп жатышкан өспүрүмдөр бар-жогу текшерилген.
Айтымында, иш-чара Талас ОИИБ жана ШРИИБ өздүк курамы тарабынан балдар менен иштөө комиссиясы, балдар жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмү, тиешелүү министрликтин жаштар иштери боюнча өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жана башка коомчулуктун өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлгөн.

«Өспүрүм — эмгек» иш-чарасынын жүрүшүндө мурда болгон эки кылмыштын бети ачылып, дайынсыз жоголгон бир жаш өспүрүмдү таап ата-энесинин колуна тапшырып беришкен. Кыязы, алар менен да өзүнчө түшүндүрүү, баарлашуу жүргүзүлгөн. Себеп дегенде, өспүрүмдүн үйүнөн качуусунун себептеринин текшерилиши шарт да…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы