Айтылуу Мелис Эшимкановсуз 10 жыл. Эртең, 15-сентябрда эскерилет (Дарек)

Айтылуу Мелис Эшимкановсуз 10 жыл. Эртең, 15-сентябрда эскерилет (Дарек)

Эсен болуп, эстей жүр!

15-сентябрь. Дал ушул күнү белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевичтин жүрөгү токтогон. Андан бери 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак. «60ка чыгамбы, 70ге чыгамбы, кеп анда эмес экен, өмүрдү кандай өткөрдүӊ, кеп ошондо турбайбы» деп бир тууган иниси Эрниске айткан сөзү бар… «Кайран гана байкем, 50 жашка да чыкпай кетти» деп арман кылып жүрүп, өзү да 50гө чыкпай кетти… Күйүттөн кетти… 1 жыл 8 ай 14 күн болду. Гений ага-ини 49 жашында кетти…

«Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!»

Эртен, 15-сентябрда, саат 11:00дө, «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү Мелис Эшимкановдун эстелигинин алдында маркум агабыз эскерилет.

Эскерүү иш-чаранын уюштуруучусу Мелис Эшимкановдун жубайы Асел Эшимканова.

Саясаттагы, журналистикадагы үзөңгүлөш досторун, чыгармачыл адамдарды, кесиптештерди эскерүүгө чакырабыз!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Бир аздан соң Асел Эшимканова, Султан Раев, Мамат Сабыров, Бакыт Орунбеков, Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке), Бекташ Шамшиев, Үсөнбек Дайырбеков, Азимжан Ибраимов, Осмонакун Томтоев, Элмира Тезекбаева жана маркум Эрнис Асек уулунун эскерүүсүн (маегин) окуй аласыздар!

Жеӊиш ЖУМАКАДЫР: «Ага-ини кетти ээрчишип, 49 жаштын кырында, сүйлөшүп экөө алгандай…»

ЖОКТОО
Сөзү: Жеӊиш Жумакадыр
Кошок кошкон: Өмүрзак Кайыпов
Кыргыздын чыгаан жигити,
Кыйлалар баркын билүүчү.
Бийикке башы жетсе да,
Бир калыпта жүрүүчү.
Ээрчитип кетти көрүнөт,
Эсили Мелис күйүтү.
Ажалга дабаа бар кандай,
Алптар да дүйнө салган жай.
«Асабадан» таанылып,
Ак сөздү айткан тайманбай.
Ага-ини кетти ээрчишип,
Кырк тогуз жаштын кырында,
Сүйлөшүп экөө алгандай.
Билимдин кенин казган жан,
Биз билбес көп иш аткарган.
Ааламдык адабиятты,
Алмадай башка каткан жан.
Генийдин өзү болсо да,
Келбес бир жайга аттанган.
Кыргыздын тилин сүйчү эле,
Улуту үчүн күйчү эле.
Канжарды курч деп айтабыз,
Калеми андан курчу эле.
Коомубуз окуп калсын деп,
Котормолорду сунчу эле.
Өзүнө өзү үлгү эле,
Өмүрдүн баркын билди эле.
Өзгөлөрдү туурабай,
Өзгөчө өмүр сүрдү эле.
Топуракка көмүлдү,
Тоодой бир болгон бир дене.
Эринүү эмне билбестен,
Эмгекти кылса гүлдөткөн.
Козготуп ички дүйнөсүн,
Конфуций менен сүйлөшкөн.
Булгаковун орустун,
Так кыргызча сүйлөткөн.
Жүрөгү жалын от болчу,
Жүйөөлүү сөзгө токтолчу.
Эрнистен кеңеш уксак деп,
Эчендер келип топтолчу.
Көөдөнү кардай таптаза,
Көралбастыгы жок болчу.
Журналист десең журналист,
Журтуна арбын кылган иш.
Акын десең алп акын,
Ал жагы айкын турган иш.
Эрнистин атын өчүрбөй,
Эскеребиз жылда биз.
Булактай эле соолуду,
Буйруктуу ажал тооруду.
Көр турмуш сыноо жолуна,
Көңүлү сыздап ооруду.
Көз жумду жүрөк дартынан,
Көтөрө албай ооруну.
Эрнистей болгон бийикти айт,
Эскерген элде күйүттү айт.
Эченге устат асыл жан,
Эрнистей болгон күлүктү айт.
Эчен бир кылым өтсө да,
Эч качан кыргыз унутпайт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.