Журналист Аскер Сакыбаева «Мыйзамдарды жоо куугандай кабыл албайт, оңдобойт. Ошол мыйзамдар менен иштей тургандардын кеңешин угуп кабыл алат» деп, бул тууралуу журналисттер коңгуроо кагып жатканын баса белгилеп, бийликтегилерге жазылган кайрылууну «Фейсбуктагы» баракчасына кечээ, 30-сентябрда жарыялады.
Ал кайрылуу социалдык тармактарда кызуу талкууланууда…
КРнын Президенти
С. Н. ЖАПАРОВго
КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы
Т. Т. МАМЫТОВго
КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы
У. А. МАРИПОВго
Ведомстволор аралык эксперт тобунун төрагасы,
КРнын Экономика жана финансы министри
А. Ү. ЖАПАРОВго
КРнын Юстиция министри
А. Р. ЧЫНБАЕВАга
КАЙРЫЛУУ
Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынан (ММК) турган медиа коомчулук журналистердин жана медиа уюмдардын атынан массалык маалымат каражаттарынын ишин жана журналисттердин укуктук макамын жөнгө салган мыйзамдарды инвентаризациялоо аракетине көңүлүңүздөрдү бурабыз.
«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө», «Телеберүү жана радиоберүү жөнүндө» жана «Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын баалоодо, инвентаризациялоо боюнча кошумча жумушчу топтун эксперттери аталган мыйзамдарга бир аз оңдоолорду киргизүү мүмкүндүгүн гана көрсөтүшкөн.
Мындай бүтүмдөр аталган мыйзамдардын мазмунунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, социалдык адилеттик жана өнөктөштүк принциптерине, зарылдык талаптарына, максатка ылайыктуулугуна, натыйжалуугуна жана предметти жөнгө салуунун жеткиликтүүлүгүнө негизделген. Ошондой эле ички карама-каршылыктардын, кагылышуулардын жана укуктагы боштуктун жоктугу да эске алынган.
Бирок медиа коомчулукту өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн инвентаризацияланууга тийиш болгон 359 мыйзам ичинен ММКлардын жана журналисттердин ишин жөнгө салган мыйзамдардын («Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө») биринчи кезекте караштырылып жаткандыгы тынчсыздандырууда. Бул үчүн 2021-жылдын 13-сентябрында шашылыш түрдө тегерек стол өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча КР Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттер белгилүү формулировкалар боюнча кыска мөөнөттүн ичинде сунуштарды кийрүүнү сунуш кылып жатышат.
ММКлардын жана журналисттердин ишин тескөөчү мыйзамдар жарандар, массалык маалымат каражаттары, журналисттер, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ортосундагы өз ара мамилелердин ар кандай татаал көрүнүштөрүн жөнгө салып келет. Бул жаатта каалаган өзгөртүүнү, анын ичинде анча олуттуу эмесин да киргизүү адегенде терең талдоону, бардык кызыкдар тараптар менен кеңири талкууну жана мындай жыйындарды басма сөздө ачык чагылдыруу менен кароону талап кылат.
Мыйзамга кандайдыр бир өзгөртүүнү киргизүү үчүн белгилүү бир укуктук карым-катнаштарды жөндөө максатында концепцияны иштеп чыгуу зарыл, мисалы, журналисттер менен ММКлардын маалыматка жетүү укугу, башка ченемдик- укуктук актылар менен шайкеш келүүсү ж. б. Мыйзам долбоорунун концепциясынын жоктугу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» КР Мыйзамынын (51-бер. 6-бөл., 56-бер.) ченемдерине каршы келет. ММКлар жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо аракеттери, киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясын аныктабай туруп жүргүзүлүп жатат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, медиа коомчулук ММКлар жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштардын иштелип чыгуусун азыр эрте деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, сиздерден «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын учурда өзгөртүүсүз калтырууну суранат.
Кайрылуу кызуу талкууда…
Жыргалбек Касаболот:
— Мисалы ошол эле фейктерге каршы деген мыйзамды бийликтин тарапкерлерине каршы иштетиштиби? Менимче эч ким иштеткен жок. Эки жакка бирдей иштебесе мыйзамдын эмне кереги бар?
Аскер Сакыбаева:
— Жыргалбек, туура айтасың. Ал бийликтин өзүн гана коргой турган мыйзам болчу. Биз кол жеткен жерде какшап айттык. Даканса бийлик укпаса эмне кылабыз? Азыр да эчтеке эмес, шайлоо агитациясынын учурунда, шайлоо убагында ошол мыйзам кандай иштээрин көрөбүз.
Акматжан Кадыралиев:
— «Фейк» эле дейсиңер, фейкиңер ким өзү? «Фейк»деген сөз кандайча мааниде чечмеленет? Түшүндүрүп койгулачы.
Аскер Сакыбаева:
— Акматжан Кадыралиев, жалпак тил менен айтканда, «жалган, калп» деген эле сөз. Мисалы, бир адам дагы бир адамды жамандоо, каралоо үчүн өз атынан эмес, жалган же фейк ат менен социалдык тармактарда аккаунт ачып ошол аркылуу өз максатын ишке ашырат. Мындайлар шайлоо учурунда көбөйөт. Атаандаштар бири-бирине фейктер аркылуу «маалымат согушун» алып барышат.
Жыргалбек Касаболот:
— Акматжан Кадыралиев, «Али Токтакунов Атамбаевден акча алыптыр», «Жер жалпак экени дайын болду», «Ташиев тажиктерди талкалап салды», «Баланча дубадан кийин түкүнчө киши тирилип кетиптир», «Ким Чен Ын күнгө космостук кеме жиберди», «Түкүнчө активист кыз баланчанын ойношу экенин баланча ашкереледи» деген сыяктуу такталбаган, бурмаланган жалган маалыматтардын баары фейк. Бир топтору «Тез көр, өчүрүп салат!», «Шок!», «Эркекче айтты!» деген сыяктуу ураандар менен коштолот. Ал эми башка бирөөлөрдүн аккаунтун же белгисиз аккаунтту жамынып, ошондой маалыматтарды тараткандарды, атайын сөгүп-сагып акмакчылык кылгандарды, элдин пикирин атайын бургандарды тролль дейт. Азыр троллдордун чоң-чоң командалары саясатчыларга иштейт. Эгерде аларга каршы мыйзамды чындап иштете турган болсо азыркы бийликтин тарапкерлери өздөрү биринчи иретте жазалана турган жагдайлар толтура. Бирок жазаланганын көргөн жокпуз.
Акматжан Кадыралиев:
— Анда фейк, сейки жок эле «ушакчы»,»жалганчы»,»калпычы»деп кыргыздын сөзүн колдонбойсуңарбы?
Жыргалбек Касаболот:
— Ошол ушакчы, калпычы, жалганчынын бир түрү, бирок соцтармакка тиешелүүлөрү. Көчөдөн ушак айткандары булардын катарына кирбейт. Булар Интернетке адистешкен, атайын аракеттенген, атайын технологияны колдонгон адамдар жана командалар.
Эрлан Жумагазиев:
— Парламенттеги «жетим жүгүрүктөр» биздин тилди алып, мыйзамды артка кайтарып берер бекен? Аай, ишенбейм!
Сайрагүл Дуулатова:
— “ММК жаатында мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары” боюнча медиа коомчулуктун өкүлдөрү Президентке кайрылуу жолдоду. Анда ММКга тиешелүү мыйзамдарды журналисттердин катышуусу жок, пикири, сунуштары жок, такыр эле эске алынбай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү убактылуу токтотуп, жумушчу топ менен бирдикте иштешүү сунушу берилди. Президент Садыр Жапаров аталган кайрылууга сөзсүз реакция жасап, медиа коомчулукту колдойт деп ишенебиз.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Бул маселе боюнча тегерек столдогу талкууну көрүү үчүн бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыңыз.