«Түндүкэлектр» ишканасы Бишкекте миңдеген абонентинин жарыгын өчүрөрү тууралуу эскертүү берди. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-ноябрдан тартып дебитордук карызы бар 4600 абоненттин электр жарыгы автоматтык түрдө аралыктан өчүрүлө баштайт.
«Шаар боюнча абоненттердин дебитордук карызынын жалпы суммасы 12,1 миллион сомду түзүүдө», — деп билдирди «Азаттык» радиосуна ишкананын басма сөз катчысы Мээрим Жусупова.
Мындай эскертүү ноябрь айында экинчи ирет берилип жатат. Айдын башында карызы бар 6 миң абоненттин электри өчүрүлөрү айтылган.
Кыргызстанда быйылкы кыш электр энергиясынын тартыштыгы шартында башталууда. Бишкекте үч фазалуу эсептегичтерге пломба коюлуп жатат.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы