Бүгүн, 28-ноябрда, саат 20:00до Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады. Парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына боюнча, алдыда 6 партия келатат.
Электрондук үкөктөрдүн автоматтык эсебинин болжолдуу жыйынтыгы боюнча, 5 % чектен 6 партия өткөн:
1. «Ата-Журт Кыргызстан» — 16.93%
2. «Ишеним» — 13,57%
3. «Ынтымак» — 10,89%
4. «Альянс» — 8,29%
5. «Бүтүн Кыргызстан» — 6,78%
6. «Ыйман нуру» — 6,04%
Эске сала кетсек, парламенттик шайлоого 21 партиядан 1004, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты. 5% чектен өткөн партияларга 54 мандат, бир мандаттуу округдарга 36 мандат берилет.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы