«Ыр дүйнөгө» келиниздер!
Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Анатай Өмүркановдун “Ыр дүйнө” аттуу чыгармачылык кечеси 7-декабрда Т.Сатылганов Улуттук филармониянын кичи залында өткөнү турат. Башталышы: саат 14:00до. Кирүү акысыз.
Ушул керемет ыр кечени утурлай, архивибизди аңтарып, залкар акынды жарык дүйнөгө алып келген Шаршенгүл апабыз менен болгон маекти сунуштап турабыз. Мындан 15 жыл мурун — 2007-жылдын 8-мартынын алдында апаны куттуктап барып, маектештик эле…
АРХИВден…
«Анатайдын макаласын атасы экөөбүз окуп кубанганбыз»
Кырбашева Шаршенгүл Орозовна 83 жашта. Айтылуу акын Анатай Өмүркановдун апасы. Кошокчу (обону менен кошок айтып берди – С.Н.) апабыздын айтымында, Бишкекке келгенине үч жыл болгон. Кичүү кызы Жыпардын колунда. Кызынын айтуусунда, апасынын көзүнүн көрбөй калганына сегиз жыл болгон. «Көзү эле көрбөй калганы болбосо, эс тутуму жакшы, сүйлөгөнү тың, тамакка тибити жакшы, уйкусу тынч. Акыл-насаатын айтып, жакшы карууда. Апамдын көзүнүн майы шырдак, ала кийиз, туш кийиз жасаганга кетпедиби… 60 шырдак шырып, кыз-кыркын, неберелерине чейин берген. Кыздарына септи өзү даярдаган. Колунан көөрү төгүлгөн уз апабыз бар»,-дейт Жыпар эже.
Шаршенгүл апа үч бир тууган болгонун, Ороз Нуралиев аттуу байдын кызы болгонун, жокту билбей чоңойгонун, 5 класстык билими бар экендигин, 3-класста лагерге барганын, ата-энесин сагынып ыйлаганын айтып күлдү. «Таластык кызмын. Солтонун жээнимин. Акбай Бабурдун уруусунанмын» дейт. Жакшы турмушта келатканда атасы кулакка тартылып, байдын балдары куугунтукка алынып, байлыгы тартылып кетет. Ал убакта байдын кызы кармалса өлтүрүлгөнгө буйрулган. Ошондон чочулаган туугандары өзүнөн 27 жаш улуу жигитке күйөөгө беришет. Ошентип, апа 18 жашында, Манас районундагы Арал айылына келин болуп калат. Кыйын турмушту ошол жерден өткөрөт. Орок оруп, чалгы менен чөп чаап, кыскасы, эртеден кечке талаа жумуштарында жүрөт. Апасынын кылган ишин Анатай агай эки куплет менен эле элге жеткирип койгону бар. Ал мындай:
«Тоо менен өзүңүздү тептең көрөм,
Бактыңыз бир айылды кетмен менен.
«Жаздын күнү — алты айлык кышты багат»
Деп айткан сөзүңүздү эстей берем.
Тер менен тосуп жылдын ар бир таңын,
Камырдай жуурудуңуз Жердин жанын.
Атыңыздан жаңылбайт буудай, таруу,
Жана дагы жалбырагы кызылчанын».
Апа акын баласы тууралуу буларды айтты:
— Анатайды 19 жашымда төрөгөм. Жети жашынан баштап чоң баладай жумшай баштадык. Аябай иштерман болчу: ишти да кылып, окуганга жа жетишчү. Майрамдарда берген тыйындарды чогултуп, ага «Эне-бала», «Кыргыз эл жомоктору» аттуу китептерди сатып келип, аны чырактын жарыгында окучу, бир нерселерди жазчу. Көрсө, таланты бар турбайбы. Макалалары гезит бетине жарыкка көрө баштаганда, атасы экөөбүз аны кайра-кайра окуп, абдан кубанаар элек. Чалым экөөбүз да гезит-журнал, китептерди көп окучубуз. Уул-кыздардын баарын жогорку билимдүү кылдык. Кырк жашымда келиндүү болдум. Балдардын баары үйлөнүп-жайланган. 17 небере, 9 чөбөрөм бар. Жаркылдап Жыпарым багып жатат. Анатай да ыраазы болуп «Карындашым Жыпарга» аттуу ыр жазганы бар. Эртең менен эрте жумушка кетип, кеч келет. Көзүм көрбөй калгандыктан, бир жакка жылгандан корком. Диванда эле олтурам. Анан неберелерим келип, китеп окуп беришет. Алар келгенче кассетадан Атай Огомбаевдин, Муса Баетовдун музыкаларын угам. Бир уккан кишинин үнүн экинчи жолу келгенде дароо тааныйм. 1998-жылы Илгиз Айтматов кымыз ичем деп экинчи уулум менен үйгө келиптир. Анын үнүнөн таанып, «Илгизсиңби?» десем, балдарым аябай таңгалышкан. Эс тутумум жакшы. Бир эле уккан нерсемди кайра кайталап айтып бере алам»,-дейт апа.
Назира СААЛИЕВА,
«Бишкек таймс», 2007-жыл, 6-март
АПАнын ак батасы
Шаршенгүл апа менен маектешип бүтүп, үйгө кетип жатканда: «Кагылайын кызым, түгөйлүү бол! Анатайымдай акын жигитке турмушка чык!» деп ак батасын берди эле. Апанын айтканындай эле, акынга турмушка чыктым. Бирок, ал бакыт 7 жылга эле буйруптур… Эрнисимдин чоң апасынын акыркы жашоосундагы жазганын берип коюуну туура көрдүм.
Записки от скуки
Жапайы
„Всякий, кто любит одиночество, либо — дикий зверь, либо — Господь Бог“
(Фрэнсис Бэкон)
Чоң апам төшөктөн туралбай калыптыр. Мен 1-курстун студенти элем. Айылга каникулга барып калдым. Терезенин түбүндө жатыптыр. Бутумдун учу менен басып келип баш жагына олтурдум. Көздөрү жумулуу. Сөөгү эле калыптыр. Өзү айткандай, «чымын жаны» эле калыптыр. Тизелеп карап олтурам. Жүзүнөн өбөйүн деп эңкейип баратсам. «Кимсиң?» деди. Үнү араң жай чыкты. Алыстан, алыстан, тээ ордун түбүнөн угулгандай чыкты. «Кимсиң?».. Акырын жүзүнөн өптүм. «Келдиңби, саргалдай?» деди. Дароо тааныды. «Мени тирүү көрбөсүң го дегем. Тирүү деп коем, тирүү болсом ушинтип жатат белем? Саадат кандай?» деп апамды сурады. Мен көзүмдү албай карап олтурам. «Кыйкырып сүйлөбөсөң, кулак да кер, көз да көр» деди. Сол колун эки колума алып, акырын өптүм. Колдору муз менен таш. Качан кармабасам, ар дайым колдору жылуу эле. «Өзүм өлүк болсом да, сөзүм тирүү чыкканын кара, саргалдай. Денемдин муздаганына көп эле болуп калды. Кудайым качан алып тынат, билбейм, каралдым»,-деди. Көзүмдө ысык жаш кылгырат… «Эрнике, сүйлөй гой, же коркуп жатасыңбы?»,-деди.
Дагы колунан өптүм. Тамагым ачышты. Ар дайым сүйлөбөй, тунжурап калсам эле, «Эмне коркуп жатасыңбы?» деп калчу. Байке, жеңе, эже, неберелерин баарын бирден сурап чыкты. Жакшы деп тим болом да, муз менен ташка айланган колунан өбөм. «Аман жүрүшсө болгону» деп коет. Төшөктө эле жатам. Уруслан да жаныма жолобой калды. Эки-үч күндөн бери заарасы деле жок, заңы деле жок. Тамак ичип деле жатам, эмнеге жок билбейм, каралдым. Учурум келип калган го»,- деди. «Мен келдим, эми жаныңызда үч күн болом»,-дедим. «Ыракмат, балам, ыракмат. Өлүк жанымды тирик кылдың. Басып жүргөндө куш менен деле , ит менен деле, жел менен деле сүйлөшө берчү элем. Төшөккө жатканы сүйлөшкөндү кой, эмне болуп жатканымды деле билбей калчу болдум. Илгеркилер гана чала-бучук көз алдыман өткөндөй болот. Бу директир жолоочунун энеси «чала-бучук» десе, күлүп калаар элем…» деп барып унчукпай калды. Үч күн бою жанынан чыкпадым. Ар демени сүйлөмүш болобуз. Көбүрөөк сүйлөсө, демигип кетет, унчукпай калат. Экинчи күнү кечке маал, сүткө нан чылап, жаш баладай кашык менен оозуна салып жатсам, «Мен да сени ушинтип багып чоңойтком. Мелисимдин келинчегин, чөбөрөм Жылдыздан бери көрдүм. Ушу сенин аялыңды да көрүп каламбы» дедим эле жаман арымда. Адам баласында ар деле жок болот тура. Эми жакшы аял алсаң экен деп калды. «Албайм!» дедим өктөм. «А-аа, ары жок, албай кайда барасың? Өпкө-жүрөгүңдү чапкылап, байкуш Саадатты кыйнаган күнүң да келет. Ошол мамкеңе көрсөтүп, алды-артыңды карап алсаң болду. Анан «сүйөм-күйөм» деп дагы бир шайтанды ээрчитип келбей. Аласың, албай.. Аялы жок адам асманы түнт адам. Андай болбо, балам!»,-деди. «Болсомчу» дедим баягы кичинемдегидей кежирленип. «Жапайы болуп кетпейсиңби?» деди тек гана. Күлгөнсүдү же күлө алсачы…
Жогорудагы Бэкондун сөздөрүн окуп алып, ушинтип чоң апамды эстедим. Мен кеткенден кийин, апам бир жарым айдан кийин көз жумду.
«Жапайы болуп кетпейсиңби?» деп айтканы, акырын жылуу чыккан сөзү азыр да кулагымда жаңырды. Чын эле жапайы болуп баратам окшойт. Жалгыздыкты жанымдай көрүп калдым. Бүт дүйнөдөн, жалгыздык кучагына бөпөлөнөм…
Френсис Бэкон «Господь Бог» деп кудайды оозанып өтөт, өтөт, өтөт. Бирок, ал чоң жаңылышат. Жараткан жалгыздыкты эч качан жакшы көргөн эмес. Пайдаланган, туура пайдаланууга гана үндөгөн. Мендей жапайы болсун деген эмес…
Эрнис АСЕК уулу