«Эр Табылды» энциклопедиясы… Тарыхый инсандар… Тарыхый окуялар… (ВИДЕО)

«Эр Табылды» энциклопедиясы… Тарыхый инсандар… Тарыхый окуялар… (ВИДЕО)

Улутту улут кылып турган улуттук баалуулуктар, улуттук дөөлөттөрдү коргоо, сактоо, тактоо, изилдөө, жайылтуу иш-чаралары утурумдук эмес, үзгүлтүксүз жасалчу иш-аракеттер. Ушул багытты толуктап президент Садыр Жапаров жыл башынан бери бир топ Жарлыкка кол койду. Анын ичинде аталышы узун «Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) жана кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгы бар. «Манас» улуттук академиясы дал ушул Жарлык негизинде  «Эр Табылды» экциклопедиясын даярдап, басып чыгарып, бет ачарын 21-декабрда өткөрүштү.

Айтмакчы, бул энциклопедия академия «Кенже эпостордун энциклопедиялары» долбоорунун алкагында даярдаган кезектеги эмгектин бири. Кеңири таанышканга чейинки билгенибиз — энцилопедияда эпос тутумундагы  түшүнүктөр, терминдер лингвистикалык, адабий, философиялык ж.б. өңүттөгү иликтөөлөргө алынып, жыйындысы жалпылаштырылып берилген. Тагырагы, эпос текстинин мисалында жүргүзүлгөн изилдөөлөр аркылуу элибиздин мезгил жаңырыгындагы дүйнө таанымы, тарыхы, этнологиясы, маданияты, географиялык абалы, согуштук өнөрү өңдүү өзгөчөлүктөрү, эпосту буга чейин кимдер иликтеген,  жайылткандыгы тууралуу кеңири да, кыскача да маалымат ала алабыз.

Ток этерин айтканда, маалымдама адабият аталган тармак кезектеги илимий-маалыматтык табылга менен толукталды. Анын бет ачарына өкмөт өкүлдөрү, тарыхчы, адабиятчы, лингвист, философ, этнограф, географ аалымдар, коомдук ишмерлер жана «Эр Табылды» кенже эпосун толук айткан, жазып калтырган манасчы, акын, дастанчы, комузчу Актан Тыныбековдун уулу белгилүү драматург, театр режиссеру, төкмө акын Табылды Актанов катышты.

Иш-чара башталганча айрым журналисттер Табылды агабыздан учкай маек алганга үлгүрүштү. Суроолор арасында кесиптештерден «Бул иш-чарага сиздин кандай тиешеңиз бар?» деген да собол узап кетти. Ага жоопту бул жерден көрсөңүздөр болот.

Маалымат үчүн, жанрдык мүнөзү боюнча баатырдык эпос саналган «Эр Табылды» көп варианттуу эпос. Көп варианттуу дегенде, айтуучусу түмөн эмес. Бизге Актан Тыныбеков, Ырысбай Дыйканбай уулу, Жума Жамгырчиевге таандык үч вариант маалым. Булардын ичинен Актан Тыныбековдун айтуусундагысы «мазмуну толук, композициялык жагынан тыкан, көркөмдүгү жогору» (Батма Кебекова) деп эсептелет. Бул вариант алгач 1940-ж. Түгөлбай Сыдыкбековдун редакторлугу менен жарык көргөн, бирок, тилекке каршы, кол жазмасы сакталбай калган. «…Кыргыз калкы басып өткөн катаал күндөрдүн изи, баатырдык күрөштөрүнүн, илгери үмүт, ой-тилектеринин элеси, жандуу тарыхы катарында эл көңүлүндө, ой сезиминде күнү бүгүнкүдөй сакталып, али да бүтүндөй бир элдин көңүлүн толкутуп, термелткен идеялык мазмуну бийик, көркөмдүгү жогору чыгарма» «Эр Табылды» көп таланттын ээси Актан Тыныбековдун көмөкөйүнөн кандай жаралганын уулу Табылды Актановдун баяндоосунан угуңуз…

«Атам «Эр Табылды» эпосун үйдө отуруп алып жазган эмес»

«Супарадагы» Эр Табылды…

«Эр Табылды» эпосун айтып жүргөн дастанчы…

Тасмалардан кийин конокторго сөз берилип, алар бир ооздон улуттук мурастарды кийинки муунга жеткирүү максатта кенже эпостор энциклопедиясынын чыгып жатканы жакшы жышаан экендигин баса белгилешти, ал үчүн «Манас» улуттук академиясына ыраазычылык билдиришти.

Андан сон Актан Тыныбековдун вариантындагы «Эр Табылды» эпосун айтып келаткан, маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин шакирти, дастанчы Улукбек Токтоболот уулу «Эр Табылды» эпосунан үзүндү айтты…

«Эр Табылды» энциклодепиясы кандай даярдалган жана ага эмнелер камтылган?

Жеткинчек муун мектеп программасынан кыскача окуп таанышкан «Эр Табылды» кенже эпосундагы башкы каарман Табылды баатырдын айланасындагы окуялар болжол менен ХV-ХVIII кылымдар ичиндеги калмактардын (тарыхта жуңгарлар, ойроттор деп да аталат) басып кирүү мезгилинен алынган. Баатырдык эпостордун бардыгындай Табылдынын да ички, тышкы душмандары болот. Балагатка жете электе атасынан айрылып, бирок баатырдыгы, эр жүрөктүүлүгү, тайманбастыгы эрте байкалып, жанына кылычтай курч кырк жигит топтоп, карындашы Карлыгач баатырдык иштерине жардамдаш, көмөктөш болуп, Эрмек, Элдияр деген эмчектеш эки дос күтүп, энеси калмак, «котур ташы койнунда» аталаш бир тууганы Кудайназар жана анын уулдарынын чыккынчылыгынан калмак Чалкалмак менен кармашып, дагы далай жоону беттеп жарадар болуп, андан айыгып, акыры Чалкалмакты жок кылат. Актан Тыныбековдун айтуусундагы эпос гана Табылдынын Чалкалмактын кызы Торкобекке үйлөнүп, эки элдин ортосунда ынтымак орношу менен аяктайт.

Эми ушул кенже эпостун кайсы кыры, кайсы сыры энциклопедия болуп жаралды, эмнелер камтылды —  кенен китеп ичинде таанышасыздар. Энциклопедиянын жооптуу редакторунун айтымында, бул эмгек 11 ай ичинде эле даярдалган. «Кенже эпостордун энциклопедиялары» долбоорунун алкагында алгач 550 беттик «Эр Төштүк» энциклопедиясы жарык көрүп, «Эр Табылды» энциклопедиясы ага караганда көлөмдүү, 720 беттен турары айтылды. КТРК, А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасы, К.Баялинов атындагы жаштар жана балдар китепканасы, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен тыгыз кызматташууда, адабий, фольклор (эпос) таануу, лингвистикалык, философиялык, психологиялык, медициналык, тарыхый, географиялык, аскердик, антропологиялык, этнографиялык аспекттерде даярдалган изилдөөдө Актан Тыныбеков жана Ырысбай Дыйканбай уулунун варианттарына басым жасалган. Буга чейин иликтегендер, жайылткандар тууралуу кыска маалыматтар камтылып, 1300гө жакын термин, түшүнүктөрдүн концептуалдык маани-маңызы, озуйпасы талданып, жалпылаштырылып берилген.

Иш-чара жыйынтыкталар алдында «Манас» улуттук академиясынын жетекчиси Талантаалы Бакчиев Табылды Актанов агабыз жана башка энциклопедияны түзүүгө жардам көрсөткөндөрдүн баарына диплом менен «Эр Табылды» энциклопедиясын тапшырды.

Табылды Актанов буга чейин айтылбагандарды айтып…

Аягында Табылды агайга сөз берилип, ал академия жетекчисине жана жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирип, атасынын айткандарын апасынан укканын кызыктуу кылып айтып берди. Ал төрөлгөндө атасы алгач «Эр Табылды койсомбу» деп ойлогонун, «кийин балам эр болбой калсачы деп кооптонуп «эр» дегенди алып, Табылды» деп атаганын айтып күлдүрдү… Анан атасынын «Эр Табылды» кенже эпосун жаратып калышына Токтогулдун шакирти, төкмө акын Калык Акиев, ал эми өзүнүн драматург болуп калышына Мамлекеттик гимндин автору, акын, драматург  Жалил Садыков түрткү болгонун айтып өттү…

Тарыхый инсан – көп талант ээси Актан Тыныбеков

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында (1888-жылы) жарык дүйнөгө келген Актан Тыныбеков залкар манасчы Тыныбек Жапый уулунун баласы. Жаштайынан атасы айткан «Манасты» угуп чоңоюп, ата жолун улаган шык, өнөрү да эрте — он үч жашында байкалган. Алгач комуз коштоосунда элдик ырларды аткарып таанылган. Кийин өзү да ыр чыгарып баштаган. 1936-жылдан 1947-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенген.

«Эр Табылды» кенже эпосун толук айткан Актан Тыныбеков мыкты комузчу, күүчү болгон. Көптөгөн күүлөр ичинде «Манас» эпосунун салттык обонунун негизинде «Чоң кошуун», «Семетей күү» күүлөрүн жараткан. «Манас» эпосундагы «Көкөтөйдүн ашынан» үзүндү, «Семетей» бөлүгүнөн «Семетейдин жетим калып Букарга барышы» жана «Семетей Букардан Таласка келип Манастан калган мүлктөрдү алып жаткан жери» деген эпизоддорду жаздырып, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондуна өткөргөн. 1951-жылы дүйнөдөн кайткан улуу таланттын артында калган уулу Табылды Актанов агабыз да ата жолун улантып маданият, искусство адамы болду.  “Манас” дастанын жана кыргыз тарыхын даңазалаган заманабыздын залкар драматургу, театр режиссеру, төкмө акыны «Тыныбек, Актан,Табылды» аттуу китеп да жазды. Ал тууралуу маеги 2014-жылы «Баягы Асаба» гезитине чыккан…

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.