БОЗДОГОН ЭНЕ: «3 жаштагы кызымды кыйнап өлтүргөн тиш догдурлар жазалансын!» (ВИДЕО)

БОЗДОГОН ЭНЕ: «3 жаштагы кызымды кыйнап өлтүргөн тиш догдурлар жазалансын!» (ВИДЕО)

106 миң сомго бааланган өмүр өлүм менен аяктады

Тишин дарылоо учурунда, тиш догдурлардын колунан көз жумган үч жашар (Алия Кубанычбекова) наристенин бир заматта муздак жер алдында калганына баарыбыз кайгырып отурабыз.

Алиянын апасы Айдана Касымакунованын айтымында, каргашалуу окуя 18-декабрда болгон. Кызынын тиши ооруп, таң атканча ыйлап чыккан.  Ириңдеп калганын байкаган ата-эне дарылатуу үчүн Бишкектеги Dentamax клиникасында иштеген Кадыркулова Айганыш деген тиш догдурга кайрылышкан жана бир топ адистер менен кеңешишкен. Алар Алиянын жаак сөөгүн операция кыларын айтышкан. Ал 106 миң сомго бааланган. Ошондой эле алар операция аталган клиникада эмес, И. Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жасаларын, Алияга эч кандай ийне сайылбасын, «Севоран» дарысын гана жыттатып уктатарын, операция төрт сааттай болорун айтышкан. Операция алты саатка созулуп кеткенде ата-эне тынчсыздана баштаган… акырында суук кабар угушкан… тиш догдурлар кызынын жүрөгү токтоп калганын айтып, эшиктерин бекитип, качып кетишкен…

«Кызымды мыкаачылык менен өлтүргөндөргө чара көрүлсүн!»

Алмончоктой небересинен айрылып, кан жутуп отурган Алиянын чоң энеси Айгүл Исакованын айтымында, небересинин колуна ийне сайылган, оозу көгөргөн бойдон муздаган денесин келинине чыгарып беришкен. Наристенин ар кайсы жерине ийне сайгылашкан: колунда катетер, буттарында жана жамбашында ийненин изи калган…

Бир заматта жаркылдаган кызынан айрылып калган ата-эне, чоң эне президент Садыр Жапаровго, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге жана кайрылып, окуяны дыкат иликтеп, тийиштүү адамдарды жазага тартууну суранышууда.

Айгүл Исакованын айтымында, тиш догдурлар наристени өлтүрүп койгондору аз келгенсип, аларга күндө ар кайсы жактан телефон чалып, баласына басым жасашкан. «Мыкаачылык менен кымындай кызымды өлтүрүштү. Азыр келинимдин оозу кыйшайып, улам эсин жоготуп, алты айлык эмчектеги баласын карабай жатат. Балам шок абалда! Айланайындар, жардам бергиле, буларды жакшылап текшерип, катуу көзөмөлгө алгыла!» деп ыйлап, сыздап отурат чоң эне.

Кылмыш иши козголду. Комиссия түзүлдү!

Каргашалуу окуяга байланыштуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш ишин козголгон. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бардык экспертизалар дайындалган, тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат. Милиция кызматкерлерине тапшырмалар берилип, күбөлөр суралууда.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түздү. Окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин Dentamax клиникасы жабылды.

Адвокат ачыктабаса эмне болмок эле?..

Наристенин бейажалы тууралуу кечээ, 21-декабрда адвокат аркылуу билдик. Канат Хасанов «Фейсбукта» түз эфир уюштурган. Ошондон кийин коомчулукка маалым болуп, тиш догдурлардын шалаакылыгы талкууга түшуп, жоопко тартылышын талап кылышкан. Талап кылабыз! Тиш доктурлар тезинен жоопко тартылсын!

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.