“Китепкана түнγ-2026”: Психолог Мээрим Мураталиева менен жолугушууга келиңиз! (Дарек. Видео)

“Китепкана түнγ-2026”: Психолог Мээрим Мураталиева менен жолугушууга келиңиз! (Дарек. Видео)

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана 28-майда Президент Садыр Жапаровдун «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнγ – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрөт.

Уюштурулган иш-чарага Кыргызстандагы таанымал психолог, психотерапевт жана профайлер Мээрим Мураталиева да чакырылган. Ал адам мимикасын, эмоциясын, сүйлөө манерасын жана кыймыл-аракетин  анализдөө аркылуу анын психологиялык портретин түзүп берет. Адам калп айтып же чын сүйлөп жатканын, ниетин аныктоо ыкмаларын да жакшы билет.

Эгерде ар кандай турмуштук кыйынчылыктардан улам депрессия, стрессте жγрсөңγз, анда 28-майда, Улуттук китепканага келип, ички сырыңызды, бугуңузду Мээрим айымга айтып берсеңиз болот! Туура багыт, депрессиядан чыгуу жолдору боюнча кеңештерин сизге акысыз эле берет!

Белгилей кетсек, Улуттук китепкана кызматкерлери келген конокторго белгилүү инсандар, психолог, юристтер, шахматисттер менен жолугушууларды, мастер-класстарды, жасалга-колдонмо өнөрү көргөзмөлөрүн, адабий сынак, интеллектуалдык оюндарды, видеокөрсөтүүлөрдү, концерттик номерлерди, кинолорду, театрлаштырылган жана башка кызыктуу оюн-зооктор, кыскасы, 50дөн ашык иш-чараны уюштурат.

28-майда Улуттук китепканага келип, кадырлуу конок болуп, көңүл ачып кетиңиздер!

Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 208

Убактысы: 18:00-24:00

 Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.