Биз сүйгөн Айтматов: окуучу кыздын кызыктуу дил баяны…

Биз сүйгөн Айтматов: окуучу кыздын кызыктуу дил баяны…

Айтматов ааламы…

«Дүйнөнү калем менен багындырган» залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында жарык дүйнөгө келип, 2008-жылы 10-июнда дүйнөдөн өткөн. Көзү тирүү болгондо быйыл 95 жашка толмок. Улуу жазуучубуздун 100 жылдыгына даярдык көрүү, 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлгөн.

Алп жазуучубуздун 95 жылдыгына арналган иш-чаралар (жыл башынан бери) ар кайсы аймактарда уюшулуп, окуучулар арасында да сынактар жүрүп, Айтматов ааламын ачып берүү аракеттери кылынууда…

Ошондой жеткинчектердин бири — Талас облусунун Бакай-Ата районундагы В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 11-классынын окуучусу Айжамал Кенжегулова. Анын Айтматов ааламына чабыт жасаган дил баяны редакциябызга келип түштү.

Апасы Боромбаева Нуржамалдын айтымында, кызы улуу жазуучу Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюшулган Талас райондук сынакка «Биз сүйгөн Айтматов» деген дил баяны менен катышып, 1-орунду ээлеген.

Окуучу кызыбыздын ошол дил баянына ортоктош болуңуз, окурман!Айжамал алп жазуучубуздун чыгармаларына үстүртөн мамиле кылбай, китептерин кайра-кайра кайталап окуп, андан чоң сабак алганын жазыптыр. “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген учкул сөзүн көкүрөгүнө түйүп алган кызыбыздын келечеги кең, өмүрү узун болсун! 

Назира СААЛИЕВА

Биз сүйгөн Айтматов

Орус акыны Александр Твардовский: ”Пушкиндин генийлиги – ал бизге бала кезде келет, ал эми биз аны улам жаш өткөн сайын түшүнөбүз” деп айтканы бар эмеспи. Анын сыңары – аалам алпы Айтматовдун чыгармаларын улам убакыт өткөн сайын кайталап окуп көрүп, өзүм үчүн улам бир ачылыш, улам бир турмуштук сабак, улам бир жаңы дүйнөнү ачкандай болдум. Бүгүнкү күндө да көркөм адабиятка кызыгып китеп окуп калуума сүйүктүү жазуучумдун баа жеткис чыгармалары себеп болуп, алыстан закым болуп көрүнбөй бир көрүнгөн сыйкырдуу дүйнөгө жетелеген маяк сымал жол көрсөтүп, окуган сайын тамшандырып, окуган сайын таткантып чакырып тургансыды…

Эсимде эң алгач бала кезимде залкар жазуучубуздун “Бугу эне” жомогун сүрөтүнө кызыгып  окусам, бара-бара “Ак кеме” (“Жомоктон кийин”) деген гана чыгармасы басылган кичинекей китеби жатсам башыма жаздап окуган, кайда жүрсөм да кошо алып жүргөн кол китебиме айланды. Канча жолу кайталап окусам да моокумум канбай, окуган сайын чыгармадагы жомоктор дүйнөсүнө саякаттап, баланын аруу дүйнөсүнө арбалып, кыргыз жерибиздин ажайып кооздугуна суктанып таасирлендим. Кылымдарды бүктөмүнө каткан карт тарыхыбызга көз чаптырдым.

Атам заманда, жер бетинде чөптөн токой көп, кургак жерден суу көп болуп турган кезде улуу уруу кыргыз журту Эне-Сай деген өзөндүн боюн жайлап турган экен.

Ал улуу дайра, кең өзөн түндүктө Сибирь деген жерден агат. Атчан адам үч жыл, үч ай жүрүп араң жеткен ал дайраны азыр Енисей дешет. Илгери бабаларыбыз Эне-Сай дешчү.

Эне-Сай, сендей жайкын өзөн барбы?

Эне-Сай, сендей жаркын мекен барбы?

Эне-Сай, сендей кыйын азап барбы?

Эне-Сай, сендей ыйык азат барбы?

Эне-Сай, сендей жайкын өзөн болбос!

Эне-Сай, сендей жаркын мекен болбос!

Эне-Сай, сендей кыйын азап болбос!

Эне-Сай, сендей ыйык азат болбос!

Ак кеме (тасма) - Википедия

— “ Бу баланын эки жомогу боло турган “ деп башталган чыгарманын  биринчиси таятасынан уккан жомогу  болсо, экинчиси жан адам билбеген баланын өз жомогу боло турган…

Бала ал жомогун оюнда гана өзү бир көрбөгөн, бирок жолугушууну эңсеген матрос атасына гана айтат, аны менен сырдашат. Баланын жомогун ээрчип окурман жаратылыштын жандуу, сыйкырдуу, кооз дүйнөсүнө сүңгүп кирет. Анда бардык нерсе жандуу. Адамдар сыяктуу эле булуттар дагы капаланганды, кубанганды билип, бирде арстан болуп жалын үксүйтүп, бирде аккуу болуп моюнун койкойтуп түпсүз көккө каалгып оюн куруп, көңүлүңдү алаксытат.  Танка ташына минип алып душмандар менен салгылашса, саймадай кулпурган гүлдөр жыты аңкып баланын жаралуу жүрөгүнө дары сыңары дем берет.

Чыгарманы окуп бүткөндөн кийин баланын акактай таза дүйнөсүн өлүмгө кыйбай туталандым, ыйладым.

  • Эмнеге бала балык болуп сүзүп кетти?
  • Ал Ак кемеге жетип матрос атасына жолуктубу?- деп ой артынан ой келип “кап” деп өкүндүм…

Баланын жалгыз таянганы Момун чалдын өтө эле жооштугуна, ал эми Орозкулдун зөөкүрлүгүнө кыжырландым.  Кудайым ырас эле ушундай адамга бала бербептир деп дагы шыпшынып алдым.

Мындан дээрлик жарым кылым мурун, тактап айканда 1970- жылы “Алдыда жалаң жаркыраган келечек күтүп турат!” “Коммунизмди курабыз!”деген саясий  идеялогиясы күчтүү СССР деген улуу державада жашап жатып алп жазуучубуз  Калыгул олуядай эле алдыны көрө билген экен.

1785-1855-жылдары  жашап өткөн Калыгул олуя:

Уй пул болор,

Кул бий болор.

Тоо токол болор,

Талаа токой болор.

Аяк адам баш болор,

Баш адамдар пас болор.

Тегиз жерден тегирмен чыгаар,

Тексиз жерден бий чыгаар.

Алка жака сссалынган кийим чыгаар,

Акча кагаз пул болуп, тыйын чыгаар.

Айылын жоодой аңдыган жыйын чыгаар.

Атасынан баласы кыйын чыгаар

Этеги жок чапан чыгаар.

Эң кийинки баласы тапан чыгаар.

Кичинекей куту чыгаар,

Сүйлөп берээр чукусанар.

Маскөөдө жүрсө уулуңар,

Үйүңдөн сөзү угулаар.

Темир минип учаарсың,

Куштай болуп сызаарсың…- деп айтып кеткен болсо, азыркынын олуясы Айтматов баланын образы аркылуу бала коомдо  толук үй-бүлөдө гана толук кандуу тарбиялана ала тургандыгын, баланын баёо дүйнөсү аркылуу ачып берген.  Жашоодо үй-бүлөнү сактап калуу негизги максат экендигин, ажырашуунун аягы баланын жан дүйнөсүнүн жабыркашына, акыры өлүмгө алып келиши да мүмкүн экендигин “Атаңдын аты Дөнөнбай!”, “Атаңдын аты Дөнөнбай!” деп  чөлдү кезип жар салып учуп жүргөн ак куш сыяктуу көзгө сайып айтып кеткендей ой калтырат.

История деда Момуна, вдохновившая Айтматова на «Белый пароход»

Көрсө, көсөм жазуучубуз бүгүнкү күндүн тирүүлөй ата-энесинен ажырап, Момун чалдай таятасынын колунда жана анын өгөй кемпири Керездей болгон таене, таяжеңе, таяжелеринин колунда калып запкы көрүп жаткан, жылына он миңдеген ажырашуулардын айынан  ата-энелери мигрант  болуп кетип жаткан балдардын аянычтуу тагдырын жазгандай сезилди.

Ажырашпагылачы, балдарынарды тирүүлөй жетим калтырбагылачы!- деп Кордондо үч үйдүн ортосунда ойнооруна  өзү теңдүү бала жок, маңдайдан сылаар ата-энеси  жок бакыраң көз баланын аянычтуу тагдыры көз алдыма тартылды.

Ал эми Чынгыз Айтматовдун негизги чыгармалары совет доорунда жаралса да, алар бүгүнкүдөй маанилүү. Анын кеменгерлиги — кечээкини бүгүн көркөмдөп айтып бергендигининде гана эмес, эртеңкинида көрө билгендигинде. Окурман үчүн көп чыгармалары улам жаш өткөн сайын жаңы өңүттөн өзгөрүп турат.

“Тоо бийиктиги алыстаганда билинет” дегендей кечээ эле 80 жылдык торколуу тоюн мамлекеттик деңгээлде белгилейбиз деп турганда көзү өтүп кеткен алп жазуучубуздун мына быйыл 95 жылдыгын белгилегени турабыз. Айтматовду окуган ар бир окурман “Мен Айтматовдон эмне алдым?» деген суроону өзүнө берип жооп алса жана анын чыгармаларындагы катардагы эле карапайым каармандардан чынчылдыкты, эли-жерин сүйүүнү, ак сүйүүдө туруктуулукту жана кайратмандыкты үлгү кылып алса деп ойлойм.

Жеке мен үчүн жазуучунун жалпы эле адамзатка кайрылган “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген учкул сөзү чакырыктай туюлат. Азыркы учурда көпчүлүк адамдар биринчи орунга жалган атак, мансап, байлыкты коюп алып ошого жетебиз деп  алсызды тоноп, калп айтып, аксымдык кылып башкаларды тебелөө менен максаттарына умтулушат. Өз пайдабыз үчүн биз адам жасабай турган нерселерди жасашыбыз мүмкүн. Мисалы, сабырсыздыктын айынан бат эле ачууланып кетебиз, ачууланып бирөөгө жаман сөздөрдү айтабаз, бирөөнү күнөөлөйбүз, кээде адамдар бирөөнүн бир нерсесин сурабай, уруксатсыз эле алышат, жамандык кылышат. Жогорудагы иш- аракеттерди жасаган адам жасаган жосундары үчүн өкүнүп, экинчи мындай болбой, сабырдуу, токтоо, уяттуу, адамгерчиликтүү болууну чечсе- анда булэң жакшы кадам болот. Эгер адам жакщы жолго бурулууну каалабаса — бул эң жаман көрүнүш. Катачылыкты ар дайым оңдоого болот. Ошондуктанар дайым өз катабызды сезе билип, кечирим суроого үйрөнүшүбүз керек. Айтматов абдан даанышман, ойчул адам болгонуна сыймыктанам, мактанам. Мен ар дайым жакшы кадамдарга барып, адам бойдон калууга аракет кылам.

Адам үйдө да, коомдо да ар кандай кырдаалда адам бойдон калышы керек. Ошондуктан Айтматов айтмакчы “Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы — үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү” экен.

                                           Айжамал КЕНЖЕГУЛОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.