Эрнис АСЕК уулу: «Атамдын» айткандарына көңүл бурсаңар…»

Эрнис АСЕК уулу: «Атамдын» айткандарына көңүл бурсаңар…»

Эсен болуп, эстей жүр!

23-октябрь. Бүгүн атабыз (кайын атам Асанаалы (Асек) Эшимканов (1936-1981) көз жумган күн. Анда жолдошум Эрнис Асек уулу (1970-2020) 11 гана жашта экен. Алтыным атадан эрте калганын арман кылып айтып да, жазып да жүрүп өттү… Бүгүн атасынын жанында… Экөөнө багыштап куран окудум. Айла жок, айла жок!

Байымдын жазгандарынын баарын «Эрнис Асек уулу» аттуу көлөмдүү китептен окуй аласыздар, ал даярдалууда… Азырынча «Баягы Асабага» жазгандарын окуй туруңуздар!

АРХИВден…

Сүрөттөр тиктейт дубалдан…

Сүрөттө: Эрнис атасы менен

1981-жылы 23-октябрь жума күнү атабыз Асек Эшимканов көз жумду. Анда мен кичинекей бала. Күнү бүгүнкүдөй эсимде. Төркү үйдө чоң апам экөөбүз жатчубуз. Апам диванда, мен жерде. Түнкү он бирлер болуп калган. Жаңыдан жатып жатсак эле, котологон эл кирип келди. Арасынан апам кыйкырды: «Апа, Асектен айрылдык! Асектен айрылдык!» деп…Андан бери бир топ жыл өтүптүр. Атам да жок, чоң апам да жок, апам да жок, алты жылдан бери Мелис байкем да жок.

2011-жылы жазында байкем негедир атамдын өлгөн күнүн эскерип, үшкүрүнүп, ошондо апам-атама арнап аңгеме жазганын, аны «Ленинчил жаш» гезитине алпарса, чыгарбай койгонуна кейип, «Жакшы жазсам керек эле, ошону кийин таппай калбадымбы, он тогуз жаштагы жаш уландын кыйкырыгы эле да» деп калды. Мен жылмайып, «Менде» десем, чочуп кетти. «Койсоңчу, аны кайдан катып жүрөсүң? Койчу, ишенбейм» дейт.

«Чын эле менде, байке, мен билинбеген архивмин да» деп, ар кимге жазган далай каттары да менде сакталуу турганын, бир гана 20 жашында жазган киносценарийин жоготуп алганымды айтсам, мени бооруна кысып,«Мага окутчу» деди. «Үйгө барып, сары чемоданды аңтарыш керек» дедим. «Анда бир күнү алып келесиң да» деп койду. Тилекке каршы, окутканга үлгүрбөдүм.

Байкем атамды өзгөчө жакшы көрөр эле. Бир жолу атамдын жаш кезиндеги чоң сүрөтүн көтөрүп барсам, кабинетине маңдайына коюп алды. Компьютерден башын көтөрүп, атакемдин сүрөтүн карап олтурганын акыркы күндөрү көп байкадым. Атабыз 43 жашында кетти эле, өзү 49 жашында кетти. Ошол жазганын эми окурман сотуна коюп жатам. 19 жаштагы Мелис Эшимкановдун (1962-2011) бул жазганы (Апаке, ыйлабачы!.. (1981-жыл) чындап эле эч жерге жарыяланган эмес, өзү жазган бойдон бир да жолу окуганы жок, биздин туугандар да окубаган, бир гана апам катуу ооруп жатканда, 2002-жылы апам көз жумарда окуп берип, апамды да бир ыйлатып алдым эле…

Эрнис АСЕК уулу, 

«Баягы Асаба» (2013-жыл)

«Чехов чекеге черткендей айтат»

Ушинтип Лев Толстой айтса керек эле… Мен бала кезимен Чеховду «Антон Павлович» деп коем. Ал аңгеменин атасы. Мындай кыска, мындай таамай жазган жазуучу табыш кыйын. Пьесалары да мыкты дечи, бирок аңгемелерине жетпейт. Айткандарычы? Антон Павлович врач болгондуктанбы же менин врач атам Асек каза болгондон кийин Чеховду окуй баштаганданбы, атама болгон жылуу сезим дал ушул Чеховго багыттала берет. «Атамдын» айткандарына көңүл бурсаңар…

Чехов А.П.: Ващенко М. С.: Чехов Антон Павлович

Кеп пессимизмде же оптимизмде эмес, кеп жүз кишинин токсон тогузунда бир бүдүр акыл жок болуп жатпайбы.

**

Парижге аялың менен барганың – Тулага самоор менен баргандай.

**

Кээ бир кооз, акылдуу сүйлөгөн кишилерди карап олтуруп, накта дөңбай экенин   даана сезесиң.

**

Аялың көзүңө чөп салса… сага чыккынчылык кылса да, Ата Мекенге чыккынчылык кылбаганына сүйүн.

**

Университет – бардык өнөрүңдү өркүндөтөрү чын, кемчонтойлугуңду дагы өстүрөт.

**

«Акыры чындык жеңет» деп айтылгандын өзү калп.

**

Мал сыяктуу жүргөн кишилер гана ден соолукта болот.

**

Тынымсыз бактылуу экениңди сезиш үчүн, атүгүл кайгыга батып турганда да. а) азыркыңа ыраазы бол жана б) «мындан да жаман болсо не кылмакмын?» деген ойго жетелен, ошого каниет кыл.

**

Манжаңа тикенек кирип кетсе, «Ырас көзгө кирген жок!» деп сүйүн.

**

Ичиңде олтурган кулчулукту тамчылата сыгып салыш керек.

**

Дейдилер менен шылуундар гана баарын билип, баарын түшүнөт.

**

Турмушка эби жок, шыгы жок киши гана чиновник болгондон башка аргасы жок.

**

Бир оору бир ооруну басат. Тиши ооруп жаткан мышыктын куйругунан баскылачы, эс ала түшөт, эй!

**

Кээ бир кишилер бар, олтуруп алып бир нерселерди сүйлөй берет, сүйлөй берет. Качан кетерин да билбейсиң. Аны уккандан көрө бир нече чакырымга созулган, бир өңчөй, какыраган талаада баратканың жакшы.

**

Убактың аз болушун кааласаң, анда эч нерсе кылба.

**

Эч ким сени жөнөкөй киши катары сүйгүсү келбейт.

**

Кайсы бир оору үчүн ар түркүн даба керек болсо, анда ал оору – айыккыс оору.

**

Жинди болгусу келген кишилерге тоскоол болбогула.

**

«Циник» (уятсыз, бетпак, бетсиз киши) – грек сөзү, өз тилиңе «чочко» деп эле которулат.

**

Бул акылдууларыңдын баары дөөпөрөс экен, эми ким менен сүйлөшөм?

**

Бардык адамдар сүйлөшүп алып, бир ирмемде чынчыл болсо, анда жер күм-жам болмок окшойт.

**

Орусияда таланттуу киши таза болалбайт.

**

Кылган кылыгың бирөөнү кейитсе, сөзсүз эле жамандык кылдым деп ойлобо.

**

Жазуучу болуш кыйын деле эмес. Түгөйүн таппай калган түрү суук болбогондой эле, окурманын тапкан калдирлар толтура.

**

Ылайга «ылай болбо» деп айталбайсың.

**

«Өзүңдү өзүң тааны» — кандай сонун, кандай пайдалуу кеңеш. Бирок байыркылар аны кантип ишке ашырыш керектигин да түшүндүрүп кетишсе болмок.

**

Ичпеген, чекпеген кишини карап туруп, айласыз «иттин баласы эмеспи?» деп ойлоп кетесиң..

**

Элден чыгуу – бул өзүн-өзү өлтүргөнгө жатат.

**

…Почта бөлүмү — ал жакка баруу коркунучтуу экенин далилдеген мекеме.

**

Ооруга онтогонум, көз жашым менен жооп берем, жүзүкаралыкка – таңгалам, жийиркеничке – кускум келет. Ушунун өзү жашоо деп аталса керек да.

Даярдаган Эрнис АСЕК уулу

«Баягы Асаба» (2015-жыл)

Атабыздын баскан жолу…

Асанаалы (Асек) Эшимканов 1936-жылы, 20-январда Кара-Коюн айылында туулган. 1944-1954-жылга чейин Кара-Коюн орто мектебинде окуган. 1954-1960-жылга чейин Кыргызстан мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетинин врач-терапевт кесибин окуп бүтүргөн.

1960-жылы Кара-Булуң айылынын кызы Тентиева Саадат менен баш кошкон. Ошол эле жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жаш адис катары эмгектенген. 1963-жылы Ат-Башы районунун ооруканасында, кийин Ак-Муз айылында да иштеген.

Өзүнүн демилгеси менен 1965-жылы облустук, республикалык жетекчиликке кайрылып, Ат-Башы районунун Пограничный (азыркы Казыбек) айылына оорукана курдурууга жетишип, өзү ошол ооруканага башкы врач болуп дайындалган.

1973-жылы Фрунзе шаарына профессор Арстанбек Алтымышев аркылуу чакырылып, «Кыргыз Энциклопедиясынын» медицина жана билология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Профессор  Алтымышев менен иштешип, чөп дарыларынан жасалган “Арашан” бальзамы, ашказан оорусуна “Чычырканак майы” жана космонавттар үчүн жасалган дарыларга өз салымын кошкон.

1975-жылы Сокулук районунун ооруканага башкы дарыгер болуп дайындалган. 1976-1981-жылга чейин № 7 Фрунзе шаардык бейтапканасында дарылоо бөлүм башчысы болуп иштеген. Көптөгөн Ардак грамота, орден менен медалдын ээси.

1981-жылы, 23-октябрда 43 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Көптөгөн элдин алкышына ээ болгон атабыз азыркыга чейин мыкты дарыгер катары эскерилип келет.

Алты баланын (эки уул, төрт кыз) атасы. Балдары Мелис Эшимканов менен Эрнис Асек уулу Кыргызстанга белгилүү инсандар.

«Атамдын, чоӊ атамдын кыска өмүрүн эстегенде, селт этип алам…»

— Атам Асектин (кичинесинде эркелеткен ысымы менен калыптыр) кесиби терапевт. Казарман, Нарын, Ат-Башы, Сокулук ооруканаларын башкарган. «Кыргыз Энциклопедиясында» медицина жана биология редакциясын жетектеген атактуу профессор А.Алтымышевдин «алтын бальзамын» жаратууга үлүшүн кошкон. Советтик медицинанын чордонунда жүрсө да, тамыр кармаган табыпчылыгы менен далай оорукчандын сообуна калган шайыр, карапайым, бунтарь мүнөз, атүгүл Брежнев бийлигин сындаган диссиденттик көз карашы үчүн ЦКнын каарына калган жайы бар адам эле.

Кээде селт этип алам, атам Асектин, чоӊ атам атактуу мергенчи Эшимкандын, анын атасы табып Ашымдын, анын атасы молдо Райдын кыска өмүр жашагандарын эстегенде…

Мелис ЭШИМКАНОВ,

«Бишкек таймс» 2004-жыл

Түгөлбай КАЗАКОВ: «Программага кийрип алышса керек…» 

Мелис байкедей болуп Эрнис дагы атасынын, чоӊ аталарынын кыска өмүрүн көп айтып, «Нази, мен элүүгө чыгамбы, ыя?.. Сенин карыган кезиӊди көргүм келет…» деп чочулап калчу эле… «Байым, оюӊа эч нерсе албачы, сен оюӊа албасаӊ эле экөөбүз 100 жашка чыгабыз» дечүмүн… Аттиӊ, ал тилегиме жетпей, капысынан эле жүрөгү кармап, 2020-жылдын 29-январында келбес жакка кетип калып кайгыга салбадыбы…

Мелис байке менен Эрнистин эскерүүсү болобу, же кандайдыр бир иш-чара болобу, эч жерден калбай келип, ага-ининин кылган эмгектерин баса белгилеп, калыс сөзүн, кеңешин айтып келаткан Түгөлбай (Казаков) агабызга Эрнисти жоктоп ыйлап калганымда: «Биздин тукумдагы эркектерден эч кимиси элүүгө чыккан эмес, мен дагы чыкпайм го…» деп кайын агаң көп айтчу… «Мелис, кой, антип айтпа! Сен мындай жаман ойду мээңе программа кылып кийрип алыпсың, аны башыңдан чыгарып сал!» дегем. Эрнис дагы антип айтса, анда алар мээсине программа кылып кийрип алышкан… Балдарына узун өмүр берсин. Татка айт, мындай жаман ойду башына программа кылып кийрибесин!» деп катуу тапшырган. Алтындай болгон агабыздын аманатын Татка айтсам, «кабыл алдым, макул» деп жүрөктү жылытты. Тат, Адам, Төлөгөн, Кудай жаштан айтып 100 жашка чыккыла, урпакты улагыла!

Мезгил менен катып калган мүнөттөр… Эски кадрдагы сүрөттөр… (Эрнис АСЕК уулу)

Үшкүрүк менен өткөн жылдар…

«Кычыроон кыш аязы. Жаз илеби.

Жайкы кеч.  Жалбырак кылын терип,

Күздүн күүсү. Баары тең багыты жок.

Кайрадан кыш. Ушинтип өтөт күндөр.

Ушинтип өтөт жылдар. Ушинтип жылат…» деп Эрнисим өзүң жазгандай, ушинтип шуулдап жылдар өтүп, таӊдар атууда… Сенсиз — жалгыздык жанга батууда… Сага деген сагыныч, куса күчөп барууда…

Бүгүн жамгыр жаады… табигат мени менен кошо ыйлады…

Жаткан жериӊер жайлуу болсун, асыл адамдарым!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.