ЧУКУЛ КАБАР: 6 жаштагы Алибек балабыз операцияга муктаж! Жардам кылалы, кыргыз элим!

ЧУКУЛ КАБАР: 6 жаштагы Алибек балабыз операцияга муктаж! Жардам кылалы, кыргыз элим!

Кыргыз журту эч качан наристелерге кайдыгер караган эмес!

Акын Айгүл Тоголокованын 6 жаштагы небереси Эсенбек уулу Алибек операцияга муктаж. Айгүл айымдын айтымында, кичинекей небересине тез аранын ичинде Түркиядан жүрөгүнө операция жасатыш керек. Операция 24 миң долларды түзгөн.

Бул экинчи жолку операциясы, биринчиси эки жашында жасалган. Убакыт чукул болгондугуна байланыштуу кыргыз элине кайрылууга аргасыз болушкан.
«Бала мөмө, эне дарак көктөгөн,
Бала чырак, эне билик өчпөгөн.
Жүрөгүнө ай— ааламды батырган,
Эне деңиз, бала кеме чөкпөгөн!
***
Эне асман, бала жылдыз жайнаган,
Эне гүлзар, бала булбул сайраган.
Перзенти үчүн пейили, мөл булактай,
Эне ыйык сүйүүсүнөн тайбаган!
Эне-бала аман болсун!» деп Айгүл айым жазгандай, эне-бала аман болсун! Операция ийгиликтүү өтсүн!
МУКТАЖ АДАМДЫ КЫЙЫНЧЫЛЫККА КАЛТЫРБАГАН БООРУКЕР, КАЙРЫМДУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМ! «Көп түкүрсө көл болот» дейт. Келгиле, 6 жаштагы Алибекке жабыла жардам кылалы!

Кыргыз журту эч качан наристелерге кайдыгер караган эмес. Жүрөктү тыңшап, акыл калчап, колдон келген жардамыбызды аябайлы! 

Жок дегенде бөлүшүп коюңуздар, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.