Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “Уңгужол” темадагы тегерек столго атка минерлер дагы катышса жакшы болмок”

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “Уңгужол” темадагы тегерек столго атка минерлер дагы катышса жакшы болмок”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун бекитүү жөнүндө Жарлыкка (2024-жылдын 18-декабрында ПЖ № 369 Жарлыгы менен бекитилген) кол койгондон бери Кыргызстандын бардык аймагында ар кыл темада иш-чаралар уюштурулууда. Жакында эле — 28-майда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасын уюштурду.
Чыңгыз Айтматов залында “Уңгужол — биздин улуу жол” аталыштагы тегерек стол болуп өткөн. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмер инсандар чакырылып, тегерек столго катышкан белгилүү журналист, акын, котормочу, талдоочу жана публицист Жыргалбек Касаболотов менен Уңгу жол боюнча азыноолак баарлаштык.

“Чоң казаттан” үзүндүнγ уктук»…

— Жыргалбек, Улуттук китепкана уюштурган “Уңгужол — биздин улуу жол” аталыштагы тегерек столго катыштың. Кандай артыктылык, кемчиликти байкай алдың? Кандай сунуш киргизет элең?
— Мен бул иш-чаранын «Уңгужол – биздин улуу жол” деген тегерек столуна катышып келдим. Эгемендик биз дайыма коргой турган, баарынан жогору кое турган, ар кандай чакырыктар менен тынбай талдап турган нерсе. Мындай багыттагы талкуулар көп болуш керек деп ойлойм. Анткени биздин кыргыздын интеллектуалдары биринчи ирет талдай турган нерсе ушул. Тегерек столго Агартуу министрлигинин басма үйүнүн өкγлү келгени жакшы болду, анын катышуусунда ар кандай темада өтө кеңири сөз болду, талкуу кызуу жγрдγ. Артыкчылык ушу болду, ал эми кемчилиги – тиешелүү багыттагы атка минерлердин катышпай калганы болду. Алар да катышып, ошол жерде айтылган конкреттγγ сунуштарды угуп, жаза кетишсе, болмок.


— “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасы сага кандай таасир калтырды?
— Жакшы таасир калтырды. Ар бир бөлүм өз иш ар кыл темада ар кандай кызыктуу иштерди уюштуруптур. Ал кγнγ биз баарын кыдырбасак да, Ч.Айтматов залына жеткенче сγрөт, китеп көргөзмөлөргө чейин көрдγк. Эшик алдындагы кыргыздын жагымдуу музыкаларына, ырларына кγбө болуп, манасчы Замирбек Баялиев “Манас” эпосундагы негизги өзөк окуялардын бири “Чоң казаттан” үзүндүнγ уктук. Негизи китепканаларга окурмандарды ушундай кызыктуу иш-чаралар менен гана тарта алат окшойбуз. Бул багытта Улуттук китепкана жакшы иштерди жасап жатат. Ийгилик каалайм!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.