Садыр ЖАПАРОВ: “Айтматовдой адабият алпы чыгыш үчүн, улуу көч уланышы үчүн журнал сөзсүз керек!”

Садыр ЖАПАРОВ: “Айтматовдой адабият алпы чыгыш үчүн, улуу көч уланышы үчүн журнал сөзсүз керек!”

Кечээ…

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнүн курамына киргизилип, жаңыланган форматта жарык көрө баштаган «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын бет ачар аземи кечээ, 22-майда, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында болуп өткөнγн, журнал тарыхын, редакторлорун жазып, китеп, сүрөт көргөзмөсүн жарыялаганбыз.

Президенттин калкка кайрылуусу

Элибиздин нарк-насилин жайылтууда, улуттук жазма адабий тилин байытууда өзүнчө бир баа жеткис казынага айланган “Ала-Тоо” журналы кайрадан жанданып, басылып чыгып, анын биринчи саны колума тийди” деп кечээ президент куттуктоосун “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырган.

“Ала-Тоонун” биринчи саны элдин баарына тегиз жеткен жок. Андыктан Садыр Нургожоевичтин элге кайрылуусун берип турубуз.

Кадырман калайык-калк! Сөз баккан, кеп кадырлаган калың журт!

Баарыңыздарды жаз алдындагы байчечекей гүлүндөй көңүл көтөрүп, кулак сүйүнткөн жакшы жөрөлгө «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын кайра жарык көрүшү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Узак мезгил үзгүлтүккө учурап, чыкпай турган «Ала-Тоонун» кайра дүбүрт жаңыртканы бир жагынан жүрөк кубанткан жакшы жаңылык болсо, экинчи жагынан өлкөбүздүн саясий, экономикалык, маданий турмушунда гы туташ жанылануу мезгилинде адабий басылманын жаңы чабыт алганы символикалык көрүнүш. Ошол эле учурда «Ала-Тоонун» кайра чыгышы улуттук баалуулуктарды өнүктүрүүгө, анын ичинде маданиятыбыз, салт-санаабыз менен сыймыктанууга басым жасаган «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолунун бир бөлүгү катары ишке ашырылып жатканын да белгилей кетким келет.

Дээрлик бир кылымдык тарыхы бар бул журнал өлкөбүздүн адабий турмушун чагылдырып, элибиздин руханий жандүйнөсүн байытууга, маданиятын өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкон. Кыргыз адабиятына өчпөс из калтырган орошон таланттардын бир нече мууну дал ушул «Ала-Тоонун» беттеринде калем төшөлтүп, элге таанылган, адабий басылманын шарапаты менен сөз баалаган окурмандардын калың катмары калыптанган. Анткени маданият, адабият аң-сезимди тазартып, ой-чабытты байытат. Адам баласын акыл-эстүүлүккө, боорукерликке, мекенчилдикке жана илим-билимге умтулууга тарбиялайт.

Өкүнүчтүү жагдай, улуу бурулуш жылдары элибиздин эзелки мурастары унутулуп, руханий, маданий баалуулуктарыбыз баркталбай, өлкөбүз кылымдап тутунуп келген уңгу жолдон бир аз адаша түшкөнү ачуу чындык. Экономикалык кыйынчылыктардан улам руханий баалуулуктар экинчи планга сүрүлүп, көп басылмалар, анын ичинде «Ала-Тоо» журналы да жабылууга тушукту. Ара-чолодо жеке ишкерлер тарабынан аны кайра жандандырууга аракеттер болгону менен, тилекке каршы, алар анын туруктуу чыгуусун камсыздай алышкан жок. Ой-таанымдын боштугу руханий жардылыкты пайда кылат. Каада-салтты, руханий дөөлөттөрүбүздү билбеген, жандүйнөсү жарды, көкүрөгү сокур адамдар менен бакубат келечекти куруу мүмкүн эмес. Айтматовдой адабият алптары бүгүн да чыгып, элибизди дүйнөгө тааныткан улуу көч уланышы үчүн адабий-көркөм журнал сөзсүз керек эле.

Мына, ошондуктан биз «өнөр алды кызыл тил» деп сөздү өзгөчө кадырлаган элбиз, «Ала-Тоо» басылмасы элибиз үчүн, өзгөчө жаштар үчүн канчалык маанилүү экенин туюнуп, аны кайра чыгарууну колго алууну чечтик.

Буюрса, «Ала-Тообуз» Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мукай Элебаев сыяктуу алптар пайдубалын түптөп, айтылуу Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Бексултан Жакиев, Мурза Гапаров, Ашым Жакыпбеков, Кеңеш Жусупов дубалын тикелеген улуу салтты улап, азыркы, келечектеги көрөңгөлүү жаштарга чыгармачыл дем берерине, илхам билигин тамызарына ишенем.

Улуу тоолорубуздун бийиктигин, күч-кубатын туюндурган «Ала-Тоо» журналынын жаны сапары байсалдуу, кайрадан көтөрүлгөн чамгарагы кут болсун! Басылманын чыгармачыл жамаатына, жалпы калемгерлер журтчулугуна чыгармачылык эргүү каалайм!

Садыр ЖАПАРОВ, Кыргыз Республикасынын Президенти

P.S. Алдыда «Ала-Тоо» журналынын азыркы редактору Маркабай Ааматовдун Алгы сөзүн, жооптуу редактор Толукбек Байзактын маегин окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.