2026-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарынын 148 жылдыгына карата Royal Ctral Park аймагында өткөрүлгөн масштабдуу «Фейерверктер жана музыка майрамы» борбор калаанын турмушундагы эң эсте каларлык окуялардын бири болду. Миңдеген тургундарды жана меймандарды чогулткан бул фестиваль жөн гана майрамдык иш-чара эмес, шаардык жашоонун жаңы концептуалдуу моделин көрсөткөн маанилүү кадамга айланды.

Бул долбоор өзүнүн «бак ичиндеги шаар» (City within the Garden) стратегиясынын алкагында март айында өткөн “Spring Festival” иш-чарасынын ийгиликтүү уландысы болуп, туруктуу маданий-көңүл ачуучу чөйрөнү калыптандырууну көздөйт.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү — аймак али курулуп жаткан этапта эле жашоочулар үчүн жандуу маданий мейкиндиктин түзүлгөндүгүндө. Майрамдын борбордук очогу болгон Nomad Heritage Lake — Бишкектеги алгачкы музыкалык фонтан-паркында суу, жарык жана музыканын айкалышкан сыйкырдуу композициясы тартууланды. Кеченин кульминациясы катары асманды жаркыраткан фейерверктер суу бетиндеги эффекттер менен шайкеш келип, конокторго унутулгус визуалдык таасир калтырды.

Фестивалдын программасы ар бир курактагы коноктун кызыкчылыгын камтыды: улуттук баалуулуктарды даңазалаган кыргыз бийлеринен тарта, 300дөн ашуун таланттын башын бириктирген «Royal Central Park’s Got Talent» сынагына чейин уюштурулду. Кайрымдуулук максатын көздөгөн акциянын алкагында 40 ашпозчу 3 000 порция палоо даярдап, топтолгон каражаттар RCP фондуна багытталды. Ошондой эле, күн батышындагы акустикалык концерт, уникалдуу «жандуу шахмат» шоусу, от жанындагы баарлашуу зоналары жана балдар үчүн «Dream Park» аянтчасы майрамдын көркүн ачты. 50дөн ашык гастрономиялык жана соода павильондору коноктордун эс алуусун толук кандуу камсыздап, кече заманбап DJ-сеттер жана Music Lighting Show менен коштолду.

Бул фестиваль Royal Central Park долбоорунун инфраструктура менен катар эмоционалдык тажрыйбаны жана социалдык байланышты айкалыштырган жаңы стандартын далилдеди. Аймактын 70%дан ашыгы жашыл жана суу мейкиндиктерине арналгандыктан, мындай иш-чаралар борбор калаада гармониялуу жана мазмундуу жашоо образын калыптандыруунун негизги фактору болуп саналат.
Royal Central Park тууралуу
Royal Central Park — бул All-in-One концепциясынын негизинде ишке ашырылып жаткан жаңы муундагы интеграцияланган шаардык мейкиндик. Долбоор турак жай, маданий, эс алуу жана социалдык инфраструктураны бириктирип, ыңгайлуу жана мазмундуу жашоо үчүн экосистеманы түзөт.
Даярдаган Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

