Нурлан КАЛЫБЕКОВ: “Кγтγγ”… Арноо… Жоктоо… (ВИДЕО)

Нурлан КАЛЫБЕКОВ: “Кγтγγ”… Арноо… Жоктоо… (ВИДЕО)

Ак калпак. Ыраазычылык кат!

Республикалык Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктын (2000), Казакстандын Мукагали Макатаев атындагы адабий сыйлыгынын (2000), Казакстандын Габит Мусрепов атындагы адабий сыйлыгынын (2002) лауреаты, Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын ээси (2001), Маданияттын мыкты кызматкери (2012), Россиянын Сергей Есенин атындагы алтын медалынын (2013-жылы) жана башка дагы көп сыйлыктардын ээси, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун 17-төрагасы болгон Нурланбек Калыбековдун 24-апрелде Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында “Ыраазымын” аттуу поэзия кечеси  болуп өттγ. Ырларын өзγнγн көркөм окуусунда уктук. Ырларына сγңгγп кирип, ажо, кожо, сүрөткер, дербиш, апенди кейипкер болуп, бирде космоско учуп, башка дγйнөгө тγшγп, кайра чыгып, ооз кургап кеткенде суу сурап жутуп коюп, буркан-шаркан түшүп ырларын окуп, тамашадан ыргытып, каткырып көрγγчγлөрдγн көңγлγн көтөрдγ …

Кеченин соңку бөлүгүндө конокторго сөз берилди. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Жогорку Кеңеш депутаты Салтанат Аманова чыгып сγйлөп, каалоо-тилектерин айтып, Салтанат айым Жогорку Кеңештин Ыраазычылык катын тапшырса, Аскаралы мырза ак калпак кийгизди. Нурлан ал ак калпакты Кыргыз эл акыны Анатай Өмγркановго кийгизди.

Кубануу менен белгилγγ акын, жазуучулардын дээрлик баарынын атын атап, поэзия сγйөрмандарына, кγйөрмандарына, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди!

**

Ойго чөмγлткөн АРНОО ырлар…

Кайрадан поэзия кечесинин чыгармачылык бөлүгүнө кайтсак… арноо ырларына келгенде өзγ да, биз да γшкγрγнγп алдык. Себеби, алар тиги дγйнөгө узап кеткен залкар акындар Байдылда Сарногоев, Рамис Рыскулов, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, мыкты обончу Калмурат Рыскулов, мыкты журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу, Зайырбек Ажыматовго арналган ырлар эле…

Эрнис тууралуу айтып жатканда жγрөк зырп деп кетти… Жолдошумдун гений да, кежир да болгонун, Булгаковдун айтылуу татаал романы “Мастер менен Маргаритасын” которгонун, өзγ көрбөй калганын айтты да, 2015-жылы чыккан “Ирмемдер” китебине Эрниске арнап жазган “Кγтγγ” ырын окуп берди.

“Биздин муундун окуганы да, изденгени да Эрнис Асек

“Ирмемдер” китебинде мындай деп жазылган:

Азыр баары эле акын болуп кетти. Окубай, изденбей туруп эле анча-мынча техниканы үйрөнүп алышып, жамактай башташты. Окуганы бир жалгыз Алыкул, аны да мектеп программасы боюнча окушкан. Салижан агай айткандай, китеп жазсам эле тарыхта калам дейт окшойт… Анын үстүнө өпкөлөрдүн өпкөлөнмөй заманы… Искусствонун же адабияттын кайсы түрүн караба, бирдемелерди жаратып алып мактанганга өтүштү. Жарнамасына караганда мыкты окшойт деп карасаң баягы эле…
Биздин муундагы китепти окумак тургай жеп койгондордон ушул жигитти билем. Оң сүйлөгөндөргө тетири сүйлөп, тетири сүйлөгөндөргө оң сүйлөп, асманды айткандарга жерди айтып, жерди айткандарга асманды айтып, акындык натурасы менен стихиясынан чыкпай жашайт, чыга да албайт. “Ыр китебиңди чыгар” десем чыгарбайт, “Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясын” чыгарганы жатам, ырларыңды бер” десем, “коллективге кошулбайм” дейт. Жазат, жазганына ыраазы болбойт, издейт, издегенин бирде табат, бирде таппайт… Азыр биздин муундун окуганы да, изденгени да Эрнис Асек.

Күтүү
Наполеондой боюңа
батпай турат ички отуң.
Жаныңды азыктандырып
окуй бербей тытынып,
орозо тут бир азга.
-Китеп өлүк,
тирүү болчу жаткан кезде жазылып –
деди мага бир дервиш…
Генийлердин жандары
кирип алып дүйнөңө,
кете көрбө жарылып.
Сен керексиң антиподу Мелистин*.
Эс алсаңчы, Гималайга кетсеңчи,
убактылуу кечил болуп алсаңчы
(Убактылуу эмес, эмес түбөлүк…).

Кет чокуга,
Кум-шагылдын арасында кор болдуң.
Күн бетине ыр түшүр,
жылдыздарды сүйлөм кылып сүйлөтүп,
көк асманды ойготчу…
(Талкан куюп алгансып унчукпайт да, бул неси?)
Күтөм сенден жарылуу,
дөдөйлөрдүн айынан
кетти менин мээм ачып.
Ар бир тыбыш, тамгасы ырдаган ыр таап кел.
Ал, Кыдыр – ыр сага гана жолугат.

Нурлан КАЛЫБЕКОВ, “Ирмемдер”, 2015-жыл

Жоктоо ыры…

Эрниске арнаган ырынан кийин эле Зайырбек Ажыматовго арналган ырын окуду…

АРХИВ: Нурлан менен кошо ыйлаганбыз…

«Өзүмө өзүм ажомун. Өзүмө өзүм кожомун»

деп ырыңда жазганыңдай, ажо, кожо болуп γй-бγлөңдγн маңдайында аман бол! Керемет кеч, руханий азык тартуулаганың γчγн, жолдошумду оозуңдан тγшγрбөй, талантын айтып, кийинки муунга жеткирип келатканың γчγн, 2020-жылы арты-артынан капысынан кеткен Эрнис, Элмирбек Зайырбекти биз кандай жоктосок, ошондой жоктоп келатканың γчγн, жоктоо дартынан айыга албай келаткан бизди: мени, Анарханды, Нурзатты эч нерседен калтырбай чакырып, сыйлап-урматтап, аярлап келатканың γчγн терең ыраазычылык билдирем! Биз дагы сага ыраазыбыз!

Бар бол, Нурлан!

Обондуу ырларыңды тартуулоо менен аяктайын. 

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.