РЕДАКЦИЯДАН: «Улуу жутта улутту сактаган Жусуп Абдрахманов» аталышта кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү, кыргыз элинин чыгаан уулу, саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов (1901-1938) тууралуу кеңири, тарыхый өңүттө талдоолор, байкоолор, маалыматтарга бай, далилдγγ жазылган макала келди. Аны белгилүү окумуштуу-тарыхчы, Казакстан илимдер академиясынын академиги, Казакстан тарыхчылар ассоциясынын жетекчиси, Аль Фараби атындагы Казакстан улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринен доктору Койгелдиев Мамбет Кулжабаевич (Мәмбет Құлжабайұлы Қойгелдиев) казак тилинде жазып, кыргыз тилине Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) ардагери, генерал А.К.Бакаев атындагы УКМК Академиясынын мугалими Алиев Бактыбек Бекбоевич которгон.
Анда эмесе, котормочунун баш сөзγ менен баштайлы!
БАШ СӨЗ

Казакстандын Көркөм Академиясы кыргыз-совет мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы ачарчылыкта жүз миңдеген казак калкын Кыргызстанга кабыл алып, өлүмдөн сактап калган кыргыз уулу Жусуп Абдрахмановдун эстелигин Алматы же Астана шаарына орнотуу боюнча идея көтөрүп чыгып, иштерди баштады. Бул идея бир топ жылдан бери казак коомчулугу тарабынан көтөрүлүп, басма сөз беттерине жарыяланып келе жаткан.

Белгилүү окумуштуу-тарыхчы Койгелдиев Мамбет Кулжабаевич (Казакстан илимдер академиясынын академиги, Казакстан тарыхчылар ассоциясынын жетекчиси, Аль Фараби атындагы Казакстан улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринен доктору) бул маселени колдоого алып, өзү киришип жатканы бизди өзгөчө кубандырды. Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы болгон «Эгемен Казакстан» гезитине атайын ушул маселени Казакстан мамлекетинин деңгээлине көтөрүп чыккан атайын макала жарык көрдү (10.04.2026) Анын автору жогоруда айтылып өткөн академик, тарыхчы Койгелдиев Мамбет агабыз. Ошол макаланын бир бөлүгүн кыргыз тилине которуп кыргыз басма бетине жарыялоону ылайык көрдүк.
Алдыда пландалган иштер – Казакстандын Алматы же Астана шаарларынын бирине Жусуп Абдрахмановдун эстелигин орнотуу, басылмаларды, тасмаларды чыгаруу иштери. Буюрса дейлик. Пландалып жаткан иштердин алкагында Аль Фараби атындагы Казакстан улуттук университетинин базасында Жусуп Абдрахмановдун ишмердүүлүгүнө арналган атайын илимий конференцияны өткөрүү жана андан аркы иштерди уюштуруу. Албетте, бул иштерде Казакстан жана Кыргызстандын мамлекеттик бийликтеринин колдоосуна ишеним чоң. Бул жалпы кыргыз-казак элинин тилеги. Бир тууган эки өлкөнүн стратегиялык достук байланыштарын чыңдоо сыяктуу маанилүү маселелердин кызыкчылыктарына жооп берет деген изги тилек кылып турабыз.
Бактыбек АЛИЕВ
Мамбет КОЙГЕЛДИЕВ
ТУРАР РЫСКУЛОВ ЖАНА ЖУСУП АБДРАХМАНОВ

ӨМҮР ЖАНА БАЙЛАНЫШ
Совет бийлиги казак жана кыргыз калктарынын өзүн-өзү башкаруу укугун кабылдай турган атайын декрет кабыл алды. Албетте мындай кадам империя алдындагы калктар үчүн жагымдуу жагдай болгон. Бирок да ал кездеги СССР өкмөтүнүн борбордук бийлиги жергиликтүү улуттук лидерлерге ишеним артышкан жок, алардын кадамдарына шек саноо менен мамиле кылды. Мындай кадамдардын аркасында борбордук бийлик менен жергиликтүү калктардын ортосундагы айырмачылыктар, ар бир элдин мекен-жер, табигый ресурстук кызыкчылыктары, бири-бирине каршы келген айырмачылыктары себеп болду. Мындан тышкары ошол мезгилдеги жагдай, саясий каршылаш эки агымдын ортосундагы тиреш, таптык көз караш сыяктуу маселе бар эле. Большевиктер таптык көз караш дегенди бирчинчи планга коюшту, ал эми улуттук өзгөчөлүктөрдү эсепке алышкан жок. Жергилиликтүү жетекчилердин улуттук кызыкчылыктарды көтөргөн идеяларын улутчулдук катары кабылдай башташты. И.Сталин Түркстан Республикаларынын жана Казакстандын жетекчиликтерине бул аймактын калктары тууралуу түшүнүктөрү жок — Голощекин (Шая Ицкович), Каменский (Эйдис), Вайнштейн, Зеленский сыяктуу адамдарды дайындап салды, андан тышкары Средазбюро, ОГПУнун чыгыш бөлүмү сыяктуу органдарды курал иретинде пайдаланып, алгачкы мезгилде эки маселени чечүүгө киришти. Биринчиден, 1917-жылда башталган граждандык согуш күч алганда жергиликтүү улуттук боштондук кыймылын басып таштоого, экинчиден жергиликтүү улуттарга социализмди куруунун большевиктик теориясын таңуулого багыт алды. Албетте ар бир улут мамлекет курууда өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын алдыга коёт, бул анын табигый укугу. Ал эми совет өкмөтү ишке келгенде жергиликтүү калктардын кызыкчылыктарын эсепке алган жок. 1920-жылдарда Т.Рыскулов жана Ж.Абдрахмановдор ири улуттук жетекчилер болуп турушуп мамлекет курууда улуттук идеялардын ишке ашпай калганын көрүшүп, өз мамлекеттеринин келечектеринен үмүттөрүн үзө башташты.
АЛАР КАРГАШАЛУУ 1916-ЖЫЛДЫН УУЛДАРЫ БОЛУШКАН

Түркстандагы 1916-жылдагы улуттук боштондук падышалык Орусиянын каардуу саясатынын бетин ачты. Бул көтөрүлүш жергиликтүү калктардын катуу силкинишин пайда кылды. Карапайым калк мындан ары мындай жашоого болбосуна көзү жетти.
Турар Рыскулов бул мезгилде бой жеткен, 22 жашар жигит болгон. Көтөрүлүш башталганда ал Жети-Суу областында көтөрүлүш башчылар менен байланыш түздү. Анын бул кыймылга активдүү жардам бергенин көргөн орус полициясы аны камака алган, бирок кайрадан бошоткон. 1926-жылдагы өткөн бир жыйналышта анын бул кыймылга берген баасы талаштарды жараткан. Рыскулов бул кыймылга адилет баа бергендердин арасында болгон.

Ал эми Жусуп Абдрахманов ал кезде 15 жаштагы өспүрүм болчу. Кийин «Хан Теңири» аталышта бир документалдык фильмде анын 1916-жылды эскерүүсү чыкты. «Орус аскерлери элди катуу кырды, айла жок Кытайга качууга аргасыз болдук. Түз- Ашуудан ашып өтүп Эңилчеке жеткендеги апааттан 2 агам каза болушту. Андан бери 14 жыл өтүптүр, бирок жакындарымдын азаптууу элестери көз алдымда турат. Ал күндөрдү эскерүү мага абдан оор» деп эскерген ал.
Турар менен Жусуп 1916-жылдагы көтөрүлүштөн көп сабак алышкан. Падышалык бийликтин зулумдугуна жалпы кыргыз-казак каршы чыгышкан. 1926-жылы көтөрүлүштүн 10 жылдыгында карата Турар Рыскулов орус тилинде «Восстание туземцев в Туркестане в 1916 г.» («Коммунистическая мысль». Кн. 2. Ташкент. 1926) деген макаласын жарыялаган. Ал макалада «1916-жылдагы көтөрүлүш орус падышачылыгынын Түркстан калктарына жасаган зомбулугун келип чыкты» деп жазган (Очерки революционного движения в Среденй Азии. Стр. 47–122).
Т.Рыскуловдун берген бул аныктамасы кээ бир орусиялык улутчулдарга катуу тийген. Ошол кезде ага Меницкий деген автор каршы чыккан. Ал киши «бул көтөрүлүшкө улуттук негизде баа берүү туура эмес, саясий баа берууго болбойт. Түркстан аймагы Орусиянын эсебинен жашаган, муну таптык гана негизде караш керек» деп айыптап чыккан (Ив. Меницкий. О характере событий в Туркестане. По поводу ст. тов. Рыскулова «Восстание туземцев в Туркестане» // «Коммунистическая мысль». Кн.2. Ташкент. 1926. Стр. 151-155).

И.Меницкийдин сынына Т. Рыскулов далилдүү жооп берген. Биз ал макалага токтолбойбуз. Биз үчүн маңыздуу нерсе дискуссияға Жусуп Абдрахмановтун аралашып, өз аныктамысын бергенинде. Ж. Абдрахманов И. Меницкийдин 1916-жылкы көтөрүлүшкө таптык көз караш менен кароосуна келише албай турганын билдиргенинде, «в 1916 же году действующими силами было только туземное население, которое не получило поддержки не только со стороны русского крестьянства, но даже со стороны тех незначительных рабочих, которые были в Туркестане. Да и такой поддержки со стороны русского мужика не могло быть, ибо интересы его, в силу царской колонизаторской политики, были противоположны интересам коренного населения» (Ж.А. По поводу статьи т. Меницкого // В названном журнале. С.155-157).
Бул жерде Турар Рыскулов менен Жусуп Абдрахмановдордун көз караштары дал келгенин белгилеп жатабыз. Алардын «1916-жылы улуттук боштондук көтөрүлүш болду» деп ачык айтып чыгышкан азаматтыктары көрүнүп турат.
Кыргыз тилине оодарган Бактыбек АЛИЕВ
(Уландысы бар)

