Аида Салянова Кыргыз шахмат союзунун президенти болуп шайланды

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, мурунку башкы прокурор, юстиция министри, коомдук ишмер Аида Салянова Кыргыз шахмат союзунун президенти болуп шайланды.
Бул тууралуу бүгүн, 23-майда, бирикменин жалпы жыйынында белгилүү болду.
***
Аида Жеңишбековнанын кайрылуусу:
— Урматтуу Жалпы жыйындын мүчөлөрү, машыктыруучулар, шахматчылар, ардагерлер, ата-энелер жана шахматтын өнүгүшүнө өмүрүн арнап келе жаткан бардык замандаштарым!
Эң оболу мага көрсөткөн ишенимиңиздер үчүн чын жүрөктөн терең ыраазычылык билдирем. Кыргыз шахмат союзунун президенти болуп шайланышым бул чоң сыймык гана эмес, эң оболу бүтүндөй шахмат коомчулугу жана өлкө алдында өтө чоң жоопкерчилик.
Бүгүнкү күндө заманбап дүйнөдө ийгилик бир адамдын аракети менен эмес, күчтүү команданын биримдиги менен жаралат. Мен биздин уюмдун эң чоң артыкчылыгы адамдар деп эсептейм. Алар: машыктыруучулар, уюштуруучулар, калыстар, демилгечил жарандар, ата-энелер жана, албетте, шахматчылардын өзү. Биз тажрыйбаны, кесипкөйлүктү жана жалпы максатты бириктиргенде гана кыргыз шахматын сапаттык жаңы деңгээлге көтөрө алабыз.

Шахматты мамлекеттик деңгээлде колдоо бул спортту гана колдоо эмес. Бул улуттун ой жүгүртүүсүнө, атаандашты сыйлай билген, жоопкерчиликтүү жана туура чечим кабыл ала алган жаңы муунду тарбиялоого жасалган инвестиция.
Мамлекет тарабынан шахматка көрсөтүлүп жаткан тарыхый деңгээлдеги колдоо бул жаңы мүмкүнчүлүктөр гана эмес, абдан чоң жоопкерчилик. Биз бул ишенимди конкреттүү жыйынтыктар, системалуу эмгек жана ар бир сомду натыйжалуу пайдалануу менен актоого милдеттүүбүз.
Бүгүн бизден азыркы системаны сактап калуу эмес, жаңычыл ой жүгүртүү жана жаңыча аракет талап кылынат. Шахмат өлкөнүн заманбап билим берүү, санариптик жана интеллектуалдык чөйрөсүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланышы керек. Биз балдарды даярдоодо, машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатууда, процесстерди санариптештирүүдө жана коомдо шахмат маданиятын жайылтууда жаңы ыкмаларды түзүүгө милдеттүүбүз.
Биздин максат короодогу жана мектептеги шахматтан эл аралык жетишкендиктерге чейин, өзүнчө демилгелерден мамлекеттик бирдиктүү өнүгүү стратегиясына чейин туруктуу системаны куруу.
Бүгүн шахматты өнүктүрүүгө өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик деңгээлинде көңүл бурулуп баштаганы бизге өзгөчө жоопкерчилик жүктөйт. Өлкө Президентинин колдоосу алдыбызда уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Биз шахмат Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган интеллектуалдык бренддердин бирине, жаңы муундун ой жүгүртүүсү менен стратегиялык маданиятын калыптандыруучу күчкө айлана аларын далилдешибиз керек.
Алдыда чоң эмгек турат. Ал кесипкөйлүктү, ачыктыкты, биримдикти жана толук берилүүнү талап кылат. Биз биргеликте заманбап, күчтүү жана кадыр-барктуу шахмат системасын түзө алабыз деп терең ишенем. Мындай система менен бүтүндөй өлкө сыймыктанат!
Аида САЛЯНОВА
Кыргыз шахмат союзунун жаралыш тарыхы

-
- 1948-жыл: Кыргыз ССРинде алгачкы ирет Шахмат секциясы (кийинчерээк федерация) расмий түрдө уюшулган.
- 1992-жыл: Кыргызстан эгемендик алгандан кийин уюм Эл аралык шахмат федерациясына (FIDE) расмий мүчө болуп кирген.
- 2013-жыл: Өлкөдө шахмат эки башка топко бөлүнүп кеткендиктен, чоң курултай өткөрүлүп, эки федерация бир уюмга бириктирилген.
- 2021-жыл: Жаңы Устав кабыл алынып, уюмдун аталышы расмий түрдө юридикалык жактардын бирикмеси — «Кыргыз шахмат союзу» болуп өзгөргөн.
Президенттер таржымалы:
- Талант Мамытов (2000- 2012-ж.ж.). Ата мекендик шахмат пайдубалын түптөгөндөрдүн бири.
- Өмүрбек Бабанов (2012–2013). Мурдагы премьер-министр федерацияны бир жылга жакын жетектеген.
- Милан Турпанов (2013–2019). Эки бөлүнүп турган федерация бириккенден кийин президент болуп шайланган. Мектеп курагындагы балдар арасында чоң реформаларды жасаган.
- Нурдин Самаков (2019–2021). Пандемия учурундагы онлайн турнирлердин жана эл аралык байланыштардын өнүгүшүнө салым кошкон.
- Бабыржан Төлбаев (2021–2026) — Белгилүү ишкер «Кыргыз шахмат союзу» деп кайра түзүп, ири демөөрчүлөрдү тартуу, мектептерде шахмат класстарын ачуу жана спортчуларды каржылоо боюнча чоң иштерди жүргүзгөн. Ал жаңы жетекчини куттуктап, ийгилик каалады.
- Даярдаган Назира СААЛИЕВА

