Алишер Навоиден Чыңгыз Айтматовго чейин: Хайритдин Султандын ишмердүүлүгү жана Өзбекстандын бүгүнкү өнүгүүсүндөгү интеллектуалдык фактор
Бийлик менен адабияттын ортосундагы мамиле — адамзат тарыхындагы эң татаал жана кызыктуу темалардын бири. Бир караганда, бул эки дүйнөнүн максаттары эки башкадай көрүнөт. Саясат мамлекетти башкарууга, коомдук процесстерди жөнгө салууга, чечимдерди кабыл алууга жана алардын натыйжалары үчүн жооп берүүгө багытталат. Адабият болсо адамдын ички дүйнөсүн ачууга, чындыкты издөөгө, мезгилдин күрөө тамырын кармап, келечектин рухун түшүнүүгө, багыт берип, коңгуроо кагууга жана адамзаттын түбөлүктүү суроолоруна жооп табууга умтулат. Бирок, тарыхка тереңирээк көз чаптырсак, мамлекеттин тагдыры менен сөз өнөрүнүн тагдыры бири-биринен анчалык алыс эмес экенин көрөбүз. Өкүмдарлар акылман адамдардын кеңешине муктаж болушкан… Акындар менен ойчулдар өз доорунун жетекчилерине таасир этүүгө аракеттенишкен. Айрымдары бийликтин кысымына кабылышса, башкалары мамлекеттик кызматты адамзатка кызмат кылуунун өзгөчө мүмкүнчүлүгүнө айландырышкан.

Бүгүн бул тарыхый теманы Өзбекстандын көрүнүктүү жазуучусу, Өзбекстан Республикасынын Президентинин кеңешчиси, сөз зергери Хайриддин Султановдун мисалында карап көрүүгө бел байладым. Бул автор жөнүндө Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, түрк дүйнөсүнүн түркүгүнө айланган Султан Раевдин «Эркин-Тоо» гезитине жазган макаласынан кийин кызыгып, интернеттен карап, алымдын жетишинче таанышып, Нукустагы илимий жетекчим, филология илимдеринин доктору, профессор Куанышбай Оразымбетов менен бир нече жолу субхатташып, андан бери келгенде белгилүү фольклорист, профессор Жаббор Эшенкул ага аркылуу кенен тааныдым… Анын өмүр жолу өзгөчө бир суроону алдыбызга коёт: жазуучу чоң жоопкерчиликти артынып жүрүп, мамлекеттик саясаттын тилин түзүүгө катышкан учурда өзүнүн көркөм дүйнөсүн, чыгармачылык өз алдынчалыгын жана улуттук руханий миссиясын кантип сактап калат? Бул суроонун мааниси бир адамдын кызматтык өмүр баяны менен гана чектелбейт. Ал бүгүнкү Өзбекстанда маданияттын, улуттук тарыхтын, адабияттын жана интеллектуалдык чөйрөнүн мамлекеттин өнүгүшүндөгү ордун түшүнүүгө да жол ачат. Тарыхка кайрылганда Алишер Навои жана Хусейн Байкара байланышы аркылуу акын мамлекеттик турмушка аралашканда кандай болгондугун көрөбүз… Хайритдин Султановдун тарыхый ордун түшүнүү үчүн өзбек элинин руханий тарыхындагы улуу инсандардын бири — Алишер Навоинин өмүр жолуна кайрылуу табигый көрүнүш. Алишер Навои өзбек элинин тарыхындагы сыймыктуу башчы Хусейн Байкаранын бийлиги мезгилинде мамлекеттик кызматтарды аркалап, коомдук турмушка активдүү катышкандыгын билебиз. Навои менен Байкаранын байланышы саясат менен адабияттын тарыхый диалогунун көрүнүктүү үлгүсү болуп саналат. Навои мамлекеттик кызматты аткаруу менен катар чыгармачылыгын улантып, билимге, адабиятка, архитектурага жана маданий турмушка колдоо көрсөтүүгө салым кошкон. Анын көркөм мурасы түрк тилинин адабий дараметин негиздеген жана кийинки муундардын руханий дүйнөсүнө зор таасир тийгизген. Навоинин тарыхый мисалын Хайриддин Султанов менен салыштырганда, алардын ортосундагы айырмачылыктарды да унутпашыбыз керек. Алар ар башка доорлордо, ар башка мамлекеттик түзүлүштөрдө жана ар башка коомдук шарттарда жашашкан. Навои өз доорунун вазири жана маданияттын колдоочусу болсо, Султанов азыркы президенттик институттун алкагында кеңешчи болуп иштейт. Бирок, алардын өмүр жолдорун бириктирген маанилүү суроо бар: мамлекеттик кызмат чыгармачыл адамдын мүмкүнчүлүгүн чектейби же аны коомго кызмат кылуунун жаңы формасына айландыра алабы? Навои өзүнүн доорунда түрк тилинин кадыр-баркын көркөм чыгармачылык аркылуу көтөргөн. Азыркы жазуучу болсо улуттук тарыхты, маданий эс тутумду жана коомдун руханий муктаждыктарын заманбап мамлекеттик тил менен байланыштырууга катыша алат. Бул жерде кеп бүгүнкү кеңешчини тарыхый вазирге теңөөдө эмес. Кеп ар башка доорлордо чыгармачыл интеллектуалдын мамлекеттик турмушка катышуусунун маңызын түшүнүүдө. Навоинин улуулугу кызматынан гана эмес, ал кызматтан тышкары да жашай турган адабий мурас жаратканында. Хайритдин Султановдун өмүр жолу да ушундай эки өлчөмдө каралууга тийиш: мамлекеттик ишмердиги өзүнчө, адабий мурасы өзүнчө бааланууга татыктуу. Тектеш элдердин тарыхында дагы бир улуу мисал катары, Бухар жырау жана Абылай ханды айтсак болот. Бул көрүнүш бийликтин жанындагы көз карандысыз акылды далилдеп турат. Казак элинин тарыхындагы Бухар жырау менен Абылай хандын мамилеси бул теманын дагы бир өңүтүн ачат. XVIII кылымда казак коомунун саясий тагдыры татаал геосаясий шарттарга байланыштуу болгон. Ушундай мезгилде Бухар жырау элдин тарыхый эс тутумун, биримдик жөнүндөгү түшүнүгүн жана коомдук акылмандыгын чагылдырган руханий фигура катары таанылган. Анын тарыхый образында биз бийликтин жанында туруп, элдик баалуулуктарды жана жоопкерчиликти эске салган акылмандын моделин көрөбүз. Өкүмдардын бийлиги анын чечим кабыл алуу укугу менен аныкталат. Ал эми акылмандын күчү — ошол чечимдерди адилеттик, элдин кызыкчылыгы жана келечек алдындагы жоопкерчилик менен өлчөөгө үндөгөнүндө. Мындай адам бийликке каршы чыгыш үчүн гана сүйлөбөйт. Ал бийликтин өзүнө анын түпкү милдетин эске салып турат. Ушул жагынан алганда, президенттин кеңешчиси болгон жазуучунун ролу тууралуу да ойлонууга болот. Кеңешчинин мааниси жетекчинин коом алдындагы образын кооздоп берүүдө гана эмес, сөздүн артындагы идеяны тереңдетүүгө, коомдун тарыхый тажрыйбасын эске салууга жана мамлекеттик кайрылуунун адамдык мазмунун байытууга катыша алганында. Албетте, Хайритдин Султановдун ишмердигин Бухар жыраунун тарыхый орду менен түздөн-түз теңештирүүгө болбойт. Бирок, эки мисал тең бийликке жакындык менен руханий авторитеттин ортосундагы айырманы түшүнүүгө жардам берет. Бийликке жакын болуу — өзүнөн өзү акылмандык эмес. Ал эми бийликтин жанында туруп, ойдун жоопкерчилигин сактоо — өзүнчө маданият.

Хайриддин Султановдун адабий дүйнөсүнө келсек, кызматтык тексттен көркөм чындыкка чейинки улуулукту көрө алабыз. Хайритдин Султановдун ишмердигин президентке кеңеш берүү, ордо саясаты менен гана чектеп кароо анын адабий табиятын толук ачпайт. Ал аңгемелердин, повесттердин жана тарыхый темалардагы чыгармалардын автору. Анын адабий мурасында Бабурдун образы өзгөчө орунду ээлейт. «Бабурий-наме» аттуу агартуучулук романы жана тарыхый темаларга арналган башка чыгармалары аркылуу жазуучу өткөн доордун адамын, анын ички дүйнөсүн жана тарыхый тагдырын көркөм түшүнүүгө умтулган. Тарыхый инсанды адабиятта чагылдыруу — жөн гана өткөн окуяларды кайра айтып берүү эмес. Жазуучу тарыхтын сыртынан көрүнгөн окуялардын артында турган адамды издөөгө аргасыз болот. Өкүмдар кандай чечим кабыл алган? Анын алдында кандай тандоолор турган? Ал кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөн? Адамдык сезимдер менен мамлекеттик жоопкерчиликтин ортосунда кандай карама-каршылыктар жаралган? Мындай суроолор тарыхты жандуу адамдык тажрыйбага айландырат. Бабурдун өмүрү бул жагынан өзгөчө бай материал берет. Ал акын, ойчул жана өкүмдар катары бир нече маданий чөйрөнүн кесилишинде жашаган. Анын тагдырында мамлекеттүүлүк, мекенден алыстоо, аскердик күрөш, чыгармачылык жана ички дүйнө өз ара айкалышкан. Хайритдин Султановдун Бабур темасына кайрылуусу жазуучунун тарыхый инсанды көркөм аңдоого кызыгуусун көрсөтөт. Бирок, анын чыгармаларынан мамлекеттик кеңешчинин ишине түздөн-түз саясий тыянак чыгаруу үчүн адабий талдоого таянуу зарыл. Жазуучунун тарыхый темаларга кайрылуусу өзүнчө чыгармачылык факт болсо, анын мамлекеттик кызматтагы конкреттүү сунуштары жана чечимдерге таасири башка далилдерди талап кылат. Ошентсе да бул эки чөйрөнүн ортосунда терең интеллектуалдык байланыш бар. Тарыхый прозада адамдын тагдырын түшүнүүгө аракеттенген жазуучу мамлекеттик турмушта да тарыхый эс тутумдун маанисин сезүүгө жөндөмдүү болушу мүмкүн. Ал өткөндү жөн гана даңазалоо эмес, анын татаалдыгын жана сабактарын түшүндүрүү зарылдыгын аңдай алат. Мындай сапат мамлекеттик сөздүн мазмунун байытууда да маанилүү. Өзбекстандын бүгүнкү өнүгүүсүн бир гана адамдын, бир гана кызматтын же бир гана мамлекеттик мекеменин ишмердиги менен түшүндүрүүгө болбойт. Экономикалык өзгөрүүлөр, инфраструктуралык долбоорлор, эл аралык байланыштар, билим берүү, ишкердик жана мамлекеттик башкаруу өз ара байланышкан көптөгөн факторлордон турат эмеспи. Ошол эле учурда өлкөнүн өнүгүшүндө маданияттын жана интеллектуалдык чөйрөнүн ролу өзүнчө каралууга тийиш. Мамлекеттик реформалар коомго түшүндүрүлүүгө муктаж. Алардын максаттары, себептери жана күтүлгөн натыйжалары адамдарга жеткиликтүү тилде айтылышы керек. Бирок түшүндүрүү менен үгүттөөнүн, коомдук диалог менен бир тараптуу билдирүүнүн ортосунда чоң айырма бар. Жазуучу Султановдун тажрыйбасы мамлекеттик коммуникацияга тилдин көркөмдүгүн гана эмес, адамдын сезимин түшүнүү жөндөмүн, тарыхый салыштырууну жана коомдук ойду так жеткирүү маданиятын да алып келе алат. Мамлекеттик сөз коомдун реалдуу турмушунан алыстабай, адамдардын суроолоруна жооп берүүгө умтулганда гана ишенимди бекемдөөгө жардам берет. Бул иште чыгармачыл интеллекттин салымы болушу мүмкүн, бирок, анын натыйжасын сөздүн кооздугу менен гана эмес, коомдук пикирге, ачык диалогго жана иш жүзүндөгү өзгөрүүлөргө канчалык шарт түзгөнү менен да баалоо керек. Демек, Өзбекстандын тажрыйбасын талдоодо Хайритдин Султановду өлкөнүн өнүгүшүнүн жалгыз автору катары эмес, мамлекеттик башкаруу менен улуттук маданияттын кесилишинде иштеп жаткан интеллектуалдардын бири катары кароо негиздүү. Кыргыз адабиятынын тарыхында бул темага өзгөчө жакын турган инсан — Чыңгыз Айтматов. Айтматов дүйнөлүк адабиятта кыргыз элинин руханий дүйнөсүн, тарыхый эс тутумун жана адамзаттык көйгөйлөрүн тааныткан. Кийин ал дипломатиялык кызматтарды аркалап, Кыргызстандын эл аралык аброюна да зор салым кошкон. Анын адабий аброю мамлекеттик кызматка өзгөчө мазмун берген. Айтматовдун мисалы Хайритдин Султанов менен бирдей эмес. Айтматовдун дүйнөлүк адабий авторитети дипломатиялык ишмердигинен мурда калыптанган. Султанов болсо узак жылдар бою мамлекеттик аппараттагы кызмат менен көркөм чыгармачылыкты катар алып келе жатат. Бирок, эки мисал тең улуттук адабият менен мамлекеттик абройдун ортосундагы байланыш жөнүндө ойлонууга түрткү берет. Интеллект! Мамлекеттин эл аралык кадыр-баркы анын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү же дипломатиялык келишимдери менен гана аныкталбайт. Дүйнө элдин адабияты, искусствосу, тили, тарыхы жана маданий мурасы аркылуу да тааныйтда. Жазуучу өз элинин дүйнө таанымын көркөм формада дүйнөгө сунуштай алса, анын чыгармасы маданий дипломатиянын маанилүү бөлүгүнө айланат. Ал эми жазуучунун мамлекеттик кызматка катышуусу улуттук маданият менен расмий институттардын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул жерде негизги шарт — адабияттын өз алдынчалыгын сактоо. Мамлекет жазуучунун чыгармасын расмий билдирүүлөрдүн тиркемесине айландырбастан, анын көркөм эркиндигине жана сынчыл ой жүгүртүүсүнө орун бериши керек. Анткени улуттук маданияттын дүйнөгө сунуштай турган эң чоң байлыгы — анын жасалмалуулугу эмес, чындыгы. Дүйнөлүк адабият таануунун тарыхын карап көрсөк, Чех жазуучусу Вацлав Гавелдин өмүр жолу саясат менен адабияттын байланышын башка өңүттөн көрсөтөт. Гавел драматург жана коомдук ишмер катары белгилүү болуп, кийин Чехословакиянын акыркы, Чехиянын биринчи президенти болгон. Анын чыгармаларында адамдын эркиндиги, бюрократиянын кысымы жана жеке жоопкерчилик сыяктуу маселелер көтөрүлгөн. Гавелдин тажрыйбасы жазуучу бийликке келгенде анын мурдагы көз караштары жаңы сыноого туш болорун көрсөтөт. Сырттан сын айтуу менен мамлекеттик чечим кабыл алуу бирдей эмес. Бийликке келген адам компромисстерге, жоопкерчиликке жана кээде бири-бирине карама-каршы кызыкчылыктардын ортосунда тандоо жасоого аргасыз болот. Бул мисалды Хайритдин Султановго түздөн-түз теңөө туура эмес, анткени, алардын кызматтары жана тарыхый шарттары ар башка. Бирок, Гавелдин жолу бизге бир маанилүү суроону берет: жазуучунун коом алдындагы жоопкерчилиги кызматтык милдеттерден кийин да сакталып кала алабы? Бул суроонун жообу ар бир адамдын чыгармачылык принциптерине, коомдук позициясына жана ишмердигине байланыштуу. Мамлекеттик кызмат жазуучуга коомду ичинен түшүнүүгө мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн. Бирок ошол эле учурда ал адамдын эркин убактысын, көз карандысыздыгын жана өз оюн ачык айтууга болгон мүмкүнчүлүгүн чектеши да ыктымал. Ошондуктан кызмат менен чыгармачылыктын ийгиликтүү айкалышы автоматтык түрдө жаралбайт. Ал туруктуу интеллектуалдык эмгекти, өзүнө карата талапты жана кызматтык милдет менен чыгармачылык миссиянын ортосундагы тең салмакты талап кылат. Хайритдин Султановдун мисалынан кандай сабак алууга болот? Хайритдин Султановдун чыгармачылык жана мамлекеттик ишмердигин карап чыгып, бир нече принципиалдуу тыянакка келүүгө болот. Биринчиден, жазуучунун мамлекеттик кызматта иштеши анын сөзсүз түрдө чыгармачылыгынан ажырай турганын билдирбейт. Бирок, адабияттын сапаты кызматтык наам менен эмес, чыгармалардын көркөмдүк деңгээли, идеялык тереңдиги жана окурманга тийгизген таасири менен аныкталат. Экинчиден, мамлекеттик жетекчинин жанындагы жазуучу расмий тексттерди даярдоого катышуу менен коомдук сөздүн маданиятына салым кошо алат. Бирок, бул иштин сапаты анын жетекчиге жакындыгы менен эмес, сөздүн тактыгы, мазмуну жана коомдун суроолоруна канчалык жооп бере алганы менен өлчөнөт. Үчүнчүдөн, улуттук тарых менен адабият мамлекеттик өнүгүүнүн маанилүү интеллектуалдык ресурсу боло алат. Алар коомго өзүнүн ким экенин, кандай баалуулуктарды мурастап алганын жана келечекке кандай максаттар менен бара жатканын түшүнүүгө жардам берет. Төртүнчүдөн, чыгармачыл адамдын бийликке жакындыгы анын сөзүнө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү бергени менен, ага кошумча жоопкерчилик да жүктөйт. Коомчулук андан көркөм талантты гана эмес, ойдун өз алдынчалыгын жана коомдук ишенимге татыктуу болууну да күтүшү мүмкүн. Ушул себептен Хайритдин Султановдун феноменин анын кызматтык макамы менен гана түшүндүрүү жетишсиз. Аны адабий мурасы, мамлекеттик кызматтагы ролу жана Өзбекстандын маданий-интеллектуалдык турмушундагы орду аркылуу комплекстүү изилдөө зарыл. Оюмду жыйынтыктап жатып тарыхта бийлик ээлери көп болгон. Алардын айрымдарынын аты өз доорунда гана айтылып, кийин унутулган. Ал эми улуу акындардын, ойчулдардын жана жазуучулардын сөзү кылымдардан өтүп, жаңы муундарга жеткен. Букар жырау менен Абылай хандын тарыхый байланышы бийликке акыл айтуунун маанисин көрсөтөт. Алишер Навои менен Хусейн Байкаранын мамилеси мамлекеттик кызмат менен чыгармачылыктын бир адамдын өмүрүндө айкалыша аларын далилдейт.

Чыңгыз Айтматовдун жолу улуттук адабияттын эл аралык абройго айланышын көрсөтсө, Вацлав Гавелдин тажрыйбасы жазуучунун коомдук жоопкерчилиги саясатта да жаңы сыноолорго туш болорун эске салат. Ал эми Хайриддин Султановдун өмүр жолу ушул тарыхый маселелерди азыркы Өзбекстандын шартында кайрадан кароого мүмкүнчүлүк берет. Ал — көркөм чыгармачылыкты мамлекеттик кызмат менен айкалыштырган, президенттин кеңешчиси катары анын мисалы бизди бийлик менен адабияттын мамилесине бир гана «кызмат жазуучунун үнүн өчүрөбү?» деген суроо аркылуу эмес, мындан кеңири өлчөмдө кароого чакырат. Мамлекет жазуучуга кандай шарт түзөт? Жазуучу мамлекеттик турмушка кандай интеллектуалдык салым кошо алат? Улуттук маданият саясий өзгөрүүлөргө кандай мазмун бере алат? Ал эми мамлекеттик жетекчинин жанында турган чыгармачыл адам өзүнүн адабий эркиндигин жана коом алдындагы жоопкерчилигин кантип сактайт? Бул суроолорго бир гана кызматтык өмүр баян менен жооп берүү мүмкүн эмес. Аларга Хайриддин Султановдун конкреттүү чыгармаларын, мамлекеттик ишмердигин жана коомдук сөзгө кошкон салымын терең изилдөө аркылуу жооп табууга болот. Бирок, негизги принцип айкын: бийликтин жанындагы калемдин баалуулугу анын жетекчиге канчалык жакын турганында эмес, сөзгө канчалык терең маани бере алганында. Кызмат — адамдын бүгүнкү милдети. Чыгармачылык — анын руханий дүйнөсүнүн көрүнүшү. Ал эми тарых алдында калуучу мурас — ушул экөөнү кандай абийир жана кандай адамдык максат менен айкалыштырганына байланыштуу. Мамлекеттин өнүгүшүнө материалдык ресурстар, туура институттар жана натыйжалуу башкаруу керек. Бирок, коомдун руханий дүйнөсү байытуучу, улуттук эс тутумду сактоочу жана мамлекеттик сөзгө интеллектуалдык мазмун бере турган адамдар да зарыл.
Хайриддин Султановдун мисалы дал ушул байланыш жөнүндө ойлонууга чакырат: жазуучу бийликтин көлөкөсүндө калууга да, анын жанында туруп коомдук ойго өз салымын кошууга да жөндөмдүү. Бул эки мүмкүнчүлүктүн кайсынысы ишке ашары анын кызматтык орду менен эле эмес, чыгармачылык сапаты, интеллектуалдык өз алдынчалыгы жана коом алдындагы жоопкерчилиги менен аныкталат.
Анткени, бийлик адамга кызмат берет. Ал эми калемдин тарыхтагы ордун сөздүн чындыгы жана адамга тийгизген таасири, убактылуу биз эмес убакытты уткан чыгармалары аныктайт.
Азиз БИЙМЫРЗА уулу

