“Ала-Тоо” активдүү аянтчага айланышы керек!”

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнүн курамына киргизилип, жаңыланган форматта жарык көрө баштаган «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын бет ачар аземи бγгγн (22-майда) Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев,

Маданият, маалымат жана жаштар саясатынын министри Мирбек Мамбеталиев, Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев,


Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн башкы директору Галина Байтерек, Кытай адабият, маданиятын жана “Манас” эпосун изилдөөчү Макелек Өмүрбай, академиктер Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов жана белгилүү акын, жазуучулар, окумуштуулар, журналисттер катышты.

Алар журналдын тарыхы, чыгармачылык жолу, кыргыз адабиятында орду зор, окурмандары мол болуп, жайлоолордо чабандарга чейин жетип окушканын, алп акын-жазуучулардын чыгармалары кийинки муунга чоң өрнөк, мектеп болгонун эскеришип, президент колдоосу менен кайрадан жанданып чыгып жатканы жакшы жышаан экенин баса белгилешти.

Жаңы чыккан “Ала-Тоо” расмий гезиттер, сайттар, социалдык тармактар аркылуу коомчулукка ыкчам маалымат жеткирген активдүү аянтчага айланышынын зарылдыгын айтышып, чыгармачыл жамаатка ийгилик каалап, журнал сапары байсалдуу болсун деген аруу тилектерин билдиришти.
Андан соң “Ала-Тоонун” жаңы санынын кызыл лентасы кесилип, керемет көргөзмөгө саякат алышты…


Керемет көргөзмө!

Улуттук китепкананын Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмүнүн “Ала-Тоо” журналынын 95 жылдык тарыхын чагылдырган китеп жана сүрөт көргөзмөсү көпчγлγктγн көңγлγн бурду. Анда латын арибинде алгачкы жолу 1931-жылы «Чабуул» аталышта жарык көргөн журналдан баштап 2022-жылга чейинки “Ала-Тоо” журналы жана башкы редакторлордун сүрөттөрү (жылдары менен) жайгаштырылган.
“Ала-Тоо” журналынын тарыхы
Союз маалындагы «Ала-Тоо» адабий-көркөм жана коомдук-саясий басылма Кыргызстандын Маданият министрлигине караштуу болуп, ай сайын чыгып келген. Адегенде «Чабуул» (1931-жылы) аталышта жарык көрүп, тунгуч редактору Аалы Токомбаев болгон.

1933-жылы «Кыргыз совет адабияты», 1938-жылы «Ала-Тоо», 1939-42-жылдары «Советтик адабият жана искусство», 1942-56-жылы «Советтик Кыргызстан» деп аталышы ар кыл алмашып отуруп, 1956-жылдан баштап кайрадан «Ала-Тоо» деген аталыш менен чыга баштаган. Кыргыз адабиятынын калыптанып өнүгүшүнө зор салым кошкон журналга кыргыз жазуучуларынын дээрлик бардык көрүнүктүү чыгармалары жарыяланып турган.

Ошондой эле кыргыз совет адабиятынын чечилбеген олуттуу маселелерине арналган адабий сын макалалар, айыл чарба, өнөр жайдагы өндүрүш алдыңкыларынын күжүрмөн эмгектерин чагылдырган очерктер, публицистика, «Адабий сын», «Жаш калем», «Жаңы котормо», «Адабият таануу», «Достор үнү», «Биздин календарь» деген рубрикалар алдында ар түркүн макалалар да жарыяланып, кыргыз окурмандарын дүйнөлүк классиктердин чыгармалары менен да кеңири тааныштырган.

Журнал кыргыз элинин тарыхы, улуттук өзгөчөлүгү, маданияты, каада-салты, үрп-адаты, эне тилине байланыштуу курч жана маанилүү материалдарды да жарыялаган.
“Ала-Тоо” журналынын редакторлору:
- Аалы Токомбаев (1931-1935-ж.ж.)
- Молдогазы Токобаев (1935-1936-ж.ж.)
- Аалы Токомбаев (1936-1938-ж.ж.)
- Темиркул Үмөталиев (1939-1940-ж.ж.)
- Касымалы Баялинов (1940-1941-ж.ж.)
- Жоомарт Бөкөнбаев (1941-1944-ж.ж.)
- Кубанычбек Маликов (1946-1949-ж.ж.)
- Темиркул Үмөталиев (1949-1953-ж.ж.)
- Смар Шимеев (1956-1957-ж.ж.)
- Сооронбай Жусуев (1957-1959-ж.ж.)
- Касым Каимов (1959-1963-ж.ж)
- Токтоболот Абдымомунов (1963-1966-ж.ж.)
- Төлөгөн Касымбеков (1966-1973-ж.ж)
- Муса Жангазиев (1973-1975-ж.ж)
- Шатман Садыбакасов (1975-1983)
- Кымбатбек Укаев (1983-1986-ж.ж)
- Кеңеш Жусупов (1986-1992-ж.ж)
- Айдарбек Сарманбетов (2009-2015-ж.ж)
- Кеңеш Жусупов (2015-2020-ж.ж.)
- Самсак Станалиев (2020-2021-ж.ж.)
- Маркабай Ааматов (2021-жылдан бери)

Көп жылдар, билишибизче, 1994-жылдары таптакыр токтоп, андан берки бир убакытта «Жаңы Ала-Тоо» деп бир топ убакыт жарык көрүп, кайра токтогон «мезгилдик тынымдары» көп адабий журналдын өмүр улап жанданганы баарыбызды кубантты.
«Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын сапары байсалдуу болсун эми!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Алдыда «Ала-Тоого» чыккан президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун, азыркы редактор Маркабай Ааматовдун Алгы сөзүн, жооптуу редактор Толукбек Байзактын маегин окуй аласыздар!

