Конституцияга 33 жыл: Баш мыйзам тарыхы… Президенттер тагдыры…

Конституцияга 33 жыл: Баш мыйзам тарыхы… Президенттер тагдыры…

Садыр ЖАПАРОВ: «Өнүгүүдө башкы багыт, негизги таяныч болгон Конституциябыз баарыбызга кут болсун!»

Эгемендик башындагы Баш мыйзамыбыздын кабыл алынганына бүгүн 33  жыл болду. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосу толугу менен төмөндө:

Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу мекендештер!
Сиздерди бүгүнкү мамлекеттик маанилүү майрамыбыз – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
33 жыл мурда Конституциябызды кабыл алып, өз тагдырыбызды аныктап, ошону менен бирге көз каранды эмес мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөп, адам укуктары менен эркиндигин жогорку баалуулуктар деп жарыялаганбыз.
Конституциябыз – эң жогорку юридикалык күчкө ээ укуктук акт.
Ал – улуттук идеологиябыздын булагы жана улуттук иденттүүлүктүн негизги өзгөчөлүктөрүн айкындаган документ. Көп этностуу өлкөбүздө ар бир жаран өзүнүн корголушуна ишенген, биримдик менен туруктуулукту бекемдеген идеялык өзөк болуп саналат. Мына ошондуктан анын ар бир беренесин урматтоо баарыбыз үчүн маанилүү принцип болушу абзел.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү тездик менен өзгөрүп жаткан маалда биздин Конституция өлкөбүздүн укуктук системасынын туу чокусу жана өнүгүүнүн пайдубалы болуп калды, себеби анда улуттун бүгүнкүсү менен эртеңки келечегин аныктаган баалуулуктар сиңирилген.
Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда Конституциябыз заман агымы менен катар агууну, ошол эле маалда улуттук кызыкчылыктарыбызды кошо алып жүрүүнү шарттайт.
Ушу тапта мыйзамдын кол тийбестиги биринчи орунга коюлган демократиялык жана укуктук мамлекетти түзүп, эгемен элибиздин эрки менен кабыл алынган Конституцияны урматтоо аркылуу алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырып келебиз.
Конституциянын ар бир тамгасын жана бийик демин так кабыл алып, бекем сактоо аркылуу кийинки муундарды Баш мыйзамды, элибиздин кылымдарды карыткан бай тарыхын, нарк-насилин жана ак ниет эмгегин урматтоого тарбиялоо – сиздер менен биздин эң башкы милдетибиз.
Конституциянын жоболоруна жана элибиздин кеменгерлигине таянуу менен биз көз карандысыз, коопсуз жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды кура алабыз деп бекем ишенем.
Ар бир мекендешиме чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм.
Сүйүктүү Кыргызстаныбыз өркүндөп өсө берсин!
Өнүгүүдө башкы багыт, негизги таяныч болгон Конституциябыз баарыбызга кут болсун!
Майрамыңыздар менен!
**

Баш мыйзамдын жаралыш тарыхы… Президенттер тагдыры…

«Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт» деген кыргыздын мыкты макалы бар. Жалпы өлкө тарыхынын ичинде ар бир нерсенин тарыхы бар.
Бүгүн өлкөбүздүн Баш мыйзамынын жаралыш тарыхына токтолсок, анын алгачкысын легендарлуу парламент 1993-жылы 5-майда кабыл алып берген. Ошондон бери келген эле бийлик (эл алдында өзүнөн мурунку Конституцияга колун коюп ант берип) ыңгайына жараша өзгөрткөн адат калбай, нечен жолу өзгөрүп, өзгөртүлүп жашап келет…
Баштапкы Баш мыйзам таржымалына келсек, эсил кайран СССР урап бараткандагы Жогорку Совет, 1990-жылы 15-декабрда “Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө” декларацияны, 1991-жылы 31-августта “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” декларацияны жана 1993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алып берген…

Аскар Акаев…

Анан, тунгуч президент Аскар Акаев Баш мыйзамды 1994-жылы өзгөртүп, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлγп, Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Андан кийин токтоно албай 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы өзгөрткөнгө жетиштик…
Баш мыйзамды беш жолу  өзгөрткөн президент 2005-жылдыгы төңкөрγштөн кийин γй-бγлөсγ менен Россияга качып кетип, ошол жакта жашап жатат. Кыргызстанга 16 жылдан кийин келип, суракка алынган. Анда Орусиянын mk.ru сайтына берген интервьюсунда: «Азырынча Россияда эле калам. Анткени бул жерде кызыктуу ишим бар. МГУда механика-математика факультетинде иштейм, көрүнүктүү окумуштуулар арасындамын. Илимий иш үчүн мыктылардын арасында болгон абдан маанилүү. Чыгармачылык кубатым барда МГУдагы ишимди уланта берейин дедим» деген. Тун уулу Айдар Акаевдин сөөгγ да ошол жакта калган. Жубайы Майрам Акаева 17 жылдан кийин Кыргызстанга келип, 104 жаштагы апасын акыркы сапарга узатып кайра кеткен.

Курманбек Бакиев…

Андан кийинки президент Курманбек Бакиевдин  тагдыры да азыр мекен сыртында, Беларуста өтүп жатат. Ал 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен.
Башкы прокуратура маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факт боюнча айып тагылган. Мурдагы президент сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алгандар боюнча тагылган. Бир тууган иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев өмүрүнүн аягына чейин кесилишкен. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.
Бирок Бакиевдер аларга коюлган айыптарды моюндабай четке кагып келет…
Курманбек Бакиев дагы бийлик «салтын» бузбай Конституцияны өзгөрткөн…

Алмазбек Атамбаев…

2010-жылы парламенттик башкарууга багыт алган Конституция кабыл алынган. Апрель ыңкылабынан кийин референдум аркылуу кабыл алынган Конституция 2020-жылга чейин өзгөртүлбөй тургандыгы баса белгиленген эле… Тилекке каршы, андай болгон жок. Андагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Баш мыйзам 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн. Конституцияга киргизилген акыркы өзгөрүүлөр коомчулукта Атамбаевдин жана анын командасынын өзүм билемдиги катары бааланган. Ал алгач президенттик кызматка 2010-жылдагы кандуу Апрель окуяларынан кийин, 2011-жылдын аягында жаңы Конституциянын негизинде шайланып келген. 2017-жылы досу Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоого сүрөп чыгып, тактыга отургузган… Эки достун ортосун кара мышык аралап, эрегишүү тирешүүгө чейин жетип, 2019-жылы 7-августта Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы хан сарайындагы үйүнөн кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адамдар жабыркаган. Кийинки күнү, 8-августта, кармалып, камалган.  9-августта баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, ага Жазык кодексинин «Кылмышка кошо катышуу» (43-берене, 2-бөлүк), «Коррупция» (319-берене, 2-бөлүк) беренелери боюнча айып коюлган. Ошондой эле «Батукаевдин иши» боюнча да айып тагылып, 11 жыл эки айга кесилген. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлктөн ажыратуу боюнча да өкүм чыгарган. Соту азыркыга чейин болуп келаткандай…

Садыр Жапаров…

2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин, Баш мыйзам 2021-жылы 11-апрелде элдик добуш берүү менен өзгөрγп, өлкө президенттик башкарууга кайткан. Соңку референдумга жалпы шайлоочулардын 36,66%ы катышып, катышкандардын 79%дан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, президенттик башкаруу жолун тандап алганбыз. Референдумда колдоо тапкан Баш мыйзамга президент Садыр Жапаров 2021-жылы 5-майда кол койгон…

Бүгүнкү дата эгемендиктеги баштапкы Баш мыйзамыбыз кабыл алынган күн катары кызыл менен белгиленип, жылына салттуу майрамдалып келет. Урматтуу мекендештер, эң кымбат байлыгыбыз Мекенибиз бар экенинин бир кепилдиги Конституция күнү менен куттуктайбыз!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.